Садыр ЖАПАРОВ: «Кароосуз калган же каралбай калган пансионаттарды 49 жылга ижарага беребиз»

Садыр ЖАПАРОВ: «Кароосуз калган же каралбай калган пансионаттарды 49 жылга ижарага беребиз»

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү кароосуз калган мамлекетке же мамлекеттик мекемелерге таандык пансионаттар 49 жылга ижарага берилерин бүгүн, 29-августта «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

— Ысык-Көлдүн айлана тегерегинде бүгүнкү күндө ушундай 15 пансионат бар. Булар илгертен бери кароосуз калган же жакшы каралбай келет. Ушул пансионаттарды 49 жылга ижарага беребиз. «Инвестиция салам, мен алам» деген ата мекендик байларыбызды, чет өлкөлүк инвесторлорду чакырам. 3, 4, 5 жылдыздуу мейманкана салып иштетиңиздер. Албетте, салган инвестицияңарды кыска убакта кайра чыгарып аласыңар дегенден алысмын. Бирок 49 жылда 3-4 эсе актайт деп ишенем. «Эмнеге мамлекеттин акчасын салып оңдоп койбойсуңар» деген жарандарыбызды угуп жүрөм. Кудайга шүгүр мамлекетте акчабыз жок эмес, бар. Мамлекеттин акчасын узак мөөнөттө актай турган бизнеске салуу максатсыз. Кимде-кимди кызыктырган болсо Мамлекеттик мүлк фондусуна кайрылсаңыздар болот. Негизги шарттар: алгандан кийин дароо инвестиция салып башташ керек. 3 жылдыздуудан жогору мейманканалар, коттедждер жана башкалар салынышы керек. Субарендага уруксат жок.

Эске сала кетсек, президент ушул айдын башында өкмөт көлдөгү төрт пансионатты өзбекстандык компанияларга узак мөөнөттөгү башкарууга берген. Мамлекеттик мүлк агенттиги бул жайлар мамлекеттин балансында турганын, чыгашалуу болуп келгенин, көпчүлүк бөлмөлөрү начар, авариялык абалда болгонун, жаңылап, оңдоо үчүн ири инвестиция керектигин айткан.

Төрт пансионаттын коңшу өлкөгө берилиши коомчулукта талаш-талкуу жаратууда…

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.