Султан РАЕВ: «Топчугүлдү Тагдыр жазуучу кылды»

Султан РАЕВ: «Топчугүлдү Тагдыр жазуучу кылды»
Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата (2-ноябрда) президент Садыр Жапаров бир топ чыгармачыл адамдарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Сыйлык ээлеринин катарында жазуучу Топчугүл Шайдуллаевага Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу наамы ыйгарылды. Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург, акын, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы, Европадагы табигый илимдер академиясынын академиги Султан Раев социалдык тармакка эжекебиз тууралуу төмөндөгүдөй билдирүү калтырды. 

«Бүгүн Сага суктанып турушат»

Ачыгын айтуу керек, кээде жакшы сөз айтууну да жашырып келебиз. Ушунчалык сөзгө сараң, ойго тар, жакшыга карк болбой баратабызбы… айткыла Сөз берметин, ага, буга, тигиге, айланадагыларга, бу дүйнөнүн Улуу сөзү ийги кептер, эски кулпудай заң басып кетпесин! Дүйнөнүн адеми, аруу, асылкеч, арзуу менен алда сонун көргүбүз келсе, бир арым алдыга таштайлы, ал арым да Жакшы Сөз менен башталсын!
Сөз энергетика, Сөз генетикалык код, Сөз турмуш эстутуму… аруу дүйнө да, аруу сөз менен башталат…
Бу сөз түрмөктүн жибектей эшилип, каакымдай калкып, ойжай бербей турганын да бир таризи бар. Кээде бу өмүрдө жетелешип баспасаң да, эзилишип кеп жарбасаң да, алдыртан маани салып, ой орбитаңдын бир планетасында жүргөн, сен сыйлаган медери тунук, ошол эле учурда анын сыдыргыга салынган, алакан отундай жанган жашоосу илгертен билген жагдайың бар. Ал да жакшы киши, ал да өз дарегине сенден жакшы сөз арналышын өмүр баркы күтүп келгендей сезиле берет…
Мен эки ууч сөз калемдешим Топчугүл Шайдуллаева жөнүндө айткым келди. Кеп анын Эл жазуучусу же анын бу наамга арзып турганында эмес, кеп бу эл менен бирге жашоонун, тагдырдын ысык-суугун көрүп, кыйырлуу жолунда кыйналган жашоо мыйзамдын бир сызыгын сездирбей, аялдык өжөр, ошол эле учурда назик дүйнөсү менен жеңип келгенинде. Топчугүл эң оболу элдик жазуучу, турмуш кайнагынан чыккан жазуучу. Анын ар бир маңдай теринде уюлгуган жашоо азабы да, арманы да, кубанычы, шат күндөрү да турат. Аны Тагдыр жазуучу кылды.
Топчугүл курдашыбыз. Университетте да бир мезгилде окудук. Анын жазуучулук тагдыры жеке тагдыры менен кош канат жашады. Бу татаал дүйнөдө татыктуу жашап келди. Ангемелери да ушундай. Бүгүн менин гана эмес, жалпы Топчугүлдү билгендердин, окурмандарынын жакшы сөзү гүлдестедей айтылышы керек!
Топчугүл калемдеш курдашым, бүгүн сенин күнүң, бүгүн сенин убак-саатың… илгери университетте окуп жүргөндө тирүү Эл жазуучусун көрсөк, кандай суктанчу элек.
Бүгүн Сага суктанып турушат. Сөз Өнөрүндөгү бийик наамың менен!
Бүгүн сага Жакшы Сөз айткым келди…
Султан РАЕВ

«Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык»

«Жакшы көрөмүн го?!» деген рубриканы ачкым келип жүргөн. Элдин баары жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн. Керек болсо, самачумун. Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык. Аны өзүмөн байкайм. Күнү-түнү жаныңда жүргөн адамга жакшы сөз айталбай калат экенсиӊ. Ушунчалык майда болуп кетиппиз. Муну мага Бетховендин “Ай сонатасы” айтты. Сонатаны кыргызча которо албай, жаман болдум. Анан кийинкиси кетти. Унчуга албадым. «Унчукпаганың – алсыздыгың» деп да айтып көрүштү. “Мейли” дедим. Анткени мен  “Ай сонатасын” – “Ай мээрими” деп өзүмчө которуп алгам. Бардыгы ошондон башталды окшойт. Керек болсо, керек нерсенин кереги жок болуп калат. Анткени ал – “Ай сонатасы”. Сен ошону түшүнөсүңбү? Түшүнүп-түшүнбөсөң да, айта турганым: “Ай сонатасы” болчу. Башка сөзүм жок. А сөз жок калганда, серт көрүнө баштайсың, ошол үчүн мен музыкага таазим этем. Анын касиети сөз эмес, дабыш, добуш, үн, эмне десеңер ошо дегиле, бирок таазим этесиң. Бирок кыргызың “Миң уккандан бир көргөн” дейт. Көздүн кулу экенбиз, ов! Толубай сынчы кыргыз үчүн эмнеге жаралган дейсиңер? Ушул сөздү айтыш үчүн.

Эрнис АСЕК уулу

«Жакшы көрөмүн го?!»

«Бүгүн сага Жакшы Сөз айткым келди…» деп жогоруда Султан агабыз жазгандай, «Элдин баары жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн. Керек болсо, самачумун» деп ыраматылык жолдошум Эрнис (1970-2020) айткандай, кечээ Кыргыз эл жазуучусу болгон Топчугүл Шайдуллаева эжебиз тууралуу мен да жакшы сөз жазгым келди.

Топчугүл эже менен 1994-жылы андагы Бишкек гуманитардык  (азыркы Бишкек мамлекеттик) университетинен таанышкам. Анда эже мугалим болчу, социология сабагынан берчү. Жөнөкөй, адамгерчилиги бийик, жумшак мүнөзү, жакшы мамилеси менен социолог студенттерге тегиз жаккан мугалим эле.

Кийин жазуучу болуп кеткенде, чынын айтайын, сөздүн жакшы маанисинде оозум ачылды, таңкалдым. Эжебиз кыргыз адабиятына кеч келди, бирок, чыгармалары өз окурманын тез тапты. Таланты ташкындап, китеп артынан китеп чыгарды. Санаганга да үлгүрбөй калдым. Чыгармачылыгы адабий сынга да алынып, талкууланды. Белгилүү журналист, акын, котормочу Жыргалбек Касаболотов эженин жыйырмага жакын аңгемесин талдап, тийиштүү сынын айтып макала жазды. Аны туура кабыл алган социолог-адабиятчы эжейиме андан бетер сыйым арткан.

Айтмакчы, Топчугүл эжемдин жазуучусу болушуна ушул социология илиминин да катышы бар деп эсептейм. Дегеним, бул илим адам жана коом, үй-бүлө, ааламдашуу, экономика, саясат, кыскасы, жашоонун бардык өңүтүн камтыган универсалдуу илимдердин бири. Андыктан адамдын тагдыр-турмушун жөн турмушта да, илимий жактан да жакшы билген Топчугүл эжемдин калеминен дагы да мыкты чыгармалар жараларынан шегим жок…

«Өлүм сенден кечеңдесин!»

Дагы бир айтайын дегеним, Топчугүл эжем менен ушул жылдын 20-сентябрында жазуучу, акын Бүбүсара Аруужан Калыкова эженин

Нестан аттуу ширин небересинин жентек тоюнда жолугуп, бир столдо отуруп калдык. Адабият, маданият тууралуу кобурашып калсак, эже: «Эрнис, Жыргалбек бир башкача ой жүгүрткөн, акылдары алдыга кетип калган балдар да. Аттиң, жолдошуң эрте кетип калды…  эми Жыргалбектин өмүрү узун болсун! Жакшы жигит. Мен бир чыгармамды жөнөтсөм, жакшы баасын берди», — деп калды.

Анан мындай деп сөзүн улап: «Эрнис сага жолукканы жакшы болуптур. Артында калган эмгегин чыгарып жатасың, мына, жакында эле Булгаковдун «Мастер менен Маргарита« (баш сөзүн Султан байкем жазган -авт.) романынын котормосу чыкты. Эрнис экинчи өмүрүндө жашап жатат. Жакшы жар болдуң» дегенде: «Эже, мага баары кеч келди да: кеч студент болдум, кеч журналист болдум, сүйүү кеч келип, турмушка кеч чыктым. Кечиккен махабатым да буйруган жок, 7 жыл гана өмүр сүрдүк» деп көзүмө жаш алдым. «Назира, баары сенден кечеңдептир, эми өлүм сенден кечеңдесин, өмүрүң узун болсун» деп ак батасын берди…

Белгилей кетчү нерсе, быйыл, жайында президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук жазуучулар союзу биргеликте 50 китеп чыгарышты. Алардын арасында Эрнистин уникалдуу да, чуулгандуу да мыкты котормосу, Топчугүл эжемдин «Бак» аңгемеси жарык көрүп, бет ачары өткөн. Мына, эми президенттин колунан наам алып отурат.

Бизге нускалуу кеби, баскан-турганы менен арабызда үлгү, күзгү болуп келаткан Топчугүл эжем, наамыңыз кут болсун! Эрнисим айтып кеткендей, «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам!»

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.