АЙЫЛДЫК АКЫН АРДАКТАЛДЫ
Чүй облусунун Кемин шаардык Сайпидин Осмонов атындагы маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, маданияттын мыкты кызматкери, Чүй облустук “Кеменгер” ардак төш белгисинин ээси, журналист жана акын Кенже Абдылдаеванын поэзия кечеси жана “Шашылбачы, мезгилим” аттуу ыр жыйнагынын таанытымы жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.
Журналист Кенже Абдылдаева Кемин райондук “Эмгек жарчысы” гезитинде жыйырма сегиз жыл талбай эмгектенген. Кечеге катышкан жергиликтүүлөрдүн айтымында райондун аймагында ал барбаган жер калган эмес. Гезиттин ар бир сабына анын ыкчам материалдары жарыяланып турган. Журналисттик иштен тышкары бош убактарында ырларды жазып, гезит бетине жарыялап, поэзия сүйүүчүлөрдөн жылуу пикирлерди угуп келген. Райондук гезиттер жабылгандан кийин Кемин райондук борборлоштурулган китепканалар тармагына китепканачылык ишке өтүп, ыр жазууну өркүндөтүп, акыркы төрт-беш жылдын ичинде эле үч поэтикалык китебин чыгарууга үлгүргөн. Кенже бир топ жылдардан бери “Кемин кайрыктары” адабий ийриминин жетектеп келет.
Быйылкы жылдын август айында өткөрүлгөн чүйлүк калемгерлердин 1-фестивалында башкы байгени алууга жетишкен. Фестивалдын жыйынтыгы боюнча КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө сунуш кылынган жана кабыл алынган.
Кеминде өткөрүлгөн адабий кечеде Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Шакиров, райондогу “за КЕМИН үчүн” коомдук бирикмесинин жетекчиси А.Кабаев, райондук Аксакалдар кеңешинин төрагасы С.Курманалиев, Ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Мурадилов жердеш акын кызынын алпейим мүнөзүнө, ишмерчилигине, кесипкөйлүгүнө басым жасашты. Ал эми Бишкектен барган меймандар: Улуттук жазуучулар союзунун Чүй облустук уюмунун башчысы Догдурбек Юсупов, “Чүй баяны” гезитинин башкы редактору Азамат Дүйшөнбай уулу, калемгерлер Майрам Абдыканова, Айгүл Тоголокова ж.б.лар акынды ыр майрамы менен куттукташып, чыгармачылык ишине албан-албан ийгиликтерди каалап кетишти.
Адабий кеченин жүрүшүндө, жергиликтүү өнөрпоздор сыбызгытып күү чертип, обого обологон обондуу ырларды жогорку чеберчиликте аткарып, көрөрмандардын купулуна толду.
Улуттук жазуучулар союзунун Чүй облустук уюмунун басма сөз кызматы
САРЫ — ӨЗӨН ЧҮЙҮМ — ЫЙЫГЫМ
Багында таңда таңшыган торгой, булбулу,
Мөрөйдү алган таптаган тулпар, дулдулу.
Сары — Өзөн Чүйүм, үйү сен ар кыл улуттун,
Таалими улук, ынтымак ыры уңгулуу.
Жазында жашыл кымкаптай текши кийинген,
Күзүндө түркүн мөмөлүү багы ийилген.
Береке тапкан эл — журтум жашайт түптөлүү,
Ырыскы жыйнап кучагы кенен Чүйүмдөн.
Дарыя, суусу сымаптай эрип куюлган,
Добушу черткен комуздун күүсү туюлган.
Сары — Өзөн Чүйүм, чордону чексиз ааламдын,
Канатым керем сен берген улуу сыйыңдан.
Эрке жел согуп, термелген сулуу кайыңдар,
Жыргалга бешик жомоктой кыштак, айыл бар.
Алыста жүрсөм ата — энем сымал сагынам,
Сары — Өзөн Чүйүм, ыйыгым сенсиң байырлаар.
Моокумуң канбас кыдырсаң тоосун аралап,
Мончоктой асыл мөлтүрөп бышкан карагат.
Жер — Эне Чүйдү терметип алтын бешиктей,
Уузу ийип дайым, өрөөнгө тегиз наар агат.
Толтуруп тоодой үлүшү менен казына,
Толтура кени али да элек казыла.
Жери да алтын, жердеген эли да алтын,
Жеңилин жерден, алышат оорун жабыла.
Кулпунуп турган кут чачкан алтын дарчадай,
Кумарга тунган кутман жер баркыт, парчадай.
Нуруна балкып ай менен күндүн, жылдыздын,
Жашарып бар бол, жай — кышы жашыл арчадай.
Достугун элдин кылымдар бою бөпөлөп,
Биримдик менен
бийикте дайым көкөлөп.
Урпактар үчүн улаган көчүн өмүрдүн,
Өзгөчө сыймык өзүңө кызмат өтөмөк.
Кенже АБДЫЛДАЕВА
Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы