Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маркумдун сөөгүн жерге берүүнү тартипке келтирүү тууралуу фатва чыгарды. Ага ылайык, маркумдун үйүнөн алгачкы үч күндүн ичинде мал союлуп, келгендерге тамак-аш берүүгө тыюу салынат. Үчтүк, бейшембилик, жетилик, жыйырмалык, кыркылык, ашы сыяктуу аталыштар менен мал союп, тамак аш берүүгө болбойт. Муфтияттын фатвасында жыртыш таратып берүү, бел боо, «ак кийди, көк кийди» деген кийиттерди берүү ысырапкорчулук деп аталды жана ага да тыюу салынат.
Мүрзөгө мармар таштан, граниттен, темирден жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалгаланган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө тактайларын тургузууга жана орнотууга болбойт. Фатваны аткаруу Кыргызстандагы бардык мусулмандар үчүн шарияттык милдет болуп эсептелет. Андан тышкары фатвада өлгөн адамды мүмкүн болушунча тезирээк жерге берүү шарияттын талабы экени, эч бир себеби жок сөөктү 2-3 күн кармоо шариятка туура келбей турганы жазылган. Ошондой эле исламда кабырды 1,5 метрден кем эмес, андан да тереңирээк, эки метрге чейин казылары белгиленген
Буга чейин Министрлер кабинети көрүстөндөргө сөөк коюу жана маркумга эстелик коюу тартибин бекиткен. Документте көрүстөндүн 60-65% сөөк коюлган жайлар ээлеп калганы жазылган.
Ошондой эле маркумду коюуга жана коштошууга келген адамдар үчүн атайын аянтча да каралышы керектиги белгиленген. Токтомго ылайык, ар бир жаранга сөөк коюлуучу жер тилкеси бөлүнөт. Мүрзө үчүн жер тилкесин берүүдөн баш тартуу болбойт.
Жер тилкеси маркумдун көзү тирүүсүндөгү каалоосуна ылайык, туулган же акыркы жашаган жери боюнча, мурда каза болгон жакындары көмүлгөн жерден берилет. Уруксат берилбеген жерге өз билемдик менен коюуга, казып алып, башка жакка кайра көмүүгө да тыюу салынат.
Маркум коюлуучу жер тилкесинин өлчөмү жергиликтүү кеңеш тарабынан жергиликтүү шарттарга, каада-салтка жана карманган динине жараша бекитилет.
Эстеликке маркумдун аты-жөнү, туулган-өлгөн күн, ай, жылы жазылат. Диний символдорду жана эпитафияларды чегерүүгө уруксат берилет. Жалпы эрежелерге туура келбеген элементтерди коюуга тыюу салынат.
Министрлер кабинетинин сайтындагы маалыматка ылайык, бул жоболор президент Садыр Жапаров былтыр октябрда чыгарган “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” жарлыгынын негизинде даярдалды.
Жапаров 2024-жылы 24-февралда “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Долбоор парламентте талкууланып жатканда көр сатуу, ага баргандарды, жол бергендерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселелери дагы көтөрүлгөн.(КЕ/BTo)
«Азаттык»