«Журналистика башка кесиптерден айырмаланып, сөз кадыры, сөз касиетин талап кылат эмеспи! Сөз менен адамды өлтүрүп да койсо болот»
***
«Коомду өнүктүрө турган эң башкы факторлордун бири — сөз эркиндиги. Албетте, коом ансыз өнүкпөйт. Ириде сөз эркиндигин сыйлашыбыз керек!»
Мелис ЭШИМКАНОВ
Эгемен сөз эркиндигине чыйыр жол салгандардын бири, кыргыз тилдүү басма сөздүн патриархы, мыкты жетекчи, редактор, калемгер, менеджер, стратег, оратор, коомдук жана мамлекеттик ишмер, журналистикада да, саясатта да ролу, орду чоң Мелис Эшимканов (1962-2020) эскерилет.
Тагырагы, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) журналистика жана маалымат системалары факультети Кыргыз Республикасынын басма сөзүнүн 100 жылдыгына, Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнүнө арналган «Мелис Эшимкановдун журналистиканын өнүгүшүндөгү орду жана ролу» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө, Мелис Эшимканов атындагы фонд тарабынан студенттер арасында уюштурулган чыгармачылык сынактын жыйынтыгы чыгарылат.
Эске сала кетсек, былтыр (2023-жылы) 6-декабрда, Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада илимий иш-чара өткөрүлгөн.
Баскан жолу…
«Жаштык жарчысы», «Ленинчил жаш», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, президенттик шайлоодо талапкер (2000-жылы), Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты (2005-жылы) болгон, кыргыз, орус тилдеринде жаза билген белгилүү, мыкты журналист, публицист, коомдук жана саясий ишмер, эки уул, эки кыздын атасы Мелис Эшимканов — кыргыз тилдүү эркин басма сөздү түптөөчүлөрдүн бири. Ал кыска өмүрүн журналистикага арнап, массалык маалымат каражаттарынын жана эне тилибиздин, адабият, маданияттын, эгемендүүлүктүн өсүп-өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, эбегейсиз из калтырып кеткен тарыхый инсан. Бекеринен кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» деп атыккан эмес да.
АРХИВден…
Урматтуу кесиптештер, баарыңыздарды конференцияга чакырабыз!
Иш-чаранын дареги: К.Карасаев атындагы БМУ, Ч.Айтматов проспектиси, 27.
Убактысы: 6-декабрь, 14.00
Назира СААЛИЕВА