Жакында эле (Улуттук жазуучулар союзунун 90 жылдык мааракесинде) Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыкка ээ болгон мыкты акын Шабдан Сулаймановдун төмөндөгү ыры социалдык тармактарга тарап, коомчулукка, бизге жаккан. Мындай жакшы ырды окубай калгандар болсо деп кайталап берип турубуз:
Ак түстөрдөн турбайт деп турмуш жалаң,
Ат үстүндө өскөн деп кыргыз бабаң.
Атам мени аябай анча деле,
Азоолорду мингизчү ыргыштаган.
Тоо таянып жылкы айдап бара жатып,
Тору айгырым тоң моюн ала качып.
Эчен жолу жыгылып ыйлап келгем,
Эндик жүзүм боз чаңга аралашып.
Эчен жолу келгемин жарып мурун,
Эчкиринип айта албай арыз-муңум.
Күбүрөнүп башымдан суу айлантып,
Күйпөлөктөп энекем жарыктыгым…
Орой салып үстүмө кементайын,
Оттон алып актаган белен чайын.
Токтоп калчу ый эмес, бүтүн дүйнө,
«Токто жүрөк! Ап! Ап! Ап!» деген сайын…
Бакыт кушун көзүмдөн учуруп бир,
Балалыктын андагы жыты уруп тур(у).
Апам бөлөп мээримге. Атам көрсө
Ачуусуна турмуштун бышырыптыр.
Унута албай ал кездин эч илебин,
Уулум турса жанымда эзилемин.
Атам сымал а бирок милдетимди,
Аткара албай жаткандай сезилемин.
Жеңил-желпи иштерге жумшап коюп,
Жетине албай ошого курсак тоюп.
Өткүр кылбай өстүрүп жаткансыймын,
Өз балама негедир жумшак болуп…
Селпилдеген муногу саяк кунан,
«Селт»,»селт» этип карайт ой, каякты улам?!
Жыртылгансып жүрөгүм, балам минсе
«Жыгып кетпей эле» деп аяп турам.
Шабдан СУЛАЙМАНОВ (03.12.2024)
Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
P.S. Акын агабыз 2020-жылы биздин сайтка жакшы маек берген. Саясаттан сүйүүгө чейинки кызыктуу маеги бул ШИЛТЕМЕде.