Эрнис Асек уулунун Анкарада жарык көргөн ырларын ким которгон?

Эрнис Асек уулунун Анкарада жарык көргөн ырларын ким которгон?

Жакшы кабар! Жакшы адамдар!

Жакшы адамдардан жакшы кабар угуу кандай жакшы…

Кыргыз эл жазуучусу, Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан РАЕВдин: «ТҮРКСОЙдун колдоосу менен Анкарадан улуттук адабиятта чагылган огундай бир жанып, түбөлүккө из калтырып кеткен залкарыбыз Элмирбек Иманалиевдин, кыргыздын өзгөчө ойлоп, дүйнөнү өзгөчө кабылдаган акыны Эрнис АСЕК уулунун ыр китептери түрк тилинде жарык көрдү…» деген жакшы кабарды «Фейсбуктагы» баракчасына 22-майда жазыптыр…

Эрнисти оозунан түшүрбөй, каерде болсун чыгармачылыгын баса белгилеп айтып келаткан Улуттук жазуучулар союзунун мурдагы жетекчиси, мыкты акын Нурлан Калыбеков жогорудагы жакшы кабарды Вотсабыма салып куттуктаса,  кубанганымды айтпагыла эми…

Учурдан пайдаланып Нурландын дагы бир жакшы кабарын жаза кетейинчи: «Казакстанга проза, поэзия, балдар адабияты боюнча чыгармачыл адамдардын ар биринен 13төн авторду бердим. Өзүмдү чийдирип, ордума Эрнисти коштуруп койдум. Ар бир автордун өз-өзүнчө китептери чыгат» деп эки ай мурун, 26-мартта жазды эле…

Ал учурда жетекчилик кызматын өткөрүү алдында болчу, түйшүгү түмөн болсо да, Эрнисти эстен чыгарбай, «Өлүп, бирок жашай берчү өмүр» деп эл акыны Эсенгул Ибраев жазып кеткендей, анын экинчи өмүрүн — чыгармачылык өмүрүн узартып жатканына ыраазы болдум. Нурландын дарегине: «Талантты сыйлаган адам ушундай болот. Дос деген ушундай болот!» деп  кайталап айткандан жадабайм.  Анткени, М.Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романынын котормосу дагы Нурландын арты менен жарык көрүү алдында турат. Баса, Эрнистин бул котормосунун жана «Каалга» ыр китебинин баш сөзүн Султан Акимович жазган.

Султан агабыз да сөзүнө турган чоң тамгалуу адамдын бири. 2020-жылдын 29-январында күтүүсүздөн Эрнистен ажырап калганда, куран окутууга келип, «Чет өлкөдө жүрүп ушундай жаман кабар уктум. Жаңы эле самолёттон түшүп, түз эле келдим. Кейибе, Назира, артына таштап кеткен чыгармаларын чыгарабыз. Китеп чыгарууга жардам берем» деп сөз берген эле. Сөзүнө туруп, жолдошумдун чыгармаларын түрк тилине оодартып, түрк тилдүү чыгармачыл чөйрөгө таанытып жатат. Алгач «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» жыйнагына үч ырын киргизип, Кыргызстанга келип ал топтомдун да бет ачарын өткөрдү.

Эми минтип түрк тилинде чакан «IÇ ÇEKIŞ» тандалма ырлар жыйнагы Анкарадан жарык көрүп отурат. Султан агабыз телефон чалып: «Эрнистин түрк тилине которулган ырлары жакында китеп болуп чыгат» деп мени кабардар кылган жыл башынан бери (5-январда)  чыкты деген коңгуроо качан болор экен деп күтүп келаткам. Күткөн күн да келди. Чыкты дешти. Буйруса, жакынкы күндөрдө колубузга да тийип калар деп турабыз…

Котормочу ким?

Чыгармачылык чөйрөдө журналист, котормочу Мээрим Сайдилкан кызы (Meerim Saidilkan) деген керемет бир кыз бар. Жогорудагы
жакшы кабарды уккандан бери «котормочу ким?» деп менден сурагандар көп болду. Таанышып коюңуздар, ал түрк тилинде түш жоруган ушул алтындай болгон кесиптешибиз. Мээрим да былтыр телефон чалып, «Эрнис байке менен Зайырбек Ажыматовдун ырларын түрк тилине которгонго мага тапшырма берилди» деген эле. Мээримдин айтымында, Зайырдын китеби да Түркияда басмаканада басылууда…
Айтмакчы, Мээрим буга чейин Түркияда эң көп окулган журналдарга Эрнистин ырларын түрк тилине которуп чыгарып берген:  «Чарчаган көз» «Güfte Edebiyat» маданият журналына, «Үшкүрүк» , «Арал» ырлары Kültür Çağlayanı журналына жарыяланган эле.
Баса, Мээрим жогорудагы китептер, буйруса, июнда колго тиерин айтты…

Талантты сыйлагандарга таазим! 

Султан Раев Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы болуп келгенден бери бир топ алгылыктуу иштерди жасап, кыргыз акын- жазуучуларынын чыгармаларын түрк тилине котортуп, китеп кылып чыгартты. Тизмектеп санаганга да үлгүрбөй калдык. “Чыңгыз Айтматов жана мифология дүйнөсү”, Касым Тыныстановдун “Касым ырлары”, “Сырдуу акын Жолон Мамытов” котормолорун мисалга алып, олуттуу кандай эмгек жасалып жатканын түшүнсөк болот.

А биз өз кезегибизде, жолдошумдун чыгармачылыгын терең түшүнүп, Түркияга чейин атын таанытып, ырларын жайылтып жаткан жакшы адамдар турганда, Эрнистин экинчи өмүрү узун болот деп ойлойм. Бар болуңуздар, жакшы адамдар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.