Эрнис АСЕК уулу: «Саманчынын жолу» фильминин ажарын ачкан Бакен эжебиз» (Архив)

Эрнис АСЕК уулу: «Саманчынын жолу» фильминин ажарын ачкан Бакен эжебиз» (Архив)

«Кыргыз керемети»

17-ноябрь — кыргыз кино күнү. Эгемендүүлүк алып өз алдынча мамлекет болгончо, улуттук кинобуз  “Кыргыз керемети” деп аталып, татыктуу орундарды алып, дүйнөгө таанылган.

Ошол таберик «Кыргыз кереметин» дөө-шаа кинорежиссерлор, мен-мен деген алп талант актер, актрисалар, «көзү менен эмес, жүрөгү менен көргөн, сезген» мыкты операторлор, айтор, бардык жагынан даярдыгы мыкты чыгармачыл топ жараткан болчу…

Журналист, акын, котормочу жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) «Баягы Асаба» гезитин негиздеп, 2013-жылы чыгарды эле…

Кинонун ажарын ачкан, «Кыргыз кереметин» жараткан, залкар, улуу артисттерибизди жазды эле… Ошол жазганын кыргыз кино күнүнө карата кайталап берип турубуз…

АРХИВден…

«Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр данңкталбайт»

Атан төөдөй эл артисттерибизге саресеп салып өтөлү. Орустун кыйын кино устаты Михаил Ромм: «Гениалдуу режиссер болсоң да, мыкты актерсуз тасмаңдын талпагы чыгат. Ошондуктан актерлорду көрө билүү, туя билүү биринчи орунда. Гениалдуу актер болсоң да, «бездарный» режиссерго туш болсоң, талантыңдын талпагы чыгат» деп айткан экен.

Анда эмесе, «Кыргыз кереметин» жараткан артисттерибизге көз чаптыралы.

Бакен Кыдыкеева

Геннадий Базаров байкебиздин «Саманчынын жолу» фильминин ажарын ачкан ушул Бакен эжебиз. Баягы поюзду кубалап баратканычы?.. Көзүнүн жашы он талаа болгонучу?.. Жер-Эне менен сүйлөшкөнүчү?.. Эми театрдагы ролдорун саймедиреп олтурсак, гезит бети түтпөс. Суйкайган сулуулугу, артисттик улуулугу Союз кулап, кино тармагыбыз «тарпка» айлана түшкөндө, кейиштүү абалга кептелди. Залкар эжебиздин абалын сураган мамлекетти кой, бир жан чыкпаганы жүрөк ачыштырат. Өмүрүнүн акырында: «Айта турган сөзүм жок, кино көрөйүн деген көзүм деле жок, болгону бир арманым бар» деп бир жаш журналистке айтып алып, кайра «Жок, жок, арманым деле жок» деп жибергени эмнени каңкуулайт? Азыркы тапта деле «акыркы могикандарыбыз» калды. Мамлекет карап жатабы? Карабаса да, абалын сураган барбы?.. Эх, Бакен эже, Бакен эже…

Даркүл Күйүкова

Төкөлдөштүн төрт кызынын бири Даркүл апабыз да кайталангыс залкарлардан эле. Апабыз аткарган бир эле эпизодду алалы. Болот Шамшиевдин «Ак кемесинде» Момун чалдын жомогундагы Мастан-кемпирди аткарганы кандай бийиктик! Куштар менен сүйлөшүп, «Чүшш!» деген жеричи?! Анан Бугу-Эне менен сүйлөшкөнүчү! Ошол учурду келиштире тарткан Шамшиевге да баракелде, анын майын чыгара аткарган Даркүл апабызга да баракелде! Ушул эпизодду көрүп, залкар кинорежиссер Акира Куросава: «Мен көп эле мыкты эпизоддорду көрдүм эле, бирок мындайды биринчи көрүшүм. Тарыхты, табиятты, тагдырды, өз улутунун кан-жанын минтип эч ким бералган эмес» деген экен. Демек, Даркүл апабыз башкасын коелу, ушул эпизоду менен эле дүйнөлүк кино тарыхына ысымын алтын тамгалар менен жаздырып кеткен окшобойбу.

Сабира Күмүшалиева

Ой-буу, мындай талант экинчи жаралбастай сезилет. Кандай ролду аткарбасын, ийнине ушундай келтирчү экен, азыр ойлоп таңгаласың. Албетте, көбүнчө ажаан кемпирлердин, эстүү энелердин, акылдуу апалардын ролдорун аткарды. «Ак кемеде» болобу, «Уркуядабы», «Лифтидеби», «Бөрү зындандабы», бардык аткарган тасмаларда, кичинекей эпизод болсо да, көрүүчүнүн купулуна толуп, эсинде калат. Ташкындаган таланты ушунда. Сабира апабыздын да бир жакшы сөзү бар: «Кинодогу аткарганың театрга жетпейт. Чыныгы талантты театрдан гана баалай аласың. Ушул театр жок болуп кетпесе экен деп тилей берем». Азыркы заманда театрыбыздын абалын көрүп турабыз. Апабыздын арбагы ушу театрыбызды колдой жүрсө экен…

Алиман Жангорозова

Бул апабыздын аткарган не бир сонун ролдору бар. Кайра эле «Бакайдын жайыты» эске түшөт. Муратбек Рыскуловдун каарманынын «кемпирин» сонун берген да. Кыргыз апалардын даанышмандыгы дал ушул ролдо таасын көрсөтүлгөн. Төлөмүш Океевдин: «Жангорозова деген ким? Бул атына затына жарашкан, аялзаттын аруулугун, акылдын каруулугун пешенесине күйгүзүп алган мыкты актрисаларыбыздан» деген экен.

Муратбек Рыскулов

Төлөмүш Океевдин «Бакайдын жайыты» кинотасмасы кандай суктанарлык. Анан Муратбек атабыздын аткарганы — чыныгы классика! Кыргыз атанын сабырдуулугу да, катуулугу да, акылмандыгы да, жөнөкөйлүгү да керемет чагылдырылган. Бул алп артисттин башка ролдорун айтпасак да, ушул ролу эле кандай бийик баага татырлык. Бир жолу Муратбек Рыскулов айткан экен: «Менин өмүрүм ушундай өнөр менен өтөт деп ойлобогом. Бирок мен аткарган каармандардын баары боорума уюп алды» деп. Азыркыча «жүрөгүмө» дебей, нукура кыргызча «боорума» дегенин карабайсыңарбы. Бир жаралган залкар экен!

Болотбек Бейшеналиев

Болотбек агабыз «Биринчи мугалимди» не бир шумдук аткарган да. Талантты ошол бир каарманы менен эле бааласа болот. Кыргыз киносун кой, агабыз орус, казак киносуна да чоң салымын кошту да. «Белый шаманда» аткарган ролун атактуу венгр режиссер Юлиш Форман: «Это же гениалный актер» деп жиберген экен. Анан Болот байкебиз артист гана эмес, мыкты акын да болгон. Ырлар жыйнагы да чыккан. Тилекке каршы, жалпы элге жетпей калды. Азыр ошол ырларын таап, окурмандар менен тааныштырсак деген тилегибиз бар. Уулу Азиз Бейшеналиев да мыкты актер. Ал Москвада жашап, орустун кинолоруна тартылып келет. Азыр «Казакфильм» менен иштешип жактан убагы. Негедир азыр тартып жаткан кыргыз режиссерлорубуз аны чакырганга даабай турушат.

Таттыбүбү Турсунбаева

«Я помню чудное мгновенье: Передо мной явилась ты/, Как мимолетное виденье/, Как гений чистой красоты» деп кайран Пушкин Таттыбүбү Турсунбаевага эле арнап салгандай. Анын айчырайлуу сулуулугу, жөнөкөйлүгү, тазалыгы, баеолугу жүзүнөн, көзүнөн эле көрүнүп турат. «Ак Мөөрдө», «Кызыл алмада» дал ушул сапаттары таасын байкалат. Ал эми «Уркуяда» аткарганы кандай тамшандырган талант экенин далилдей алган.

Сүймөнкул Чокморов

Эми бул залкарыбыз жөнүндө ким гана эмне деп жазбады. Сүймөнкул Чокморовду даңазалап, кайталанып айтуунун зарылчылыгы да жок. Бир жаралган керемет талант экени талашсыз. Чокморовду кинодо чочуткан жалгыз Акира Куросава болгон экен. Жапон режиссеру «Дерсу Узаланы» тартам, мага азиат улутундагы мыкты актер таап бергиле» деп «Мосфильмге» чалат. Алар кыйсыпыр түшүп атып, Сүймөнкул Чокморовго токтолушат. Анан байкебиз «пробага» чакырылып, Куросаванын алдына келет. Монолог айттырып, атка мингизип көрөт да, анан мындай дейт: «Атка мыкты олтурат экен, бирок башкы ролго жарабайт» деп так кесе айтып салат. Ошондо Сүймөнкул абдан жаман абалда калган экен. Куросава көңүлүн оорутуп алганын түшүнүп, башын салып бараткан Чокморовдун артынан кууп жетип, «Сен мыкты актерсуң, кечир, келишимдүү да экенсиң, бирок мага башкача актер керек эле. Сени эпизодго тартайын» деп көңүлүн алып, ошондон экөө ысык мамиледе болуп калганын кийин Сүймөнкул өз агасына айтып берген экен.

Эрнис АСЕК уулу,

“Баягы Асаба” (2013-жыл)

P.S. Ыраматылык жолдошум айтылуу кинорежиссер, артисттер тууралуу улантып, көп жазды. Аны «Эрнис Асек уулу» аттуу китептен окуй аласыздар. Жакында…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.