Тагдырдын тамашасын кара!
“Бүгүн укмуш бажырайып таң атты,
Үч майрамдын бир келгенин карачы:
Орозо, Нооруз, Жума күн,
Бул үчөөнүн сообу чексиз саначы!
Куттуу болсун катар келген жакшы күн,
Эч кемибей, оорубай жүрсүн адам баласы”
автору жок ушундай сонун ыр менен куттуктоо Вотсабыма жайнап келип атат. Албетте, Жараткандын ар бир күнү жакшы күн… ар бир күнү жакшылыктар эле болсун дейсиң… А бирок кесиптешим Канышай Мамыркулованын ушундай жакшы күндө чоң сыноого тушугуп, айыпсыз абакка камалганы көңүлдү кирдетти!
Анын үстүнө, калп төргө өтүп, чындык чыркырап босогодо бозала болуп калган жерде унчукпай отура албадым… политолог кесибим да ага жол бербеди… Анткени бийликти сындап, оппозицияны жактаган коомдук-саясий, оппозиция гезиттерде иштеп, саясат өтө кир экенин билип калдык… Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаров... бардык эле бийликте иштеп, алардын жγргγзгөн саясатын көрүп, «ысымдары тарыхта кандай тамга менен жазылып жатканына» кγбө болуп келатабыз…
***
Канышайдын камалганын угуп, улам бир жаңылык, маалыматтарды карап окуп отурсам, ушул сγрөт улам кездешип жатты… Анда Канышай айыпсыз абакта жаткан авасынын укугун коргогондордун катарында болгон эле… Биз да «туура эмес иш болду» деп азыркы ажону коргодук эле…
Кийин Садыр Жапаров ажо болгондо Канышай, “авам эле авам” деп бийликтин кемчиликтерин какшык аралаштырып айтып, жазганы эле болбосо, журналисттик, жарандык позициясын билдирип жазгандарына “башаламандыкты уюштуруп, бийликти басып алайын деген” айыптарды тагып жатышканы, чынында, айла жоктун ишиндей эле туюлат…
Тийиштүү кызматтардын Канышайды кармап кетишкени да чоң суроону жаратат. Мыйзам үстөмдүк кылган мамлекет боло албай жатканыбыздын дагы бир далилиндей эле болуптур. Үйγнγн алдына кайсы бир талаалап качып карматпай жүргөн рецидивистти, калк тынчтыгына, өлкө тынчтыгына коркунуч жараткан террорист, кылмышкерди астырт аңдып барып кармагандай болбой, колду кайрып “ала качпай” эле суракка чакыруу берсеңиздер деле болмок. Өзү деле “чакырсаңар, барып берем” деп айтып, жазып жүрдү эле го… Суракка келбей, тоң моюндук кылса, ошондо “баш ийбөөчүлүк” десеңер анча-мынча жарашмак….
“Ыйык Рамазан айында, орозо күнүндө соопчулук иш-амалдар эселеп жакшы” деп жатабыз, эми Канышайдын жарандык позициясын, ден соолугун, жалгыз кызынын абалын эске алуу менен адилеттүү чечим кылып, кесиптешибизди γй камагына чыгарып коюңуздар, урматтуу тийиштүү бийлик өкүлдөрү.
***
Ырас, Канышайдын интернет желесиндеги жазгандары кимдир бирөөгө жакпашы ыктымал. Бирок, ал бирибиз байкоос албаган, бирибиз көз жаздымда калтырган эл тагдыры, өлкө тагдыры менен байланыштуу урунттуу учурларды, маселелерди жазып келатканы чындык да. Бүгүнкү абактан жазган алакандай катында деле: “Чек ара меники же башканыкы эмес, жалпыбыздыкы. Мен кылмыш кылганым жок. Мен принцип деген сапатты, элди, элдүүлүктү, жерди сактайлы деп пикир билдирдим” деп жазыптыр. Анын кээде катуураак кетип, кээде келекелеп ачуураак жазгандарына чыдап келгендерге, балким, шылтоо табылып, мыкты акын, журналист Жыргалбек Касаболот жазгандай, “Канышай эч кандай мыйзамды бузганы үчүн эмес, бийликти сындаганы үчүн гана камалды”…
***
Мурунку баш прокурор Аида Салянова: “Канышай курч маселерди көтөргөнү менен жүрөгүнүн түпкүрүндө Садыр Жапаровго жан тартып турганы сезилчү. Саясатта бул чанда эле кездешчү дарамет. Бийлик үчүн кошоматчылар, эки жүздүүлөр алда канча коркунучтуу!” жазгандай, кечээги, бүгүнкү, эртеңки “кошоматчылар, эки жүздүүлөр эселеп коркунучтуу” экени, айт айтпа, кылымдарды карыткан кыргыз тарыхында, дегеле дүйнө тарыхында далай ирет эле далилденген. Андай адамдар, балким, айрым кызматтагылар үчүн “бөрк ал десе, баш алган” “ыңгайлуу, керектүүлөр” чыгар… бирок эртең колдон бийлик кетсе, биринчилерден болуп мына ошолор жамандап, “бетине эле айткам, укпай койгон” ж.б.у.с. айтып чыгат, жазып чыгат.
***
Айтмакчы, акыркы учурда “айтыптыр, жазыптыр, кайрылыптыр” деп камалгандардын баарына жапырт 278-берененин катуу иштеп жатканы түпөйүлдүүлүктү жаратат… өзүнчө “жазалоочу беренеге” эле айланып бараткандай…
Дагы бир кесиптешибиз Төлөгөн Сулайманов: “278-статья бул өтө оор берене болуп эсептелет. Бул статья менен негизинен саясатчылар камалып, арты тарыхый бурулуштарга алып келген. Алыс барбай эле кечеки тарыхты алганда азыркы ажо да, генерал досу да ушул статья менен айыпталган. Аягы белгилүү…” деп жазгандай, жалпыга сабак болгудай далай эле учурларды баштан кечирдик.
Ар бир чечим, ар бир иш, ар бир сөз үчүн Жараткандын алдында бийликтегилер да, бийликте эместер дагы — баарыбыз жооп беребиз… Андыктан жакшы иштерибиз арбын болсун!
***
Бγгγнкγ бийликке болгон КАЙРЫЛУУБУЗ оң жакка чечилип, кесиптешибиз Канышай Мамыркулова эртең γй камагына чыгып калаар… Андан ары акталып калаар… Канышайды Кудай колдосун!
Назира СААЛИЕВА