Айнура Кабатай кызынын «Кеп техникасына» келиңиздер! (Дарек)

Айнура Кабатай кызынын «Кеп техникасына» келиңиздер! (Дарек)
КТРК, КООРТ, НТС телеканалындагы кечки жаңылыктарды алып барган диктор Айнура Кабатай кызын кимдер гана тааныбайт. 30 жылдык тажрыйбасы менен «Кеп техникасы» деген китеп жазып салыптыр. Ушул китебинин бет ачар аземи эртең (19-декабрда) Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасында өтөт. Саат 14.00до башталат. 
Ага чейин автордун алгы сөзүн жана өмүр баянын окуп коюуңуздар!
АЛГЫ СӨЗ

Өз оюн так жана түшүнүктүү жеткирүү, сабаттуу сүйлөө, өзүнүн кеби менен элди өзүнө тартып алуу, угуучуларга таасир этүү жана кеп маданиятынын негиздерин билүү бул ар түркүн кесип ээлеринин өз тармактарына жарамдуулугунун мүнөздөмөсү. Пиар жана жарнама адистери, дипломат, юрист, саясатчы, мектеп жана жогорку окуу жайлардагы мугалимдер, менеджерлер, айрыкча, бир учурда эле миллиондогон аудиторияга кайрылууга укук алган телерадио журналисттери ушундай сапатка ээ болуусу заман талабы. Айрыкча журналисттердин, медиаперсоналардын кеби кеңири аудитория тарабынан үлгү катары кабыл алынып, алардын кеп маданиятынын калыптанышына олуттуу таасирин тийгизет. Бул өзгөчө жоопкерчилик.

Оозеки кеп угуу аркылуу кабыл алынат. Демек, оозеки кептин мазмунун угуучулар дароо түшүнүп, оңой сиңире тургандай кылып уюштуруу керек. Мында үн, дикция, интонация жана адабий тилдин туура айтылыш нормаларын билүүнүн мааниси чоң. Телерадио журналисттеринин ишмердүүлүгүнүн толук кандуу ишке ашышы үн аппаратынын ишке жөндөмдүүлүгүнө, аны кесиптик максаттарда туура жана натыйжалуу пайдалана билүүсүнө түздөн-түз көз каранды.

Бул окуу куралынын максаты болочок журналисттерге өз кесибин ийгиликтүү аркалап кетишине өбөлгө түзүү. Дикциядагы кемчиликтерин аныктап, аларды акырындык менен жоюу, фонациялык (тембр, үндүн диапазону, сүйлөө темпи, паузалар, туура дем алуу) жана интонациялык мелодикалык, орфоэпиялык маданиятын калыптандыруу болуп саналат.

Ушул мүдөө менен бул окуу китебине кеп техникасынын ар бир компонентинин өзгөчөлүктөрү терең түшүндүрүлүп берилди. Ар бир бөлүмдө практикалык сунуштар, көнүгүүлөр жана мисалдар келтирилди. Мындан тышкары, берилген темалар боюнча бышыктоочу суроолор жана өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар сунушталды.

«Кеп техникасы» курсун үн жаратылыш теориясынын (теории голосообразования) өнүгүшүндөгү жаңы тенденцияларды эске алып, менин телевидениеде көп жылдык диктордук, алып баруучулук жана жогорку окуу жайлардагы коммуникация, журналистика факультеттеринде риторика, кеп маданияты жана кеп техникасына үйрөткөн практикалык курстарды бир топ жылдардан бери өтүп келген педагогдук тажрыйбама жана байкоолорума таянып иштеп чыктым.

«Кеп техникасы» окуу курсу телерадиожурналисттерди, алып баруучуларды даярдоодо сунушталган атайын дисциплиналардын бири болуп саналат. Бул окуу китеби болочок журналисттерге эле эмес, аудитория менен иштеген дээрлик бардык кесип ээлерине (мугалимдер, саясатчылар, юристтер, менеджерлер, пиар адистери ж.б.) да пайдалуу болот деп үмүттөнөм.

Айнура КАБАТАЙ кызы

Өмүр баяны

1973-жылы 10-сентябрда Тогуз-Торо районунда төрөлгөн. Нарын шаарындагы В. П. Чкалов атындагы мектепти бүтүргөн. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1992-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү корпорациясын да диктор, алып баруучу: 1999-2001-жылдары ишти айкалыштыруу менен Internews Network Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө Борбор Азия өлкөлөрү үчүн даярдалган «Открытая Азия» программасынын алып баруучусу: 1999-2006-жылдары «КООРТ- телерадиокомпаниясынын маалымат-аналитикалык редакциясында «Жаңылыктар программасынын алып баруучусу: 2006-2022-жылдары НТС телерадиокомпаниясында маалымат жана аналитика департаментинин «Жаңылыктар программасынын алып баруучусу: «Академия НТС. окутуу борборунун жетекчиси; 2003-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ишти айкалыштыруу менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин телевидение, радио жана кино бөлүмүндө ага окутуучу болуп эмгектенет.

2016-жылы «Абзаи в структуре художественного текста как показатель индивидуального стиля писателя» аттуу диссертациясын коргоп, филология илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон.

2015-2019-жылдар аралығында телевидение жаатындагы ишин айкалыштыруу менен Борбор Азиядагы Америкалык университетинин (ЛУЦА) журналистика жана массалык коммуникациялар департаментинде доценттин милдетин аткаруучу: 2019-жылдан баштап И.Арабаев атындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун журналистика бөлүмүндө доценттин милдетин аткаруучу болуп иштейт. Лингвистика жана журналистика боюнча окуу китептеринин жана бир нече илимий макалалардын автору.

Телевидениеде топтогон 30 жылдык жана 22 жылдык педагогдук бай тажрыйбасынын негизинде автордук программа иштеп чыгып, өзү негиздеген «МЕДИА КАРЬЕPA (media.career.kg) оратордук чеберчилик мектебинде теле алып баруучуларды, дегеле эл алдында таасирдүү, уккулуктуу сүйлөө чеберчилигине ээ болом деген бардык каалоочуларды окутуп келет.

Даярдаган Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.