«Сахарово» борборунда 200дөн ашык кыргыз жараны кармалып турат

«Сахарово» борборунда 200дөн ашык кыргыз жараны кармалып турат

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москва облусундагы «Сахарово» миграциялык борборунда кармалып турган кыргызстандык жарандардан кабар алды. Омбудсмен институтунан кабарлашкандай, ал айрым учурларды өз көзөмөлүнө аларын билдирди.

«Акыйкатчы бул борбордо убактылуу кармалып турган кыргыз жарандары менен жолугуп, аларды кармоо шарты менен таанышты. Жаманбаева барган маалда миграциялык мыйзамдарды бузууга шек саналып кармалган 209 кыргызстандык болгон. Алардын айрымдарынын ишин, жагдайын акыйкатчы өз көзөмөлүнө алды«,-деп жазылган маалыматта.

Соңку күндөрү Орусияда мигранттарды текшерүү күчөдү. Өткөн аптанын аягында Хабаровск шаарында полициянын рейди учурунда качууга аракет кылган 20 жаштагы кыргыз жараны октон жараат алып, оор абалда ооруканада жатат. Өткөн айдын соңунда такси айдаган мигранттардын жапырт кармалышы боюнча видеолор социалдык тармактарга тарап, коомчулукта кызуу талкууланган.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда ушул тушта бир миллиондон ашык кыргызстандык жаран бар.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.