«Мастер менен Маргарита» романы кыргыз тилинде жарык көрдү!

«Мастер менен Маргарита» романы кыргыз тилинде жарык көрдү!

Уникалдуу да, чуулгандуу да роман…

Орус жазуучусу, драматург, врач, театр режиссеру Михаил Булгаков (1891-1940) уникалдуу да, чуулгандуу да бул чыгармасын 1928-жылы жазып баштаган. Булгаков каза болгондон кийин анын архивинде романдын баш-аягы сегиз редакциясы болгонун такташкан. Алгачкы версиясынын «Копыто инженера», «Чёрный маг», «Жонглер с копытом», «Сын В(елиара?)», «Гастроль (Воланда?)»  сындуу түркүн аталыштары болгон. Айтымында, автор «Кабала святош» деген пьесасын коюуга тыюу салынган угуп, 15-главага чейин жазып бүтүп калган биринчи версиясын автор 1930-жылы 18-мартта өрттөп салган.

1931-жылы чыгарманы кайра калыбына келтирүү аракетин баштап,  Маргарита жана мастер тууралуу баянды кошуп романдын экинчи редакциясын бир таштап, кайра улантып отуруп 1936-жылга чейин жазган. Бул сапар да аталышы  «Великий канцлер», «Сатана», «Вот и я», «Шляпа с пером», «Черный богослов», «Он появился», «Подкова иностранца», «Он явился», «Пришествие», «Черный маг» , «Копыто консультанта» деген ар кандай вариантта болгон.

«Мастер жана Маргаританын» 1936-1937-жылдары башталган үчүнчү редакциясы алгач «Князь тьмы» деп аталып, кийин автор «Мастер и Маргарита» аталышына токтогон. Толук бүткөн вариант катары чыгарма 1938-жылы 19-сентябрда машинкада терилип баштап, автордук оңдоп-түздөөлөр жазуучу каза болордон 4 ай мурун токтогон. Жазуучу, тилекке каршы,  китебинин жарык көрүшүн өзү көрбөй калган: 1940-жылы 13-февралда атасын да алып тынган нефросклероз оорусунан көз жумган.

Алгач чыгарма 1966-1968-жылдары “Москва” журналына көп окуялары кыскартылып сандан-санга жарыяланат. Романдын эч кандай кыскартуусуз толук варианты китеп болуп 1969-жылы Германияда жарык көрөт. Аны Батыш Германиядагы орус эмигранттары негиздеген «Посев»  басмаканасы басып чыгарат. Советтер союзунда болсо китеп мурда тыюу салынган чыгармаларды басып чыгарууга бийлик уруксат берген 1973-жылы гана толук басылып чыгат.  

Жазылышы да, жарык көрүшү да кыйла кыйынчылыкка турган романдын мазмуну да чынында эле өтө оор жана татаал, анын түпкүлүгүн түшүнүү да кыйла кыйын… Бирок, түшүнгөн кишиге бул китепте жакшы менен жамандын бардык тарабы камтылган: ак-кара, чындык-калп, Кудай-шайтан, жолдон адашуу, пендечилик, ойноштук, ач көздүк, паракорлук, уурулук, киши өлтүрүү… Кыскасы, М.Булгаков ар заманда болуп келген окуяларды, көрүнүштөрдү башкача өңүттө чагылдырып бере алган…  Роман журнал бетине чыккандан кызыгууну жаратып, океандын ар жак-бер жагында бир топ тилге которулган.  Окурман булгаковчулар жана булгаков таануучулардын эсептөөлөрү боюнча, журнал бетине чыккандан алгач китеп болуп басылган убакыт (1966-1973) аралыгында эле англис (эки жолу), болгар, венгр, голланд, грузин, иврит, испан, италия (эки жолу), македония, немис (эки жолу), норвег, поляк, португал, серб, словен, түрк, фин, француз, хорват, чех, швед, эстон жана япон сындуу 26 тилге которулган. Булгаковдун бул чыгармасы бүгүнкү күндө көп тилге которулган жана көп окулган чыгармалардын катарына кирет…

Орто Азия боюнча биринчи жолу которулду!

Анткен менен, Орто Азияда роман алгачкы жолу  которулуп отурат:  Кыргызстанда кыргыз тилине которулуп, миң нуска менен «Улуу Тоолор» басмаканасында жарык көрдү. Аны которгон — журналист, акын, котормочу Эрнис АСЕК уулу (1970-2020). Жолдошум көз майын коротуп, жүрөгүн казык кылып сайып, ар бир сөзүн таразалап, ар бир сөзүндө жашап атактуу Булгаковдун “Мастер и Маргарита” романын эки айда которуп, мукабасын да өзү жасап, баарын даярдап, «Турар» басмаканасына 2019-жылы июнда тапшырып, аны жети ай зарыгып күттү эле…

“Турар” басмасынын директорунун андагы жетекчиси, меценат, жеке ишкер Тилек Мураталиев: «Эрнис, бул котормоңо баш сөз жаза турган адам тап. Типографияга тезирээк алып кел, мен китепти чыгарып, анан бет ачарын да кылып берем. Андан көрө сен он кишиге котормоңду салып кой. Алар окуй берсин, китеп чыкканда аларды чакырып оюн угабыз. Бул котормо баасын алыш керек!» деп кубанып, жолдошумдун котормосун сурап алган. Анан эле бир күнү: «Эрнис, мен Булгаковдун мураскерлеринен уруксат кагазын ала албай жатам, алсам эле китепти чыгарам. Сен кам санабай тура тур!» деп чалган эле. Ошентип арадан жети ай өтүп, тилекке каршы, 2020-жылдын 29-январында Эрнис каза болуп калды. Тилек байке көңүл айтып чалды, китебин чыгарып берем деди. Анан эле куураган коронавирус башталды. 20-августта Тилек байкебизден да ажырап калдык. 2021-жылы Тилек байкенин инилеринен Эрнистин котормосун кайтарып алдым. Айрымдар демөөрчү таап беришти, бирок макул деген боюнча жоопсуз кетишти.

Автордук укук боюнча Москвага кат жазып, Булгаковдун мураскеринен уруксат алыш керек, кимге  кайрылам деп журналист, акын, котормочу Жыргалбек Касаболотовго кайрылсам, ал «Россиядагы автордук коомдун жана Жазуучулар союзунун жетекчисине кат жазсаң, Булгаковдун мураскерлерин ошолор таап берет» деди. Аларга кат жазсам, Булгаковдун мураскери Сергей Шиловский-Булгаковго жиберишсе керек, эртеси эле андан почтама төмөндөгүдөй жооп келди:

«Уважаемая Назира,
Наследники авторского права писателя М.А.Булгакова, не возражают против публикации романа « Мастер и Маргарита» на киргизском языке.
Финансовые условия у нас для всех одинаковые — 10% от цены тиража, выплачиваемые при подписании договора
Пусть Издательство, которое будет осуществлять публикацию, свяжется со мною и мы заключим надлежащий договор»

С уважением, С.С.Шиловский

Күткөн күн келип…

Котормонун убакыт-сааты барып-келип ушул жылга туура келиптир. 27-майда жолдошумдун котормосу жарык көрдү. Чыкканына кубандым… өзү жоктугуна, өзү көрбөй кеткенине кайгырдым… кайрадан жүрөк канады…

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук жазуучулар союзу биргеликте 50 китеп чыгарышты. Алардын арасында дал ушул Эрнистин котормосу бар. 50 китептин тизмесине котормону кошкон Жазуучулар союзунун мурдагы жетекчиси Нурлан Калыбеков.

Мамлекет тарабынан чыгарылган китептер сатыкка чыкпай, республика боюнча китепканаларга таратылат экен. Андыктан бул котормону китепканадан окуй аласыздар. Кайталанып жарык көрүп калаар…

Баса… 

Китептин баш сөзүн Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев жазган. ШИЛТЕМЕде.

Кыргыз улуттук университетте Эрнисти окуткан мугалими, Филология илимдеринин доктору, профессор, академик Кубан Мамбеталиевдин пикири да китепке киргизилди. «Кыргыз окурманы үчүн бул китеп табылга болду» деп Эрнистин агайы жазгандай, Кыргызстан үчүн чоң табылга, сыймык. Султан Раев жазгандай, «окурман үчүн Эрнистин артында калтырган табериги»…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.