«Айкөл» студиясы… «Супарадагы» сабак… «Манас жарчылары»…

«Айкөл» студиясы… «Супарадагы» сабак… «Манас жарчылары»…

Маалымат машыгуусу…

Ушу жуманын башында (25-ноябрда), “Манас” улуттук академиясындаМанас” кыргыз элинин маданиятынын коду». «Манас» маалымат майданында» аттуу тренинг (маалымат машыгуусу) болуп өттү. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган тренинг эки бөлүктөн турду. Биринчи бөлүктө академияда ачылган «Айкөл» студиясы менен таанышып, анын иш багытын билдик. Экинчи бөлүк «Супара» этнокомплексинде уланып, «Манасты» кантип жайылтуу жана сөз касиети, куну боюнча эки сабак өткөрүлдү.
Анда эмесе, сөз башынан болсун!

«Ар бирибиз «Манаска» кызмат кылсак…»

«Манас» улуттук академиясына жаңы эле президент болуп барган Азиз Биймырза уулу
академияда көптөгөн тарыхый китептер чыгып жатканын, аны жайылтуунун жолдорун издеп жатканын, жакын арада бет ачары болорун билдирди. Ал эми вице-президент Назира Аалы кызы тренингдин убакыт-сааты келип жетип, бүгүн ишке ашып жатканын, анын ой-тилегин Азиз мырза колдогонун айтып кубанды.
Сүрөттө: Гүлзат Маичинова (ак көйнөкчөн) журналисттер менен
Кубанычтуу кабар менен кошо дагы бир кубанычка туш болдум.Кыргыз тилинен тышкары орус, англис, поляк, корей, хинди тилдеринде эркин сүйлөгөн, Индиянын Хайдарабад шаарында көп жыл жашап, ошол жердеги Османия университетинин Бизнес жана коммерция колледжинде менеджмент боюнча доктордук диссертациясын жактап келген политолог кесиптешим Гүлзат Маичинованын да академияда иштеп жатканына кубандым. Ал «Манас» эпосунун негизинде руханий практикалар боюнча искусство аркылуу адамдын аң-сезимине маалымат жеткирүү сабагынан учкай айтып берип, «Манаска» кызмат кылуу үчүн келдим деп, ар бирибизди «Манаска» кызмат кылууга чакырык таштады…

«Айкөл» студиясында…

Андан кийин Назира жаңы ачылган «Айкөл» жана үн жаздыруу студиясы менен тааныштырып, ал эмнеге багытталганын мындайча түшүндүрдү:
«Айкөл» жана үн жаздыруу студиясын ачтык, заманбап техникалык жабдыктар менен камсыздадык. Биздин эң башкы максатыбыз — манасчыларга кам көрүү жана шарт түзүп берүү. Дегеним, манасчыларга эргүү келип калган учурда, ушул студияга келип, эки саат болобу, эки күн болобу, айтор, күнү-түнү манас айтышса болот. «Чоң манасчыларды ар кандай акыбалда айттыруу керек, себеби, алар жаңы манасты айтышы мүмкүн…» деп бир кезде айтышты эле манас илимпоздору. Илимпоздордун сунушун эске алуу менен бирге, биздин манасчыларыбыздын ар кандай акыбалда айткан манастарын жаздырып алууга шарт түзүп берели деген изги тилек менен студияны ачтык. Бул бир. Экинчиден, манас айтууну кантип элге жеткиребиз жана жайылтабыз… Албетте, массалык маалымат каражаттары аркылуу… Ошондон улам, алгач биз «Манас» кыргыз элинин маданият коду» темасында маалымат майданына (тренингди ушинтип кыргызча которуп койдум) буга чейин адабият, маданият, «Манас» эпосун, манасчыларды жазып жүргөн журналисттерди чакырып, сабак өтүп, манасты жайылтуу боюнча силердин сунуштарды уксак деп чогултуп отурабыз. Манас темасын жазып, жайылткандарды «манас жарчылары» деп атап атабыз. “Манас” эпосун коомго кеңири жайылтуудагы маселелер жана андагы журналисттердин ролу тууралуу талкуу кылалы, сунуштарыңыздарды угалы деп турабыз. Манас темасын айланып өтпөй, манаска кайрылсак жаманбы?!.. 
Азиз да Назиранын сөзүн кубаттап, буга чейин академия менен кызматташып, иш-чараларын жазып келген калемгерлерди чогултушканын айтып, тренингде жана алдыда боло турган иш-чараларга токтолду:
Сиздердин жардамыңыздар менен кошо алдыда кыла турган иш-чара көп. Мына алдыда, 4-декабрда «Манас» эпосунун күнү. 2015-жылы, өкмөттүн токтому менен 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланбады беле… Ошондон бери белгилеп келатабыз. Бул жолу биздин академия 2-3-декабрда республика боюнча манас таануучулардын чоң форумун өткөргөнү турабыз. Чоң манасчыларды, элет жериндеги манасчыларды, манас таануучу илимпоздорду бир аянтчага чогултуп, «Манас» эпосун кантип жайылтсак, мектептерге сабак киргизсекпи деген сыяктуу талкуу кылсак деген ниетте турабыз. Биздин максат — манас айтууну элге, дүйнөгө ар кайсы тилде жайылтуу, улуттук руханий мурасты сактап калуу.

«Тентек» менен «Тилимпоз»…

Тренингде «Манас» кыргыз элинин маданий коду» темасында улуу сөздүн уңгусу, тилдин, диндин улуу сөздөрүнүн уюткусу, сөз касиети, сөздүн куну жана «Манас» эпосунун кыргыз элинин турмушундагы мааниси тууралуу интерактивдүү сабакты Назира Аалы кызы кызыктуу өттү. Ал сөздүн касиетине, кунуна илгери ата-бабаларыбыз көңүл буруп, ар бир сөздү аздектеп келгенин, азыр баары эле «акылман» чыга келгенин айтып кейиди.
Ал эми экинчи сабактын темасы: «Маданият жана руханий практикалар» деп аталып, анда Азиз Биймырза уулу «Манас» эпосунун негизинде руханий практикаларга киришүү, искусство аркылуу аң-сезимге жана өзүн көрсөтүүгө көнүгүүлөр тууралуу айтып берди.
Сүрөттө: Тилек Мирлан менен Жалил Мукамбетов
«Манас» эпосун жайылтууда заманбап ой жүгүртүп, акылга эле салбай, жүрөктөн өткөрүп иш алып барып жаткан «Тентек» анимациялык компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жалил Мукамбетов «Манас» эпосун кыскача үч тилде (кыргыз, орус, англис)  жайылтып жаткан иштери боюнча кеп козгоп, жанында отурган Тилек Мирландын ката жазганды жек көрөрүн, кыргыз тилинин туура жазылышына күйүп, «Тилимпоз — Кыргыз тили» деген баракча ачып, сөздөрдүн кандай жазыларын байма-бай билдирип жатканын айтты…

«Каргыш албай, алкыш ал!»

Белгилүү манасчы Рыспай Исаков «Манас» эпосун угуучулардын көңүлүн өзүнө тартуу үчүн кандайча айтуу, окуяларды айтуунун жана эмоционалдык тартуунун ыкмалары боюнча оюн ортого салып, сөз куну, сөз касиетинде күч бар экенин мындайча түшүндүрүп берди: «Каргыш албай, алкыш ал!» деп кыргыз элинде жакшы сөз айтылганы бекер эмес!Каргыш алсаң, ал жети балаңа чейин жетет. Анан ким эле балдары каргышка калып кыйналып жашаганын кааласын… Аны баары эле билет, ошондуктан алкыш алгылары келет. Мына, сөздүн касиети. Илгери ата-бабаларыбыз сөзгө маани беришчү, анын түпкүрүн терең түшүнүшчү… Жети атабыз, каада-салтты айтып беришчү. А азырчы?.. Мына, арабызда «Манас жок, ал жөн гана жөө жомок» дегендер да бар, туурабы?.. Бири-бирине жаман сөз айтмай, жаман жазмай көбөйүп кетти… Андай кишилерге теңелүүнүн кереги жок, ага жакшы гана тилек тилеп коюш керек! Назира менен Азиз баштаган жакшы ишти чогуу-чаран ишке ашыралы, манас жарчылары!»

«Манас жарчылары»… 

Жаныбек Эсеналиев
«Манасты» даңазалап жар салган журналисттерди ушинтип атап алышканын Назира Аалы кызы айтты.
Өз кезегинде биз да «Манасты» ар кандай өңүттө жайылтуу  боюнча сунуштарыбызды айттык.
Кесиптешибиз Жаныбек Эсеналиев буга чейин деле «Манасты» жазып, жар салып келгенин, кантип жайылтуу керектигин айтты. «Эгерде коомчулукка, кийинки муунга манасты жеткиребиз десек, анда телерадиолорго, сайттардын бир бурчуна манас боюнча атайын бир берүү бөлүмүн ачуу керек! Мектептерге манас сабагын киргизүү зарыл» десе, Сурат Жылкычиев манас сабагын бала бакчага киргизүү керектигин сунуштады. «Бала бакчага манас сабагын киргизип, 5-10 куплеттен турган манас айтууну үйрөтсөк, баланын кулагына манас сиңип калат» деди.
Чынайым Кутманалиева
Дагы бир кесиптешибиз Чынайым Кутманалиева балдарыбыз соткадан англис, орус тилдеринде мультфильм көргөндүктөн, ушу эки тилде тилдери чыгып жатканын айтып, манас тууралуу мультфильм тартууну сунуштады… Ал эми «Тентек» анимациялык компаниясынын жетекчиси Жалил Мукамбетов автобустардагы илинген экрандарга манасты кыска кылып тартып эксперимент жүргүзгөнүн, аны коомчулук жакшы кабылдаганын, ошону дагы улантып, күчөтүүнү сунуштады.

«Биринчи балабызды кыргыз кылалы…»

Мен болсо манас айтууну баланын курсактагы кезинен баштоо тууралуу пикиримди айттым. Оюмду канчалык түшүндүрө алдым, кесиптештер канчалык түшүнө алышты билбейм, бирок, колдошту. Дегеним, студент кезде психология сабагынан берген Эрик Садыкович агайыбыз: «Баланы бардык нерсеге үйрөтүүнү курсактагы кезинен башташ керек. Анткени ал түйүлдүк кезинен эле угат, сезет, туят» деген эле…
Бала бакчага барганда деле кеч болуп калары чындык да. Себеби, азыр максаттуу кыргыз тилинде иш алып барган бала бакча жокко эсе, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер бар болсо да, балдарыбыз басымдуу орус тилинде сүйлөшүшөт. Орус тилинде сүйлөп, орусча ой жүгүртүп калган балага манас айтууну декламациядай жаттатуунун канчалык кажети, кайтарымы бар? Албетте, ал жаттап айтып коет, бирок, эмнени жаттады, эмнеге жаттады түшүнбөйт дагы. Бул бир. Экинчиден, манасты өзүнө сиңирип алышы үчүн бала алгач өз эне тилин билүүсү, «киргиз» эмес, кыргыз болуусу зарыл! Демек, «Манас» ар бирибизден, үй-бүлөдөн, ар бир ата-энеден башталышы керек…
Кыскасы, айтылган сунуштар кабыл кылынды. «Манасты» жайылтуунун жол-жобосу дагы иштелип чыгары айтылды. Аягында «манас жарчыларына» белектер, сертификаттар тапшырылды…

Топчуке… Жарлык…

Эске сала кетсек, манасчы Талантаалы Бакчиев «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти болуп 2021-жылы декабрда  дайындалган. 2022-жылы аталган мекеменин макамы жогорулатылып, “Манас” улуттук академиясы болуп түзүлүп, Айтматовго байланыштуу изилдөө иштери Улуттук илимдер академиясына өткөрүлгөн. Академия коомдук ишмер маркум Топчубек Тургуналиевдин демилгеси менен негизделген. Ал Т.Бакчиевге чейин жетектеген эле…

«Манас» улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси «Манас» үчилтигин, кенже эпосторду, кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ар тараптан изилдөө жана анын негизинде илимий, илимий-популярдуу, илимий-публицистикалык эмгектерди, мезгилдүү, тематикалык басылмаларды чыгаруу, мультимедиялык, окутуучу-агартуучу, таанып-билүүчү долбоорлорун иштеп чыгуу багытында иш алып барат» деген Жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылы кол койгон…

Жарлыкта айтылган иштерди ишке ашырууга академия аракет кылып келатат. Бүгүнкү тренинг, көндүм-машыгуулар, пикир алышуу-сунуштар дагы ошол иш-аракеттердин эсебинде. Демек, академиянын «манас жарчылары» аркылуу ишке ашыра турган долбоорлору, иш-чаралары, натыйжалары али алдыда. «Айкөл» студиясында манасчылардын изи үзүлбөсүн! «Улутум — кыргыз. Урааным — Манас» деген кыргыздардан бололу!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.