“Манас ааламы-2025” көргөзмө-сынагы жарыяланды! (Жол-жобосу)

“Манас ааламы-2025” көргөзмө-сынагы жарыяланды! (Жол-жобосу)
“Манас” улуттук академиясы Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу менен биргеликте сүрөтчүлөр арасында “Манас ааламы-2025” көргөзмө-сынагын жарыялады. Бул тууралуу улуттук академия маалымат таратты.
Алардын маалыматына таянсак, мындай иш-чара «Манас» эпосу тууралуу чыгармаларды көбөйтүү, элге жайылтуу максатта уюштурулган.  Живопись, графика, станоктук скульптура жана жасалга колдонмо өнөрү (ДПИ) жаатындагы чыгармалар кабыл алынат. Орундар чыгарманын маани-маңызы, композициялык чечилиштери жана чыгармачылык чеберчиликтери боюнча аныкталат. Сыйлык, кызыктыруулучу сыйлык алган чыгармалар Улуттук “Манас”академиясынын фондунда калтырылат.
Көргөзмө-сынакка катышкан ар бир чыгарманын электрондук варианттары ылайыгына жараша Манас эпосунун жаңы басылмаларына жана китептерге чыгарылып турат.
Калыстар тобу “Манас” улуттук академиясы жана КР Сүрөтчүлөр Союзу тарабынан түзүлөт. Иш-чара жыл сайын өткөрүлүп турат.
Живопись, Графика, Станоктук скульптура, Жасалга колдонмо өнөрү (ДПИ) жаатындагы 1-2-3-орунду алгандар үчүн акчалай сыйлык, алтын дипломдор жана 10 орунга кызыктыруучу сыйлык, грамоталар тапшырылат.
“Манас ааламы” көргөзмө-сынагынын уюштуруу иш-чаралары:
30-январь – Музей менен өткөрүү күнүн аныктоо, музей менен келишим түзүү, (сүрөтчүлөр союзу).
5-февраль – жарыяларды таратуу, (Көркөм-сүрөт академиясы, Сүрөтчүлөр союзу, Сүрөтчүлөр шаарчасы, Көркөм-сүрөт музейи, Чуйков ат-гы сүрөт окуу жайы, Көркөм-сүрөт колледжи, Көркөм-сүрөт мектеби).
1-февраль-26-апрель – сүрөтчүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, (сүрөтчүлөр союзу).
18-февраль – комиссия мүчөлөрүн түзүү жана алар менен макулдашуу, (Улуттук “Манас”академиясы, сүрөтчүлөр союзу).
1-февраль – плакат жана чакыруу кагаздарынын дизайндарын даярдоо жана макулдашуу, (сүрөтчүлөр союзу).
5-февраль – афиша жана чакыруу кагаздарынын чыгаруу, (Улуттук “Манас”академиясы, сүрөтчүлөр союзу).
1-апрель – афишаларды илип чыгуу, (Көркөм-сүрөт академиясы, Сүрөтчүлөр союзу, Сүрөтчүлөр шаарчасы, Көркөм-сүрөт музейи, Чуйков ат-гы сүрөт окуу жайы, Көркөм-сүрөт колледжи, Көркөм-сүрөт мектеби), (сүрөтчүлөр союзу).
10-апрель – чакыруу кагаздарын таратуу, (Р.И. Отунбаеванын кабылдамасы, Улуттук “Манас”академиясы, Жогорку Кеңеш, И.Арабаев ат-гы университет, Сүрөтчүлөр союзу, Көркөм-сүрөт музейи, Көркөм-сүрөт академиясы, Чуйков а-гы сүрөт окуу жайы к ж.б), (сүрөтчүлөр союзу).
18-апрель – диплом жана грамоталардын дизайндарын жасоо жана макулдашуу, (сүрөтчүлөр союзу).
5-май – чыгармаларды кабыл алуу – музейде, (сүрөтчүлөр союзу).
6-май – чыгармаларды тандоо жана экспозиция жасоо, (сүрөтчүлөр союзу).
6-май – орундарды аныктоо, (комиссия).
7-май – диплом жана грамоталарды чыгаруу жана тапшырууга даярдоо, (сүрөтчүлөр союзу).
8-май – ачылышы, жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшыруу аземи.
14-май – жабылышы жана авторлорго чыгармаларын таратуу.
Өтүүчү жайы: Сүрөтчүлөр Союзунун “Эмен багы” Көргөзмө залы
Кабыл алуу: Чыгармалар Сүрөтчүлөр Союзунун “Эмен багы” Көргөзмө залында 5-май.
Орундарды аныктоо: 6-май 11:00 2025-жыл.
Ачылышы: 8-май, 15:00, 2025-жыл.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшыруу: ачылыш аземинде 8-май, 15:00, 2025-жыл.
Жабылышы: 14-май, 2025-жыл
***

Эмгекти эске сала кетсек…

«Манас» улуттук академиясы манасты жайылтуу максатта былтыр бир топ долбоорду ишке ашырышкан. Алгач “Манас” кыргыз элинин маданиятынын коду». «Манас» маалымат майданында» аттуу тренинг (маалымат машыгуусун) өткөрүшкөн. Анда «Айкөл» студиясы ачылганын, багыты айтылган. Ошондой эле «Манасты» кантип жайылтуу жана сөз касиети, куну боюнча эки сабак өткөрүлүп, «манас жарчыларына» белектер, сертификаттар тапшырылган.
***
Андан кийин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата Манас таануучулардын республикалык форуму (2024-жылдын 2-3-декабрында), Бишкекте болуп өткөн. Форумга жети дубандан, Бишкек шаарынан келген манас таануучу мугалим-агартуучулар, белгилγγ тарыхчы, окумуштуу, этнограф, манасчылар жана манас жарчылары катышып, аягында резолюция кабыл алынган. Аягында мугалимдерге академиянын кичинекей төш белгиси менен кошо “Манасты дγйнөгө даңазалагандар” аттуу көлөмдүү китеп, Эр Табылды”, “Эр Төштγк” энциклопедиясы, “Эпос” эл аралык илимий журналы, “Манас таануу” окуу китеби, Манас стенограммасы менен кошо сертификат, кγбөлγк тапшырылган.
***
Жакында эле, 31-январда коомдук, саясий ишмер, “Манас” академиясынын негиздөөчүсү Топчубек Тургуналиевди “Эр Манаска мураскер, келечекке данакер — Топчубек Тургуналиев” аталышта маркумдун жаркын элесине арналган эскерүү кечесин өткөрүшкөн.
***
Эми минтип быйыл «Манас» улуттук академиясы Сүрөтчүлөр союзу менен биргеликте көргөзмө-сынагын жарыялап отурат.
Урматтуу сүрөт ышкыбоздору, сынакка катышыңыздар! Баарыңыздарга ийгилик!
Назира СААЛИЕВА 
P.S. “Манас ааламы-2025” көргөзмө-сынагы боюнча суроолор, сунуштар болуп калса, анда бул телефондорго чалыңыздар: (0700) 87 40 55, (0554) 309 454

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.