Москвада 6 миң рублга сатылган «Тамчы»… Аны ким сатып алды?..

Москвада 6 миң рублга сатылган «Тамчы»… Аны ким сатып алды?..

Алайлык акын алыска кетип…

Москва шаарында жашап, иштеп жаткан алайлык акын, беш баланын энеси Максатай Исакова өткөн айдын этегинде (28-июлда) «ТАМЧЫ» аттуу поэзия кечесин жогорку деңгээлде ийгиликтүү  өткөрүп алды. Бул тууралуу эжебиз менен байланышканда билдик.

Акын эжебиз менен Вотсап аркылуу байланышып, азыноолак маек курдук. «Китебимдин ачылыш аземи аябай жакшы өттү… мен күткөндөн да өзгөчөлүү болду» деп айтып баштаганда эле, эйфория, эмоциясы дагы деле ар бир сөзүнөн билинип турду.

Анда эмесе, акын эжебиз менен болгон суроо-жооп баарлашуубуз төмөндө…

Максат ИСАКОВА: «Турмуштун айынан Россияга келдик да…»

“Төрөлдү ыр саптарым/, Жан дүйнө тамчысынан!” деген саптарды кайсы бир ырыңыздан окуп калдым эле. Поэзия кечеңиз ошондон улам “Тамчы” деп аталды го деп ойлоп жатам…

— Ооба, туура байкапсыңар, ошондой. Ал ырымдын толугу мындай:

Түйшүктүн баскычынан,
Тирүүлүк тапкычынан,
Тагдырдын запкысынан,
Жазылды көп ырларым,
Көз жаштын тамчысынан!
Үмүттүн ачкычынан,
Учурган бактысынан,
Жүрөктүн жартысынан,
Айтылды арзууларым,
Сүйүүнүн таттуусунан!
Пейилдин тазасынан,
Пенденин арасынан,
Агынан-карасынан,
Айыкты эски дартым,
Ириген жарасынан!
Жүрөктүн кагышынан,
Дүкүлдөп согушунан,
Тыңшаган добушунан,
Сыйкырлуу түндөрүмдү,
Сактадым жакшысынан!
Жашоонун камчысынан,
Аруулук жарчысынан,
Сезимдер тыбырчылап,
Төрөлдү ыр саптарым,
Жан дүйнө тамчысынан!

Ырымда жазылгандай куралган алгачкы китебимди «Тамчы» деп атадым. Анын ичинде көз жаштарымдын тамчысы,  тыбырчылаткан сезимдеримдин тамчысы, көөдөнүмдө көлкүлдөп агып аткан жан дүйнө, жашоо, турмуш тамчылары бар. Тамчыдай тунук, тамчыдай ташты тешкен, тамчыдан күчтүү нерсе жок деп ойлойм.

— Поэзия кечеңиз эмне себептен Кыргызстанда эмес, Орусияда өттү?

— Атаганат, көр тирилик жашоо да! «Алпейим Мекенимден орун таппай/, Дагы да чет-жакага жол аттандым/. Бардыгы өз нугуна айланат деп/, үмүттөн өзүмдү өзүм мен алдадым» дегендей, өп-чап, жетип-жетпей жашаган жашоонун айынан Орусияга келип отурукташып, аз да болсо оокатымды кылып жатам. Бирөөдөн сурасаң карыз болосуң, кайра аны кайтара албай каласың… абийир сотуңа жооп беришиң керек да. Алым-күчүм барда жакындарыма оордугумду салбай, өз мээнетим менен эңсеген ойлорума жетүү үчүн миграцияны тандап алгам. Кудайга шүгүр, материалдык жактан кенен-кесири эле… Ушул жагы да түйшүккө салбай поэзия кечем абдан жеңил, жогорку деңгээлде өттү. Кыргыз калкымдын кең пейилдиги, мусаапыр болуп желкесине тиричиликтин куржунун асынып өз жүгүн көтөрүп жүргөн мигранттарына колдоо көрсөтүп турган кыргыз элим бар экенине кечээги чакан поэзия кече далил болду! Поэзия кечеме Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясынын өкүлчүлүгүнүн жетекчинин орун басары Майрам Мамбетова жана Гүлбарчын Байымбетова, КРУЖСНУН мүчөсү, акын, Кыргыз диаспора кеңешинин төрагасынын орун басары, «Мол Булак» микрокредиттик компаниясынын кыргыз тили бөлүмүнүн башкы редактору Зарыл Өмүралиева, «Я деловая женщина» журналынын редактору Гүлжан Давлетбековна, Москва Кыргыз маданият борборунун жетекчиси Гүлшайыр Мурзабаева,  «Аруу Дүйнө» адабий клубунун негиздөөчүсү, жетекчиси, КРУЖСНУН мүчөсү Айжан Мамасадыкова, «Москва кайрыктары» адабий клубунун редактору, коомдук ишмер Жамал Саабаева, «Жаш калемгерлер» тайпасынын активдүү мүчөсү, психолог, оратор, «Тамчы» китебиме редактор болгон Арстанбек кызы Нуржамал, поэзия сүйөрмандары, күйөрмандарым жана оорумду колдон, жеңилимди жерден алган Арзы Смайлов катышты. Ушул мырза аукционго коюлган китебимдин баасын көтөрүп отуруп, 6000 миң рублга сатып алды.

— Демөөрчү да болдубу?

— Поэзия кечеме демөөрчүлүк кылган бул балдарым. Ар дайым колдоп, жандап келишет. Кыргызстанга өткөрсөм да колдошот. Жаратканымдын нуру жааган күнү деп, өз өлкөмө да поэзия кечемди өткөрүүнү пландап жүрөм. Кудайдын буйруган күнү болуп калар. Поэзия кечеме катышкандар да «эмкиси Кыргызстанда өтсүн!» деп бата беришти. Учурдан пайдаланып, мени колдоп келген бардык конокторго, бийлеп, ырдап берген таланттарга, ырларымды көркөм окуган жаштарга терең ыраазычылык билдирип, төмөнкү ырымды арнайм:

Төгүл чачыл пейилиңден кагылайын,
Кыргыз калкым, салтыңа мен жалынайын.
Талаа түздө жүк көтөргөн бир кызынын,
Кубанычын тең бөлүшкөн элим бар экенсиң.
Мен силерге таазим кылып жүгүнөмүн!

— Ыр жазып калганыңыз кимден, ата-эне жактанбы? 
— Ооба, атам ыр жазчу. Апам да жөн сүйлөчү эмес, макалдап сүйлөчү. Андыктан менин ыр жазуума ата-энем себепкер деп ишеничтүү айта алам. Бейиши болгурларым, азыр көздөрү тирүү болгондо, менин ийгиликтергиме жетине албай кубанып, төрүмдө отурушмак.

— Балдарыңызчы, ыр жазганы барбы?
— Балдарым китепке жакын болушту, китепти көп окушат. Бирок ыр жазгандарын байкай албадым. Балким неберелеримден чыгар деп коём.

— Ыр жазуунун да учуру болот да. Канча жаштан калем кармадыңыз, кимге таасирленип, кимди кумир туттуңуз?

— Атам да ыр жазчу деп жогоруда айтпадымбы. Кезинде улуу, залкар акындар менен  алакада жүрүп калган жайы бар эле..

Ал эми кумирим — Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев. Залкар акыныбыздын 90 жылдыгына карата «Байдыкеме бир собол» деген ыр да жазгам.

(Күлүп) Ооба, бул поэзия дүйнөсү ачылса, сенин жашыңа деле карабайт экен. Окуучулук 3-4-класс кезде «Кыш кетти, жаз келди/, Айланага жашыл көрк берди» деп чиймелеп жазгандарым эсимде. Бой тартып жетиле баштаганымда сүйүү саптары жазылды, бирок, эч кимге окутпай катып койчумун.
Анан студент болдук, жогорку билим алдык. Ушул студенттик күндөрдө да ыр төгүлдү… бирок, аларды да эч жакка жарыялаган жокмун. Анан турмуш туткасын кармадым. Ошо менен ыр жазуум да токтоду! Москвага келгениме тагдырымдын талкаланганы да себеп болду, аны жашырбайм!

— Бөтөн жер, бөтөн элде, маданиятын мындай кой, аба ырайы, тамак-ашы, суусуна көнүү оңойго турбайт го. Сизде кандай болду?
— Жашоо нугуна түшүп алсаң жеңил эле. Аба ырайы өзгөрүп турат, асманы булуттуу. Тамак-ашы биздин кыргыз даамдарыбызга караганда өтө жеңил!
Маданият жагынан алдыда, көп жерлерин көрдүм, араладым. Адабиятты абдан баалашат, китепканалардан китеп сүйүүчүлөрдү көп көрдүм. Жолдору таза. Дараатканасынын тазалыгы эң биринчи орунда турат! Дарек издеп убара болбойсуң. Кайсы жакты издесең, картасы чийилген көрсөтмөлөр илинип турат. Эми сөз менен айтып жеткире албайм, «Миң уккандан бир көргөн» дегендей…көз менен көрүү керек!

— Анан ыр курап калем кармоого кайра качан кайттыңыз?
— Кийин жашоомдо өзгөрүү болуп, ушу Россияга жол тартып учакта келатканда… жазган ырым ыр сапарыма кайрадан жол ачты.

Бир баламдан ажырап калып боздоп калдым… жоктоо дартымды ичиме катып, айласыз жашап жүрдүм… анан уулумду кыйнабайын деп чыгармачылыгыма кайттым, ыр жазып алаксып жүрөм… Энеден баланы ажыратпасын! Эч бир эне баласынан эрте айрылып ыйлабасын! Жоктоо дарты ичимде жүргөн үчүн силер, «Алакан» сайты уюштурган эстафетага залкар акыныбыздын «Мидинге кат» ырын көркөм окуп бербедимби…

Эргүү көбүнчө кайсы учурда келет: кубангандабы же кайгыргандабы?

— Эргүү ар кимге ар кайсы учурда келет экен. Мага көбүнчө жолдо жүргөндө, сапарга чыкканда келет… кайгырганда, сүйүнгөндө жаным жай албай оголе көп тыбырчылайм…

— Четте жүргөн адамды ушак-айың көп ээрчийт эмеспи… Ушакка кабылсаңыз керек?
— Ушактын далай запкысын тарттым го, чиркин! «Актоо эмес, тактоо» дегендей, өз чындыгымды тактап айтып далилдейм деп убаракерчиликтин азабын аябай тарткам… Азыр эл оозунда элек жок экенин так билип калдым. «Айткыла, мен жөнүндө узун ушак кеп, ким сүйлөсө сүйлөй берсин» деп артымдан айтылган сөздөргө маани бербей калган кезим. Ар бир нерсени ыр менен айтууга өттүм. Мына, жакында эле «Жашынбайм эми көргөндөр дагы айтышсын/, Ансыз да өмүр чабдарын минип камчылайт!» деп ыр жаздым эле.  Ал ырдын толугу мындай:

ЖҮРӨКТӨН СҮЙҮҮМ ТАМЧЫЛАЙТ
Жашынып сүйүп, жашырып каттым сүйүүмдү.
Эмнеге катам, жүрөктө болгон сезимди.
Сүйбөсөм деле сөз кылган мени баягы,
Сүйдүм деп айтып, ачылган эшик баяны!
Төлгөсү түшүп арзуунун таңкы аяны,
Унтулду көксөө ыйлаган кездин азабы.
Табышкан кезден жүрөгүм менин айыкты,
Жан дүйнөм чексиз көрүнбөй баш аягы!
Үшүгөн кезде табыңа мени табынтың,
Кечигип кезде күттүрүп, мени таарынттың.
Кечиккен сүйүүм, кечигип абдан жолугуп,
Артымда калган үлбүрөк кезди сагынттың!
Шыбырап сезим ырларым жүрөк тепкилейт,
Эргиген көөдөн сүйүүдөн тамчы тамчылайт.
Жашынбайм эми көргөндөр дагы айтышсын,
Ансыз да өмүр чабдарын минип камчылайт!
Ырымда калсын түгөнгүс болуп аягы,
Айтылып жүрсүн, сүйүүнүн бүтпөй баяны!

— Азыр акын-жазуучу көп. Топ-топко бөлүнүп алып эле иш-чара өткөрүп жатышкандай көрүнүштү көп байкайм. Сиз дагы кайсы бир топтосузбу?

Сүрөттө: Бүбүсара Аруужан Калыкова менен Айгүл Тоголокова

— Ооба, туура, азыр топ-топко бөлүнгөн акын-жазуучулар көп. Мисалы, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков агайдын демилгеси менен «Элдик китепкана» клубу түзүлгөн болчу. Ушул клубдун алдында ачылган бир топ жамаат бар. Анын бири — «Умай Эне», анда он киши мүчө. Алардын арасында төбөсү көрүнгөн акындарыбыз бар, алар: Бактыгүл Чотурова, Бүбүсара Аруужан Калыкова, «Улуу тоолор» басмаканасынын ээси Жумадин Кадыров.

Сүрөттө: Фарида Эркулова

Калемгерлер Фарида Эркулова, Айгүл Тоголокова биздин жамаат боюнча жигердүү иш алып барууда.
Ал эми «Элдик китепкана» боюнча айта турган болсом, ар бир айдын он үчүндө Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы №1 шаардык китепканада үч муундун акындарын чакырып, поэзия сүйүүчүлөрдүн ортосунда жолугушуу өткөрүп, жакшы иш алып барышууда. Мындан тышкары, «Өз ара жардамдашуу» программасы боюнча клубдун да мүчөлөрү жакшы иш кылууда. Алар ар ай сайын ортого акча салып турууну колго алышкан. Ортодогу чогулган акчадан мүчөлөрүнүн кимисине акча керек болсо берилип турат.

Мына ушундай жакшы иштер менен калемгерлерибиздин көбүнө китеп жыйнактарын чыгарып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ынтымак менен ийгилик жаратып жаткан калемдештериме бекем ден соолук, узун өмүр каалайм!

— Биз дагы сиз менен тилектешпиз. Чыгармачылыгыңыз өркүндөп, ыр жаратууну талыкпай уланта бериңиз!

Маектешкен Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.