Жыргалбек КАСАБОЛОТ: “Тγрктөргө Эрнистикиндей ырлар жагат”. “Үшкγрγк”… «Арстан жигит»… (ВИДЕО)

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: “Тγрктөргө Эрнистикиндей ырлар жагат”. “Үшкγрγк”… «Арстан жигит»… (ВИДЕО)

“Чай үстүндө баарлашуу”…

Эсиңиздерде болсо, Жыргалбек Касаболот менен ушул долбоордун алкагындагы алгачкы жолугушуу 2023-жылдын 26-мартында өткөн болчу… Эки жылдан кийин ошондой жолугушуунун дагы бири өтүп, кудай буйруса, алдыда дагы да боло бермекчи…

***

Жаш акындардын Табылды Муканов атындагы сыйлыгынын (1994-ж.), КР президентинин журналисттер үчүн каралган “Алтын калем” сыйлыгынын, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынынын ээси (1999-ж.), У.Абдукаимов атындагы адабий сыйлыктын (2023-ж.), сын жанры боюнча Улуттук жазуучулур союзунун «Алтын калем» адабий сыйлыгынын (2024-ж.) ээси, котормочу, акын, журналист, публицист, адабият талдоочу Жыргалбек Касаболоттун “Сын китеби” быйыл (21-январда) жарык көрүп, 29-январда Бишкектеги Ж.Бөкөнбаев атындагы китепканада адабият күйөрмандары менен жолугушуусу болуп өткөн эле. Ал кγн досу Эрнистин (Асек уулу) каза болгон кγнγнө туш болуп калгандыктан бара албай калгам…

Экинчи жолугушуу 2-февралда “Ожак Кебап” кафесинде өтүп, барып, бир эмес эки китептγγ болуп келдим. Авторлордун кол тамгасы менен алдым… 

Бири Жыргалбек Касаболоттун “Сын китеби”, экинчиси ушундай жакшы жолугушууларды уюштуруп жаткан белгилγγ акын, котормочу Толук Бек Байзактын “Көчмөн дγйнөсγ”...

“Экөөң тең Тγркияда жашап, иштеп келдиңер, тγрк тилин жакшы билишет деп ала келдим” деп Эрнистин түрк тилине «IÇ ÇEKIŞ» (Үшкγрγк) аталышта  которулган чакан ыр жыйнагын белек кылдым. “Ким которду эле?” деп котормочуга кызыгышты…

“Тγрктөр кандай кабыл алышыптыр?” деди Жыргалбек. “Эрнис менен Зайырбек Ажыматовдун ырларын журналист, котормочу Мээрим Сайдилкан кызы (Meerim Saidilkan) которгон. Мээримдин айтымында, тγрк эли жакшы кабылдашыптыр… Ошондой эле Мээрим Эрнистин  «Чарчаган көз» ырын «Güfte Edebiyat» маданият журналына, «Үшкүрүк», «Арал» ырларын Kültür Çağlayanı журналына чыгарып берген” дедим.

Жыргалбек: “Жакшы экен. Негизи тγрктөргө Эрнистикиндей ырлар жагат” деп кубантты.

***

Түрктөрдү бириктирген «Арстан жигиттин» кыргызчасы…

Негизи Жыргалбек котормо жагынан мыктылардын сап башында. 2021-жылы “Арстан жигит” түрк ырын кыргызчага мыкты которгонун сөз билги инсандар, котормочулар айтты эле… Жыргалбек бул ырдын таржымалын мындай деп тγшγндγрдү эле: «Бул ырды түрк акыны Бедри Рахми Эюбоглу түрмөдө отурган акын досу Назым Хикметке арнап жазган экен. Аны айтып келген демократ журналист Угур Мумжу киши колдуу болгондо ушул ыр мүрзө башында ырдалган дешет. Зүлфү Ливанелинин керемет обону менен эл сүймөнчүгүнө ээ болгон бул ырдын котормосун окурмандын сынына сунуш кылам. Аз айып, көп күнөөм болсо кечирерсиңер»...

Арстан жигит

Ушул жактын ийри-буйру жолдору…

Дарттан кургап, камтылбаган колдору.

Тула бою — ырдан бүткөн ойлору,

Мында жатат жигит пири арстаным.

Бүгүн гүлдөр бүр ачпасын назданып,

Муңдуу кабар апкелишти жазганып.

Темир төшөп, кара ташты жазданып,

Мында жатат жигит пири арстаным.

Арам жебей, жанын кыйбай башканын,

Нандай таза, суудай тунук жаш жаны,

Эч ким билбес өкүм күчүн аткарып,

Мында жатат жигит пири арстаным.

Мүрзө аралап ким көрүптүр кырманын?

13 жылдык камак соргон дарманын.

Өлүм мени тандаса жок арманым.

Мында жатат жигит пири арстаным.

Бедри Рахми Эюбоглу

Которгон Жыргалбек Касаболот

“Самурай кылыч – жүрөгүм”“Алданба!”…

Эми жолугушуудагы кепке келсек, Жыргалбекке жолугуп, «Сын китебин» алганы, кенен баарлашканы келген мугалим Какен Келдибекова эже толтура суроо берип, баарына жооп алды.

Көп суроосунун ичинде: «Жыргалбек, мурда да китебиң чыкты беле?» деп, бир караганда жөнөкөйдөй, бир караганда, жазмакер адамга тагдырлаш жүргөн соболду узатты. Самурай кылыч – жүрөгүм” аттуу ыр жыйнагы 2008-жылы жарык көргөнγн, мыкты котормочу, акын Марат Токоев экөө биргеликте “Алданба” аттуу практикалык колдонмо китеп жазгандарын, анда фейк деген эмне, маалыматты кантип текшериш керек деген суроолорго жооп камтылганын айтты Жыргалбек…

Анан Жыргалбектин өзγнγн көркөм окуусунда ырларынан окуп берγγсγн өтγндγк. «Жаңы жыл», «Элет» ырларын окуп берди…

Жаңы жыл

Жаңы жыл

Бүт Бишкекке салтанаты чачырап
Бүгүн түндө кайра салют атылат.
Баары күткөн бул майрамга көнүмүш
Бала-чака камданууда бапырап.

Жетелешип жигит менен кыздары
Жер бетинде жашоо бүтпөйт тыштагы.
Кара жолун карап турам көчөнүн
Кадимкидей кар жаабаган кыштагы.

Таарынышпай калыш үчүн катарда,
Тагынабыз жан дүйнөгө жасалга.
Таттуулардын сүрөтүндөй бул заман
Тамыры жок балатыдай жасалма.

Туйлай албай илгеркидей жүрөгүм,
Туйбасам да бул майрамдын илебин
Дал төбөмө сейрек түшкөн кар өңдүү
Дагы бир чач агарганын билемин.

Элди аралап, Аяз Ата тон кийген,
Эшиктерден кут, береке мол кирген,
Эмнегедир Жаңы жылда, дүйнөнүн
Эскиргенин сезе түшчү болдум мен…

Элет

Тааныштай карап теректер,

Табактай жылып келет жер.

Такымын жеген бул күндө

Таанылбай барат элеттер.

 

Эртеңки күнгө камынып,

Эл шашып жүрөт чамынып.

Айдоо жер жаткан түзөңгө

Айылдар кеткен салынып.

 

Быйыл жок, былтыр көрүшкөн

Бир тобун небак көмүшкөн…

Керилген сайын конуштар

Кеңейип барат көрүстөн.

 

Көздү жуумп, жаңы ачкансып,

Көрө элек жолду баскансып,

Жеңилип турдум мезгилге

Жер тарып бара жаткансып.

 

Түбөлүк тапкан түнөктөр,

Түйшүгү бүткөн жүрөктөр…

Жалдырайт жолдун четинде

Жазуусу чаңдуу сүрөттөр.

 

Өзүмдөн өзүм күймөнүп,

Өзгөргөн шартын үйрөнүп,

Тамдары жаңы көчөдөй

Тааныбай турам дүйнөнү.

 

Жол ушул, баары бир баскан…

Жолоочу каттайт тынбастан.

Жок болгон күнү мен дагы

Жол карап калам жылбастан.

Үч калаа (Т. Байзакка)

Тузун татсаң тузак болуп байлаган,

Турмуш өзү тыным албай кайнаган,

Сепилинде Москванын зеригип

Сен деңизди сагындыңбы кайрадан?

Көкөйүңө тийгичекти кыш болгон,

Көпчүлүккө метросу жыш толгон,

Көрүп коюп жатсаң керек айнектен

Көчөлөрүн көк жылгаяк муз тоңгон.

Бизде болсо баягы эле көрүнүш,

Бишкек жатат, калыбында көнүмүш.

Терезеде тоону тоскон көп үйлөр

ТЭЦтен чыккан түтүн тургай көңүл ыш.

Айрый албай караларын агынан,

Арыла албай жүрөктөгү тагыман

Эжем, байкем тирүү кези элестеп

Эмнегедир Стамбулду сагынам.

Бирде турмуш деңиз болуп термеди,

Бирде көңүл көккө канат сермеди.

Биз таба элек бир чындыктын учугу

Биз бара элек табышмактуу жердеби?

Ай, ким билет… Кимдер кандай түшүндү?

Аңгыратат түркүн ойлор ичимди.

Алыс-жакын айрымасы калбастан

Азыркынын кең дүйнөсү кичирди.

Толкун жиреп толгон-токой кемеси,

Торго түшүп жер шарынын денеси,

Мөңгүлөрдүн эригенин көргөндө

Мөлт дей түшөт эски күндүн элеси.

Агуудабыз ар кай жакка чачырап,

Андагыдан мезгил учат батыраак.

Өтөй турган милдет улам көбүрөөк,

Өмүр болсо жартысынан азыраак.

Алды жакта күтөт кайра деңизиң.

Азырынча арсар менин келишим.

Барып калсаң, салам айтып Бишкектен

Балыктарга жем берип кой мен үчүн.

“Аялды тγшγнγштγн кереги жок”

Ошондой эле Толук Бек Байзактын да ырын уктук. Китептеги “Аялды тγшγнγштγн кереги жок” деген ырын Какен эже жактырды окшойт, жанында отурган Айгγл Тоголокованын көркөм окуп беришин суранды эле, акын кызыбыз ордунан тура калып, минтип окуп берди:

Какен Келдибекова, Айгүл Тоголокова.

Аялды түшүнүштүн кереги жок,

аялды сүйүш керек ченеми жок.

Аялга дүйнө берип, көңүл берип,

азапты тарттырбайлы себеби жок.

 

Түгөнгүс түйшүк тартар өнөкөтү,

түгөнбөс ошондо да берекети.

Түбөлүк шыктандырган, суктандырган,

аялзат — Жараткандын керемети!

 

Энебиз, эжекебиз, карындашың,

асыл жар, кыздарыңдын табылбасын.

Кайсы өлкө сактай билсе аялзатын,

билемин эч убакта жаңылбасын.

 

Жыгылсаң колтугундан жөлөп, колдойт

керекпи катарлашып Мекен коргойт.

Улутту сактай турган аялзаты,

аялсыз эч убакта улут болбойт!

 

Аялды таарынтпайлы себеби жок,

аялсыз өлкөнүн да кереги жок.

Аялдуу ушул дүйнө кандай сонун!

Алланын мындан өткөн белеги жок!

Толук Бек Байзак (2010-жыл)

***

 Акындын карачечекей сγрөтчγ баласы…

Сγрөтчγ Эсенгул Жапаров

Сγрөтчγ Эсенгул Жапаров ыр окулуп бγткөнчө эле Толук Бек  Байзактын сγрөтγн карандаш менен бир заматта тартып салды.

Сүрөттγ ээсине тапшырып, кеткенден кийин, ал жигит акын Дүйшөн Жапаровдун карачечекей уулу экенин билдик.

«Дүйшөн байкенин ырларын жакшы көрөм.  Атбашылык да…» — деди Айгүл.

Акын Дүйшөн агабыз да Эрнис каза болгон жылы (2020-жылы, августта) көз жумду эле. Ыраматылык Зайырбек Ажыматовго интервью бергенде: “Уулума үй, жанына өнөркана салып жатабыз. Балам жакында сүрөтчүлөр окуу жайын бүтөт. Менин милдетим – усталарга ашпозчулук кылуу” — деген экен… Жазмыш экен, Зайырбек экөө бир жылда кетип калат деп ким ойлоптур?..

***

Кириллица тамгалары…

Айтмакчы, Какен эжебиз байыркы кыргыз тамгаларын (Орхон, Энесай) окуткан окуу китебин Жыргалбекке белек кылды. Авторлошу Сулайман Рысбаев экен. Тарых, санжыра, Манас, арип тамгалары, тил маселеси боюнча да кызыгуусу кенен эжебиз Жыргалбектен кыргыздын азыркы колдонуусундагы кириллица алфавитиндеги йоттошкон тамгаларды жоюу керек дегендер, орток латын ариптерин колдонуу тууралуу талаш-тартыштар боюнча Жыргалбектин көз карашын сурады.

«Ж”, “К”, “Г” тыбыштарын жоон, ичке үндүүлөрдүн катышына карай тыбыштык милдеттери өзгөргөн учурларда “…мисалы, каткалаң К (кы) тыбышын Қ, Г тыбышын Ғ ариби менен жазыш керек. Мисалы, Жыргалбек Касаболот — ЖЫРҒАЛБЕҚ ҚАСАБОЛОТ деп “К” тамгасы куйруктуу Қ тамгасы менен жазылыш керек. Бул боюнча мен көп жаздым, айтып да келатам”, — деди . Ырас, Жыргалбек бул маселе боюнча 2022-жылы «Кыргыз жазуусу, маданий мурас жана геосаясат» аталышта макала жазган. Ал бу ШИЛТЕМЕде.

***

Устат-шакирт…

Эрнистин ТОКЕси менен ЖЫКЕсинин китептерин окуп бүттүм. Мыкты! Толук Бек Байзактын ырларына да кайрылабыз, кудай буйруса.

Жыргалбектин «Сын китеби» “Устатым Чоюн алптын дүйнөлүк жүгү” деген аталыш менен устаты Чоюн Өмүралиевдин «Кыргыз мамлекеттиги: кечээ, бүгүн, эртең» китебиндеги баш сөзү менен башталат. Устатка баш сөз жазуу негизи кыйын го… Ал боюнча Жыргалбек мындай деп жазыптыр:

«Андан бери карапайым адамдар арасында да, кыргыз интеллигенциясында да жоготуулар көп болду. Арабызда азыр Алым Токтомушев да, Мелис Эшимканов тургай нниси, досум Эрнис Асек уулу да, Чоюн байкенин досу, мыкты философ Тайлак Абдылдабеков да жок. Болбосо улуу муундагы адамдар турганда пайгамбарымдай сыйлаган адамдын китебине бул баш сөздү жазганга даамак эмесмин. Анткени кыргыз интеллигенциясынын салтында негизинен улуусу кичүүсүнүн китебине баш сөз жазып, жолун ачып, батасын берет. Бирок болгону ушул экенбиз. Аз болсок да, кээде турмуш зарылчылыгына жараша айрым этикалык эрежелерди экинчи планга калтырып бири-бирибизди ар дайым колдоп турушубуз керек экен. Андыктан бул жерде жазылгандардын баарын рецензенттик дымак эмес, устатынын жазгандарын элге дагы көбүрөөк ачып берген жаман инисинин аракети, талдоочулук жардамы деп түшүнгүлө!»

2017-жылы Жыргалбектен интервью алганда, устат боюнча: «Чоюн агайды устатым деп жүрөсүң. Өзүң кимдир бирөөгө устат боло алдыңбы?» деп суроо берсем, «Мен ар кайсы тармактар боюнча көп эле кишиге жол көрсөттүм. Бирок өздөрү сурамайынча эч кимге эч нерсе таңуулабайм, устатмын деп милдет артпайм. Айтчусун айтып, берчү кеңешимди берем, аны кантип пайдаланыш өздөрүнөн. Өзүм да өмүр бою улам жаңы нерселерди үйрөнүп жүрүп отурганды жакшы көрөм» деп жооп берген эле.

Жети атасы… 

Ошол эле интервьюда жети атасын да сурагам. Ага мындай деп жооп берген: “Өз атам Асек, кичине кезинде койгон аты Кубан болгон экен. Дарыгерликти аркалап, кыргыздардын ичинен эндокринология боюнча алгачкы жолу илим жактаган кишилердин бири болгон. Ал мен эс тарта электе эле өтүп кеткен, бизди апабыз жалгыз багып чоңойтту. Анын атасы Касаболот. Анын атасы Райымбек, Райымбектин атасы Султа деген киши болгон. Султанын атасы Өмүрчү, өз учурундагы касиеттүү, көрөгөч киши болгон деп айтышат. Анын атасы Садык баатыр калмактарды Көл өрөөнүнөн сүрүп чыкканы, Кочкордон тартып Кытайга чейин кубалап келгени, убагында азыркы Барскоон айылын түптөп кеткени менен белгилүү. Кадимки Балбай баатырдын атасы Эшкожо экөө бажа болуп кетет, анткени экөө тең Атаке бийдин кызын алган. Айтылуу Тилекмат акенин энеси, Жылкайдардын зайыбы Садык баатырдын калмактардан колго түшүрүп келген туткун кыздарынын бири болгон. Садык баатыр Кенжебайдан. Кенжебай Мажиктин уулу. Мажиктин атасы Төрэштек, анын атасы Бапа. Бапа Алсейиттин уулу. Алсейит, Тынымсейитти билесиңер, Мырзакулдун балдары, ал эми Мырзакул Орозбактынын баласы. Орозбакты менен Дөөлөсбакты Кылжырдын балдары. Ошентип, уруум бугу, уругум бапа. Бапа тукумдары негизинен Барскоон айылын жердеп турушат”.

Акын апасы…

Шакен Мамбетаипова

Шакен Мамбетаипова эжебиз Жыргалбектин апасы экенин Эрнис аркылуу билгем. «Көл боюна жүз келем» ыр китеби Эрнистин үйдөгү китепканасында турчу. «Жыргалбек кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы сүрөтчү-прикладник, кол өнөрчүлөрдүн “Кыял” республикалык бирикмесин түзүүчүлөрдүн бири, Кыргыз эл сүрөтчүсү, акын Шакен Мамбетаипова эжебиздин баласы, билесиӊби?» деп текчеде тизилген китептер арасынан «Көл боюна жүз келем» деген китепти сууруп чыгып, «эжебиздин ырлары да эми укмуш, окусаӊ» деп мага берген эле…

Апасы тууралуу Жыргалбектин «Азаттыкка» берген төмөнкү маегинен угалы…

Жакшы да ырдайт…

Жыргалбектин ысымын мен тээ мурун «Жаштык жарчысынан» тааныгам. Анда атын уксам, өзγ менен менен 2013-жылы тааныштым. Эрнис экөөбγз жаңы баш кошкон жыл эле… Бир кγнγ кечке маал Эрнис бир топ тааныштары менен γйгө ээрчитип келип калды. «Нази, мына, сен ашык болуп жγргөн Жыргалбек Касаболотовду алып келдим” деп тамашалай тааныштырды. Тамашакөй эле.. Ага чейин мен “Жыргалбектин жазганы жагат” деген элем… Бирок, досум деп айткан эмес. Экөө дос экенин ошондо билдим.

Ошондо келген коноктор бир топко чейин баарлашып, жаштык кездерин эстеп, ырдап жакшы отурушту… Жыргалбектин γнγ тимеле укмуш экен. Ырдаса мыкты ырчы болмок экен деп γнγнө суктанып эле отуруп калдым…

**

Бир топ ырларына обон чыккан. Анын бири — «Теңирим».

Ашым Жакыпбековдун атактуу ыры… Авторун издеп аткан мугалим…

Макаламды мыкты котормочу, жазуучу Ашым Жакыпбековдун мыкты ыры менен аяктайын.

**

Жолугушууда суроолорду жайнаткан Какен эжебиз кетип жатканда кызыктуу бир жаңылыгын айтты. Эски бир гезиттин тытыгынан жγрөккө тие турган бир ырды таап алыптыр. Аны жатка да билет экен. «Ушул ырдын автору ким?» деп бизден сурады эле, эч кимибиз таппадык. «Совет убагындагы акындар билсе керек, ошол учурдагы акындардын жазганына окшош экен» деди Жыргалбек. «Социалдык тармактарга жайгаштырып көрбөйсγзбγ» десем, «Жайгаштыргам, эч ким таппады. Башкаларды эле жазып жатышты. Мен болсо Ашым Жакыпбековдун жазганына окшоштурдум. Ушул ырдын авторун ким таап берсе, куйруктуу кой берет элем» деди. «Ашым Жакыпбеков ыр жазчу беле?» деди Толук Бек. «Жазчу. «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильминдеги  Гүлсүн Мамашова эжебиз ырдаган атактуу «Издеп жүрөм» ырдын автору, обону Мукан Рыскулбековдуку. «Ошо ыр Ашым Жакыпбековдукубу? Мага ачылыш болду» деди Толук Бек. «Сонун ыр. Бирок, ал ыр аял кишиге таандык го… «Сөз кылса кыздар сени кызганамын» деп атпайбы ал ырда…» деди Жыргалбек. «Балким, сураныч, буйрутма менен жазгандыр…» десем, «Балким…» дешти…

Анда эмесе, ошол сонун ыр мына!

«Издеп жүрөм»

Сөзү: А.Жакыпбековдуку. Обону: М. Рыскулбековдуку

Назира СААЛИЕВА

P.S. Мындай жолугушуулар улана берерин айтты Толук Бек. «Болсун, болсун!» деп тарадык. Жыргалбек Касаболоттун «Сын китебин« «Book House» (Киев көчөсү, 65) китеп дүкөнүнөн алсаңыздар болот. Китеп боюнча суроолор болсо, Толук Бек Байзакка чалсаңыздар болот. Тел: 0550380477

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.