23 жаштагы Айкыз Калмурза кызы жолдошунун ур-токмогунан каза болгону тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы 11-январда билдирген. Алардын маалыматына караганда, кайгылуу окуя Кадамжай районуна караштуу Масалиев айыл аймагында 2-январда болгон. Тергөөдө шектелип маркумдун жолдошу кармалган. Ирелеш айылынын Садыков көчөсүндө баратканда аялы менен уруша кетип, аны муунтканы, ага аба жетпей ошол эле жерде каза болгону аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
23 жаштагы келин угуу жана сүйлөөсү боюнча 1-топтогу майыптыгы бар болгон. Жолдошунун да угуусу, сүйлөөсү боюнча майып. Буга чейин маркум келин жолдошунун ур-токмогуна кабылганы боюнча жакындарына даттанганы айтылган. Маркумдун артында ыйлап алты жаштагы жана үч жаштагы кызы энесиз калды. Бейажал кеткен жаш келинди, балдарынын энесиз өскөнүн эстегенде эт жүрөк тилинет…
Гүлгаакы ЖАКЫПОВА
ЗОМБУЛУККА КАРШЫБЫЗ!
Ушундай кайгылуу көрүнүштөргө кейиген акын Жуса Касиетов социалдык тармакка төмөндөгүдөй макала менен ыр жазды:
— Акыркы кездерде үрөй учурган кылмыштар байма-бай болууда. Жаңылыктарды окуп же көргөндөн заарканат адам. Көп өтпөй дагы бир каргашалуу окуя болду. Кадамжайда алмончоктой жапжаш келин өзүнүн күйөөсүнүн колунан мыкаачылык менен каза тапты. Өмүрлүк жубайларына кантип колдору барат? Аялзатын алаканга салып, бапестеп алчу жигиттердин ордун «канжарынан кан тамган» мыкаачылар ээлеп калабы эми? Бул канчанчы кылмыш? Эмнеге соңку кездери мындай мыкаачылар көбөйдү? Үрөй учурган кылмыштарды болтурбоонун жолдору барбы? Суроо көп айтор.
Кайран келиндер… «Өз элимдин жигиттери» деп ишенип, сүйүп, өмүрлүккө жар кылышпады беле… Бир башын эки, үч кылып уулдарды, кыздарды төрөп беришти эле… Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болот деп баштарын байлашты эле… Чогуу карыйбыз, чогуу сый-урматта жашайбыз деп тилек кылышты эле… Бирок «ушунун колунан өлөм» дешкен эмес. Жаман ойлошкон эмес. Анча-мынча аялдык кылып койгондорун «чоң кылмыш» катары көрүп, теридей тепкилеп, аёосуз сабап, оңой гана өлтүрүп койгон акмактарга эмне дейбиз. Эмне десек жарашат? Ушунчалык жек көрүндү, наадандарга тийешелүү өткүр сөздөр бар бекен… «Жер менен жексенделип, өлсө да көргө батпай, ит, кушка жем болуп, сөөгү талаада калсын» десек да аздык кылаар. Арсыз, алсыз эркек сөрөйлөрдүн гана аялзатына алы жетет. Кокус, колуна курал берип «бар, өлүмгө тике карап, Ата журтуңду, элиңди корго» десе кара жанын аман алып калуунун жолун издеп, кайсактамак. Кечээ эле үйлөнүүгө жетишпей, Мекен чегинде эл-жери үчүн кылчактабай жанын берген жапжаш баатыр жоокерлерибиз өтпөдүбү. Мекенин жанынан артык көргөн ошол жигиттер аман жүрүшсө антташкан сулууларына үйлөнүшүп, татыктуу жар, татыктуу ата болушмак… Аттиң… Ал эми бүтүндөй Мекен эмес, өз айылына пайда келтирбеген «жан бакты, жатып ичерлерден» бүгүнкү мыкаачылык менен жасалган кылмыштардын «каармандары» чыгууда. Алардын күчү аялзатына гана жетет экен. Душманга айбат көрсөтө албаган мажирөө акмактар өз аялдарына, кыз-келиндерге «баатырлыгын» көрсөтүүдө. Алсыз эркек сөрөйлөр аялзатын кордоп, зордоп, тебелеп-тепсеп, канын төгүп, кырчындай кыз-келиндерди жок кылышууда. Аялдарын ошончолук эле жек көрүп, кыжыры кайнай берсе ажырашып кетпейби. Же сөзсүз эле өлтүрүп салуу керекпи… Мырзалар мырзалыгыбыз эмес мыкаачылыгыбыз менен «дүң» болуудабыз соңку кездери. Кайсы бир наадандар «ала качып» барып өлтүрүшсө, кайсы бир наадандар өз жубайларын бычакташты. Дагы бир каңкор аялды бала-чакасы менен жок кылды. Бир мыкаачы жапжаш кызды зордуктап, өлтүрдү. Эми Кадамжайдагы каргаша…
Ар бир үйдө кыз бар. Жакшынакай кылып өстүрүп жатышат. Алар да бой жетет. Турмушка чыгышат. Тилекке каршы баарынын эле тапкан жолдоштору мыкты болбойт тура. Көзүн карап, чачынан сылап, жалынып-жалбарып өстүргөн кызыңды кайсы бир акмак көзүн көгөртүп, чачынан жулуп сабап, ата тегинен бери ашата сөгүп, кордоп жатканын элестетип аза-боюң дүркүрөйт экен… Кудай сактасын ылайым!
Көз алдыма зордук-зомбулуктун курмандыктарынын жадыраган сүрөттөрү тартылууда… Байкуштарым ай… Айчырактай болгон периштелер… Кай бирлери кара жерди жазданса, кай бирлери жарым жан болуп жашоодо. Жанагы, жубайларын өлтүргөн канкорлор кийин уул-кыздарына «апаңарды мен өлтүргөм» деп кантип айтаар экен… Алар да карыйт. Алсырайт. «Аялын өлтүргөн» деп эч бир аял жолобойт кийин. Жек көрүндү болуп, коколой баш жашап жүрүп, кадыр-барксыз өлөөрү турган иш. Акыретте да сурагы жеңил болбос. Жараткандын эң оор жазасына кабылаар… Ошондой болсун!
Мектептер уюштурган кечелерде аялзаты тууралуу жазган ырларымды окуп, жогорку класстагы балдарга аялзатынын жашоодогу өзгөчө ролун кенен түшүндүрүүгө аракет кылып келем. Эмитеден аялзатын сыйлоону, барктоону билишсин деген кичинекей изги максатым. Кыргыздын кыздары дүйнөнү дүңгүрөтүп, спортто, илимде бийиктиктерди багынтууда. Ал эми көпчүлүк жаш келиндер чоң ачылыштарды жасабаса дагы бир үйдүн куту болуп, күйөөсүнүн, балдарынын түйшүгүнө чыдап жашап келишет. Аялдык түйшүктү аркалоонун өзү — чоң эрдик. Жаманыңды жашырып, жакшыңды ашырган жубайларыбызды бапестегенге жарабасак — кимбиз анда? Эч ким эмеспиз. Аялзатынын анча-мынча «кыял-жоругун» көтөрүп, «сен жакшы» деп маңдайынан сүйүп коюп, оокатыбызды кыла берсек — ошол бакыт го.
Мындан ары жогорудагы каргашалуу кылмыштар болбосун деген тилекте, кыргыз элибиздин мыкты аялзатынын, кыз-келиндеринин тагдырын чогуу ойлоп, аларды канатыбызга калкалайлы. Үйдүн куту, жашоонун ак таңы, тирүүлүктүн таалайы, урпактардын улантуучу — ушул аялзаты экенин тана албайбыз. Ал эми боору таш, канкор, жек көрүндү мыкаачылардын өздөрүнө жараша жаза берилээр. Аяганды билбеген акмактарга — сот тарабынан дагы аёо болбосун!