Кыргыз турмушунун «Күмүш кемери»
(Жазуучу Рахат Аманованын аңгемелер жыйнагындагы этнографиялык жана психологиялык өңүттөрдүн айкалышы)
Акыркы жылдары кыргыз аудиториясына окурманды оңой тарта турган детектив, эротика, саясий жана диний мотивдер сыяктуу чыгармалар каныккан эритмедей ашыгы менен сиңип бүткөнү жашыруун эмес. Эми бир эсе элдин өз кыртышына жакын, бир эсе чыныгы адамдык болмуштун миң түрдүү оош-кыйышын чагылдырган тереңирээк көркөм өнүмдүн зарылдыгы бышып жетилгенине көп эле болгон. Бул зарылдыкты канааттандыра турган чыгармалардын арасына Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын «Кат турмуш» повестин, Топчугүл Шайдуллаеванын, Токтобек Үсөновдун, Кубантай Эрназаровдун ж.б. аңгемелерин кошсо болот. Жакында ошондой улуттук кыртыштагы чыгармаларга суусап турган кыргыз окурманынын руханий муктаждыктарына толугу менен жооп бере турган китептердин катарын жазуучу Рахат Аманованын «Күмүш кемер» аңгемелер жыйнагы толуктады.
Китептеги окуялар болжол менен эки кылымдык кыргыз турмушунун ар кайсы өңүттөрүн камтыйт. Анда тээ орустар жаңы келе баштаган убактан тартып азыркы миграцияга кеткен үй-бүлөлөрдүн абалына чейин бар. Алардын баарын бириктирип турган эки жалпылык – дээрлик документалдуу этнографиялык штрихтер жана каармандардын психологиясындагы улуттук жана жеке адамдык өңүттөрдүн өз ара катышы.
Жыйнак анын аталышына себеп болгон «Күмүш кемер» аңгемеси менен башталат. Уулун чанып, бала кезинен бери сүйлөшүп жүргөн өз ашыгына кеткен келинине чын жүрөктөн бата берип, балалуу болуп калса белине таксын деп берип жиберген кайнатанын бул кемери бир нече символикалык жүк көтөрүп турат. Биринчиси – улуудан кичүүгө калган мурас. Өз баламдын тукумун улабаса да ушул мыкты келиндин уулуна буюрсун деген астейдил сый, өтмүш менен келечектин ортосундагы тагдырларды бириктирген көпүрө, тирүүлүктүн түбөлүк салтанаты. Анткени кемер курчай турган белдин өзүнө илгертен кыргыз баласы орчундуу маани берип келген. Бел – тукум, бел – көтөрүмдүүлүк, бел – күч, бел – кайрат, бел – ө зөк. Мындан келди, ошончо милдет аткарган белди бекем тутуп, сыртынан баарын жаап кармап турган кемердин кызматы андан бетер маанилүү.
Экинчиси – ичин кенен салган пейилдин сүрөтү. Бул жагынан аңгемедеги окуя кыргыз адабиятына жана кыргыз мүнөзүнө түздөн-түз тиешелүү эки окуяны эске салат. Адегенде эле айтылуу Жеңижок акын ашыгы Көксулууга жетпей калып, кийин өзүн колдогон бийдин аркасы менен кайын журтунан сүйлөшүп башын ачып алганда Көксулуунун кайын журту ыраазычылыгы менен батасын берип узатканына үндөш. Баш каарман бир кезде өзү тагдырын өзгөрткөн Каным менен кошуна туруп, камыр-жумур жашап калганы кадимки Чыңгыз Айтматов жазган «Саманчынын жолундагы» Толгонай Алимандын башкадан тапкан баласын белине таңып алып талаа менен сүйлөшүп турганын аргасыздан ойго түшүрөт. Айтса-айтпаса төгүнбү? Жакшысын ашырып, жаманын жашырып, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап, кемтикти байкатпай түзөп жүрүп отурган үчүн кыргыз ушул күнгө жеткен жокпу? Баарын батырып, баарын көтөрүп, баарын жигин билгизбей эптештирген үчүн Толгонай өзү адам табиятынан өйдө көтөрүлүп, өзү Жер-Эне болуп турат го, түшүнгөн кишиге… Менимче, аңгеменин аты жалпы китепке коюлганынын негизги себеби да ушул. Анткени күмүш кемердин элеси аңгемедеги эле эмес, жалпы эле жыйнактагы тагдырлар менен мүнөздөрдү бириктирип турат.
Бул чыгармада окурманды анча ишендире бербеген бир гана жагдай – өз максатын так коюп, бүбү кемпирге чейинки жолдо жылаңач бутуна кирген тикендин азабына кайыл болуп жүрүп отурган баш каармандын бекем, чулу, бүтүн образына анча деле жыты сиңише элек кайын журтунан кечирим сурап ыйлап жибергени анча коошпой турат. Андыктан бул эпизоддун ишенимдүүлүгүн баалоо жагын окурмандын өзүнө калтыралы.
Жыйнактагы «Адиш бакшы» аңгемеси да ошол доорго жалпысынан жакын. Адегенде бакшылык өнөрдүн элеси биринчи планга чыгып, анын эзотерикалык өңүтү гана негизги мааниге ээ сыяктуу көрүнүшү да мүмкүн. Чындыгында канчалык таасирдүү сүрөттөлсө да анын артында же небересин, же кызын тирүү алып калышы керек болгон жалгыз кемпирдин тандоо азабы жатат. Каратып туруп сактай албай калган кызы менен тирүүлөй жетим калчу баласынын ортосунда кыйналган келиндин жаны дуушар болгон азаптын оордугу өзүнчө. Мында бакшылык жан менен иш алып баруунун жол-жобосу катары канчалык кызыктуу болсо да, ошол жандын тогуз толгонуп, алты айланышын сыртынан көрсөткөн алкак катары гана кызмат кылат. Бул жагынан эзотерикалык эпизоддор адам баласынын ички дүйнөсүн эксперименталдык шартта сынап көрүүгө багытталган фантастика жанрынын ролун эске салат. Ошондуктан Артур Кларктын калеминен чыккан «Балалыктын соңу» («Childhood’s End») романы канчалык масштабдуу жана кызыктуу болбосун, Александр Беляев жазган «Профессор Доуэлдин башы», «Аба саткыч» жана «Түбөлүк нан» сыяктуу повесттер окурмандын жан дүйнөсүнөн алда канча көбүрөөк түнөк таап келатканы бекеринен эмес. Жакшылап байкаган кишиге «Адиш бакшы» йогдордон тартып материалисттерге чейин «Биз денебизби же жанбызбы?» деген бүтпөс талашка боек сүртүп, жанды биринчи орунга чыгарат. Бир гана логикалык ката – окуя бүтүп, боз үйдүн үзүк-туурдуктары жабылгандан кийин кайра эркектер кызыл керегенин ичинде жана сыртында болуп калганы.
Жаңы үйлөнүп жатканда ичи тар жеңесинин колунан жан таслим болгон колуктунун жасат куурчагын жүктөп келгени баяндалган «Күнүлөш» аңгемесинен тартып этнографиялык деталдар артка сүрүлөт да, «Кесепет» аңгемесинде адам менен коомдун ортосундагы карама-каршылык биринчи планга чыгат. Өз бактысы үчүн күрөшө албаганы, чөйрөнүн көңүлүн жана тынчтыгын биринчи орунга коюп өзүн аларга басып бергени жагынан «Кесепеттин» баш каарманы – Күмүш кемердеги» келиндин антиподу. Салыштыра келгенде «Күмүш кемердеги» келин үстүнөн басып калган таштын астынан өжөрлөнө өсүп жаткан гүлдү эске салса, «Кесепеттеги» устанын тагдыры таш үстүнө таш баса берип астынан чыкпай калган бактын көчөтүндөй элес калтырат.
Ырас, кыргыз коомундагы жалпылык менен жекеликтин карама-каршылыгына байланышкан проблема буга чейин деле коюлуп келген. Айталык, Топчугүл Шайдуллаеванын «Орунчасы» менен «Чыныгүлү» дал ушундай кырдаалга кабылган каармандар. Бирок чынын айтыш керек, ага эркектин көзү менен, эркектин өңүтүнөн караган учурлар сейрек кездешет. Рахат Аманованын бул аңгемесинде ушул кенемте мыкты толукталган.
«Той да өттү. Кызын көчүрүп барып келгендер жууп, үй бака-шака түшүп, той өткүчө суй жыгылып бүткөн эмелер башы тийген жерде уйкуга кетишти. Үй ээси ини-карындаштарын эшиктеги сөөрүгө чакырып сөз баштады:
— Бир сөз айтайын деп атайы күтүп жүргөм. Мен үйдөн кетейин. Уруксат бергиле?
— Үйдөн? Каякка кетесиз? Эмнеге кетесиз?
— «Каякка» дебегиле. Үстүмдөгү кийимим менен чыгып кетем. Түшүнгүлө?
— Эмнени түшүнөбүз, кокуй? Баарыбызды шерменде кылган атасыз, ушунуңузду түшүнөсүзбү? Кырктан ашып калганда эмне болду сизге? Биз эмне болобуз? Жеңем бечара эмне болот? Эл-журт эмне дейт?
— Менчи? Мени ойлойсуңарбы?… Балдар бойго жетсе кетем деп жүргөм. Күтүп жүргөм! Каякка дейсиңер. Каякка болсо кетейин дегем. Эмне, ушинтип жүрүп өтүп кетейинби?»
Жалпысынан «Кесепет» – улуу муундун айтканы дайыма туура деген стереотипти жаңыча өңүттө талкалаган, анын кесепетинен жабыр тарткан жеке адамдын трагедиясын мыкты көрсөткөн чыгармалардын бири. Жаңыча өңүттө дегенибиз – кыргыз дүйнө таанымы жаштын улуулугун канчалык сыйласа да, аны эч качан абсолют абалга жеткирген эмес. Алыс барбай эле «Манасты» алсак, Манас баатырдын жаш кездеги жеңиштери – бүтүн бойдон атасы Жакып хандын жан тынчтыгын көздөгөн позициясына каршы каяша. «Курманбекте» баш каармандын атасы андан да терс каарман катары элдин эпикалык эстутумунда калган. Демек, элдин кызыкчылыгы, калыстык, чындык жагына келгенде кыргыз дүйнөтаанымы жаштын улуулугун кээде сыпайы, кээде ачуу шекилде артка жылдырып эле келген.
Эркек кишинин ички дүйнөсүн анын өзүндөй түшүнүү жагынан бул жыйнакта «Аа, ошону айтсаң, кемпир» аттуу аңгемедеги абышканын абалы да кыскача штрих менен даана сүрөттөлгөн. Тери ийлеп жатып өткөн кызганычын эстеп уруша кеткен кемпир менен чалдын ортосундагы таарыныч менен түшүнбөстүк – табияттын өзүнө байланышкан, дээрлик чечилбес талаш. Анткени кемпир өз түшүнүгүнө жараша мыйзамдуу түгөй катары укугун коргосо, абышка өз дүйнөсүндөгү аялуу элестерди, алардын да бир чымчым бактыга ээ болгусу келген табигый жашоо укугун коруп жатканын көрөбүз:
«Абышкага бул сөз жакпайт. «Көйнөк» дегенде эле кыжыры кайнап чыкчу. Көйнөктөр көөдөндөгү гүлдүү талаа болчу, ага бейжооп бирөөнү жолотпойт дагы эле. Көйнөктөр качан эле гүлдүү талаага айланып кеткен, элестесе эле түрдүү гүл элестейт».
Экөөнүн ортосунда ийленип жаткан тери – жөн гана орток буюм эмес, кээде кыжылдаша кетип, кээде ар кимиси өз оюна жетеленип үндөбөй калып, кээде бирин бири колдогон, экөөнө таандык турмуш чындыгынын туюндурмасы. Ал чындык башында катуу болсо, бара-бара ар тарапка тартыла берип жумшарып, экөөнүн мүнөзү да, мамилеси да ийленген теридей болуп калган:
«Качанкы кызганычы ойгонгон кемпирдин көздөрү каканактап, абышканын жини көйнөк гүлдүү талаасына тийишкен кемпирине кайнап, Ысталин менен өкүматка акаарат айтканы кошул-ташыл болуп, экөө теринин жанын чыгара мыжыга кармап чойгулап, тарткылап атышып, кыйлада өздөрүнө келишти»…
Китептеги эң аянычтуу, бир эсе эң кызыктуу тагдырлардын бири «Үлүк эне» аңгемесинде берилген. Согуштан кайтпай калган жаш күйөөсү менен кадимкидей очор-бачар турмуш куруп жашап жатканын элестетип, биротоло ишенип алган Үлүк кемпирдин кыял дүйнөсүн айылдагылар да аяп, өз жайына койгону – кыргыздын илгертен келаткан эң мыкты сапаттарынын бири. Анын үлүлдөй аялуу дүйнөсүнө сырттан эч ким оңой менен кирбейт жана кийлигишпейт, бир гана уруксат берилген киши – ошол эле айылдагы эстутуму начарлап калган карыя. Экөөнүн нарк-насили, кыял-жоругу, баалуулугу да бир тегиздикте болгондуктан бул үлүлдөй кооздолгон атмосферага экөө гана аралашып, кобурашып, кайра тарап кетишет.
Жыйнактагы көп катмарлуу чыгармалардын бири – «Таттуу». Аңгемеде мектепке жаңы келген жаш, билимдүү агайын жактырып калган окуучу кыздын сезими кулпуруп, окурманды канчалык өзүнө тартканы менен, чындап келсе окуянын андан аркы өнүгүшү бүтүндөй бир муундун трагедиясын чагылдырат. 1990-жылдардагы өзгөрүүлөр катардагы кыргыз интеллигенциясынын далай өкүлдөрүнүн тагдырын талкалап, психологиялык жактан тебелеп кете бергенининин кезектеги мисалын ушул баяндан көрөбүз:
«Агайдын соода кылганга деле эби жок да! Кайдан соода кылмак эле? Жөн эле ойлуу отурат. Көздөрү аябай ойлуу экен. Эски отургучта тээ белгисиз жакты карап телмири-ип отурат… Аялы бечара жанында соода кылып жатат. Далдаага бекинип биртке карап турдум дагы, жөнөдүм. Базардан кандай чыкканым эсимде жок, Татыш! Баягым агайыбыз жок!»
Жалпысынан эгемендиктин алгачкы жылдар менен кошо келген кризистин, асыресе эмгек миграциясынын эпкини китептеги «Ата», «Кылдырек», «Жетим үй» аңгемелеринде да кадимкидей сезилип турат. Ушундан улам бул жыйнак – өткөн тарыхтын элестери гана эмес, азыркы реалдуулуктун да ар кыл жактарын чагылдырган, кыйла ырааттуу топтом. Андагы окуяларды сүрөттөөнүн элестүүлүгү кинорежиссерлор үчүн чакан, кыска метраждуу фильмдерди тартууга жем таштаса, аңгеме жанрынын сыйымдуулугу жалпы окурмандар аудиториясын кайдыгер калтырбастан, кыргыз прозасында жаңылык катары кабыл алынат деген ойдомун.
Жыргалбек КАСАБОЛОТ