«Каркыра-турналар асмандын тумары, Экөөнүн ырларын экөөбүз угалы»

«Каркыра-турналар асмандын тумары, Экөөнүн ырларын экөөбүз угалы»

Сөзү эл акыны Анатай Өмүркановго таандык «Каркыра-турна ырлары» ыры ушул саптар менен башталат. Үлгүлүү чыгармачыл сонун үй-бүлө — турмуштун да, чыгармачылыктын да жүгүн чогуу тартып, атактуу акындардын ырларына жан киргизип, эл жүрөгүнө жеткире обон салып, кыргыз музыкасына чоң салым кошуп үзүрлүү эмгектенип келаткан Кыргыз эл артисттери Атайбек Бөдөшов агабыз менен Каныкей Эралиева эжебиз 26-майда 50 жылдык юбилейди белгилеп, күйөрмандарына ушундай аталышта отчёттук концерт тартуулаганы турушат.  Мыкты композитор-жубайлардын мыкты обондорун созуп атактуу ырчылар, шакирттери ырдап куттукташат. Атайбек агабыз өзү чыгарган күүлөрүн чертсе, Каныкей эжебиз обон созот. Келиңиз, ушул жакшылыкка чогуу күбө бололу!

Ырга арналган 50 жыл

Элдин колдоосуна ээ болуу, атак-даңкка жетүү оңой эмес. Тузу оор өнөрдүн ылдыйкы тепкичинен жогорку тепкичине өз эмгектери менен жеткен чыгармачыл жубайлар 50 жыл ичинде нотасы менен балдарга арналган ырлардан баштап, төрт жүздөн ашуун ыр-романс, кантата, симфониялык оркестр үчүн, ар кандай музыкалык аспаптар үчүн чыгармаларды, күүлөрдү жаратышты, “Күн балдары” (2008), “Балдар үчүн жылнаама календарь” (2010), “Тандалма обондор” (2019) деп китептерди басып чыгарышты.

Жеке чыгармачылык менен эле алпурушпай, профессор агабыз Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыкалык факультетинде, эжебиз Бишкектеги Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайда мугалим болуп эмгектенип, шакирттерди таптап келатышат.

Мени бир өкүндүргөнү, улуттук музыка айдыңында ушунча эмгек, мээнет кылып келатышканы менен “Эл артисти” наамын аябай кеч алышты, парадокс мына ушунда, Каныкей эжебиз Гүлнур Сатылгановадан кийин, Атайбек агабыз Мирбек Атабековдор менен чогуу алды.

Кийинки муундагы ырчылар басымдуусу ашар (фонограмма менен) концерт коюп, кабаттуу, заңгыраган үйлөрдө жашап, кымбат унааларды минип жүрсө, легендарлуу өнөр адамдары жөнөкөй эле жер тамда, музыка дүйнөсүндө ырга айланган өмүрдү сүрүп келатышат. Атай агабыз үйүнүн алдындагы кенедей бир бөлмөнү музыкалык жай кылуу үчүн ремонт кылып жатканын көрүп ушундай көңүлүм чөгүп, жаркылдаган эже-байкенин баарына шүгүр келтирген жүздөрүн көрүп, капалык шамал айдаган булуттай тарады. Негизи бул адамдар менен баарлашуу, таанышып жакындан билгенден бери мөлтүр булак суусун жуткандай эле мага. Бой көтөрбөгөн, адамгерчилиги бийик, жөкөкөйлүгү менен элге жаккан, сый-урмат тапкан бул инсандардын эмгегин, чыгармачылыгын, баскан жолун жазсак, өзүнчө бир китеп чыккыдай. Андыктан узагыраак баарлашуубузду кийинки учурларга калтырып, сыймыктуу эжебиз менен концерт алдында кыскача маек курдук.

Каныкей ЭРАЛИЕВА: «Атайбек баба дыйкан»

— Эже, “Каркыра-турна ырлары” аталышта юбилейлик концерт тартуулаганы турасыздар. Эмнеге мындай аталды?

— (Күлүп) Атайбек каркыра болсо, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жанында турна болуп мен жүрөм да. Бул ырдын автору — Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов, ага обон салган — Атайбек. Атай баба дыйкан да. Башы ооруса, оорубаса деле, отура калып музыка үстүндө талыкпай иштей эле берет. Кеч жатып, эрте турат. Тээ жаш кезинен керемет обондорду чыгарып, күүлөрдү жаратты.

Ал эмгеги “Тандалма обондор” аталышта чоң китеп болуп 2019-жылы жарык көрдү. Бул чоң ийгилигибиздин бири. Алдыда дагы көптөгөн пландар бар. Аларды да ишке ашырууга далалат кылып жатабыз. Билесиздер, Атайбек экөөбүз биргелешип балдарга арналган “Күн балдары” деген китепти, 2010-жылы “Балдар үчүн жылнаама” ыр-календарын чыгарганбыз. Эми болсо “Атам, апам жана мен” деген балдарга арналган календарды чыгарсак деп пландап жатабыз.

Турмушумда кубат, демөөр берген жакшы жарга туш болгонума кубанам. Мыкты жар, камкор ата. Экөөбүз 1974-жылы баш кошконбуз. Түтүн булатып, эки уул, бир кыздуу болуп, эми небере жыттап музыка дүйнөсүндө келатканыбызга 50 жыл болуптур. Ушул жыл аралыгында эмне деген гана кыйынчылыкты көрдүк: бар-жок, ач-ток, бут тосуу, көралбастык… — ушунун баарын көгөрүп отуруп жеңип, акырындык менен ийгиликке жеттик.

Жергебизде биз барбаган жер, айыл калган жок. Жаштыгыбызда гастролдоп дөңгөлөк үстүндө эле жүрдүк. Артка кылчайсак, жылдар кубалашып 50 жылдык келип калыптыр, юбилейди эл менен кошо белгилеп отчёттук концерт берип коёлу деп чечтик. Буйруса, биз жараткан обондорду атактуу ырчылар Султан Каримов, Шахрезада Аскарова, Гүлнур Сатылганова, Айчүрөк Иманалиева, Жайнагүл Калчаева, Рая Нургазиева, Токтобүбү Черикчиева, Салима Балтаева, Чырмаш Төрөбеков, Гүлмира Жолдошова, Айбек Касымов жана Атайбек менен менин шакирттерим ырдашат.

— Филармония ижарасы кымбат экенин баарыбыз эле билебиз, андан башка да олуттуу чыгымдар бар да, сиздерге кол кабыш кылган демөөрчүлөр болдубу? Же жеке мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жатасыздарбы?

— Туура, концерт өткөрүү чоң каражатка барып такалат. Филармонияга 100 миң сом, оркестрге өзүнчө, андан тышкары сахна кийимдери дегендей чыгымдар көп. Анын баарын билеттер өтүп кетсе, ошо менен жабабыз го деп турабыз. Кыргыз элим, биздин күйөрмандарыбыз концертке келип колдоп беришсе эле болду…

Таланттуулардын балдары таланттуу болушат деп көп айтылып калат. Өзүңүздөрдү да музыка табыштырган экен. Уул-кыз, келиндер чыгармачылык жактан кандай?

 

— Мен өзүм 18 жашымда турмуш туткасын кармадым. Анда Атайбек 23 жашта эле. «Убакыт зымыраган куш» дегендей, ошол күлгүндөй курактан бери 50 жыл өтүптүр. Бул жылдарда чыгармачылыкты таштаган жокпуз, жакшынакай уулдарды, кызыл алтын кызды таптык. Уулубуз Арлен аранжировка жагынан жардам берип келет. Ал 5 жашында фортепианодо, 7 жашында скрипкада ойноду. Фортепианодо 12 трек чыгарган. Алгач М.Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда, кийин Кыргыз улуттук консерваториянын скрипка классында окуду. А.Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрде, Бишкек мэриясынын алдындагы симфониялык оркестрде иштеди. Кызым алгач опера жагын тандап, кийин кызыгуусу өзгөрүп, милиция жаатына иштеп кетти. Эки уулум тапкан эки келиним тең жакшы чыкты. Жакында эле Кара-Кулжанын кызын алдык. Келиндерибиз чыгармачылыгыбызды колдоп турушат. Жашообуз кудай шүгүр, Алла Таалам ушуну кут кылсын!

— “Биринчи коңгуроо” жана “Акыркы коңгуроо” обондуу ырларыңызды бүгүнкү күнү ушул ырлар менен чоңойгон балдарыңыздын балдары, неберелериңиз угуп торолуп жатат. Мына, эртең Кыргызстандагы бардык мектептерде салттуу түрдө «Акыркы коңгуроо» ыры жаңырат. Биздин өлкөдө ушул күндүн гимнине айланган ырлардын жаралышына токтолсоңуз…

— Баарыбыз эле биринчи класстын босогосун аттаганда, албетте, сөзсүз эле биринчи коңгуроону угабыз да. Ошондон улам Сулайман Рысбаевдин ырына обон чыгаргам. Ал эми акыркы коңгуроого, 8-классты бүтүрүп эле музыкалык окуу жайга тапшырып кетип, өзүм катышпай калгам. Классташтарым менен акыркы коңгуроого катышпай калганыма өкүнүч кылып, окуучулук күндөрдү сагынып, классташтарга гүлдесте кылып обон жараткам. 70-жылдардын аягы, 80-жылдардын башында баарыбыз үзбөй окуган, мен-мен деген акын-жазуучулардын ырлары жарыяланып турчу «Ленинчил жаш» гезитине Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов агабыздын бир топ ырлары басылган эле. Көз жүгүртүп окуй калсам эле, ошол ырлардын акыр жагында «Акыркы коңгуроо» деген ыр жүрөт. Сөздөрү көңүлүмө кыт куйгандай уюп ушунчалык жагып калды. Анан «Агай, ушул ырыңызга дагы куплеттерди кошуп жазып бериңизчи» деп Анатай агайга кайрылдым. Суранычымды четке каккан жок, куплеттерди кошуп жазып берди, обон да дароо жаралды, кыйналган жокмун, бир отурганда эле жазылды. Жолдошум Атай аранжировкасын жасады. Эки күндө эле даярдап, радиого жаздырып койдум. Элге аябай жагып, ырдалып кетти. «Жакшы ырдын өмүрү узун болот» дегендей, абдан кубанычтамын, ушул убакка чейин эл оозунан түшпөй ырдалып жашап келатат…

Алгачкы «Акыркы коңгуроо» качан, кайда кагылган?

Маалымат үчүн айта кетсек, тарых булактары күбөлөндүргөндөй, баарыбыздын окуучулук күндөрүбүздүн жыйынтыгы болгон “Акыркы коңгуроо” тарыхы СССР аймагында тээ 40-жылдардын биринчи жарымында жаралган. Так айтканда, алгачкы «Акыркы коңгуроо» дабышы мындан 76 жыл мурун жаңырган экен

Бул күндүн тарыхый башаты Кубань жергесинен башталат. Бул күндүн автору Федор Федорович Брюховецкий деген краснодардык жаңычыл педагог болгон. Айтымында, ал айтылуу педагог А.С. Макаренконун жамааттык иштерди уюштуруу идеяларын жетекке алып, алгач өзү директорлук кылган мектепте “Билим күнү”, мектеп босогосун жаңы аттаган бөбөктөр үчүн  “Биринчи коңгуроо”, мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр үчүн “Акыркы коңгуроо” сындуу мектептик салт-жөрөлгөлөрдү уюштурат. Бул майрамдык маанай бара-бара баарына жагып, алгач жакынкы мектептерге, кийин бүткүл союз мейкиндигине тарайт…

Фёдор Брюховецкий ким болгон? Ал Россиянын мурда Екатеринодар, азыр Краснодар деп аталган жерде туулган. Краснодар педагогикалык институтун бүтүрүп, 1943-жылы 28 жашында ошол жактагы №12 мектептин директору болуп калат да, өтө оор — Улуу ата мекендик согуш маалында жакканга отуну жок бул мектепти СССР педагогика илимдери академиясынын Педагогика тарыхы жана теориясы илимий-изилдөө институтунун тажрыйба аянтчасына айлантканга жетишет. №12 мектепке киргизген жаңылыктары советтик билим берүүнүн мыкты тажрыйба-үлгүлөрүнө айланып, учурда да пайдаланууда келаткандары да бар. Фёдор Брюховецкий өз ишинде бардык жаш курактагы окуучуларды, мугалимдерди, ата-энелерди бириктирген, жакындаткан иш-аракеттерге өзгөчө көңүл бурган… Ушундай ой-максат менен жаралган АКЫРКЫ КОҢГУРОО майрамы АЛГАЧКЫ ЖОЛУ Краснодарда 1948-жылы 25-майда өткөрүлөт. Бул күндүн башкы максаты — окуу жылын бүтүрүүчүлөрдүн да, башка окуучулардын да эсинде калгыдай салтанаттуу жыйынтыктоо болгон. Ал үчүн бардык окуучуларды жалпы линейкага тургузуп, биринчи класстын окуучулары мектепти аяктап жаткан окуучуларга эмгек сабагында өз колдору менен жасаган белектерин, эмгектерин тартуулашкан. Ал эми бүтүрүүчүлөр мектеп тегерегине бак-дарак отургузууну салтка айлантышкан. Азыр бул жөрөлгөлөр кылынбаса да, мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Акыры коңгуроо” салтанаты сөзсүз коңгуроо кагылып өтүп келатат…

Айтмакчы, башта айткандай, “Акыркы коңгуроо” Фёдор Брюховецкийдин мектебинде жаралган жалгыз майрам эмес. Бул мектепте “Букварь менен коштошуу” (бизде “Алиппе менен коштошуу”), жаңы окуу жылынын башталышындагы “Билим күнү” сындуу салттуу майрамдар да жаралган

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.