Кечээ, 20-мартта, эркин журналист Канышай Мамыркулова 48 саатка камалганы маалым болгон. Ал боюнча ИИМ соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкканын, ага байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине («Массалык баш аламандыктар») ылайык иш козголуп, Канышай Мамыркулова Бишкек милициясынын убактылуу камак жайына камалганын билдирген.
Буга коомчулук реакция кылып, бийликке кайрылуу жолдоду.
Кыргыз Республикасынын президенти
Садыр ЖАПАРОВго,
УКМК төрагасы
Камчыбек ТАШИЕВге,
Ички иштер министри
Улан НИЯЗБЕКОВго
КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Урматтуу Улан Омоканович!
Кыргызстанга белгилүү, чындык, акыйкаттык үчүн күйгөн белдүү журналисттердин бири Канышай Мамыркулованы камакта кармоо — Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келет. Анын үстүнө анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда. Бул боюнча тиешелүү медициналык документтер жактоочу тарабынан көрсөтүлөт.

Ырас, Канышай Мамыркулова айрым учурда ачуу сындайт. Бирок анын мамлекетке зыян келтире турган, башаламандык уюштуруу боюнча кыянат ою болбогондугун элибиз көрүп, билип турат.
«Баш кесмек бар, тил кесмек жок» демекчи, өз оюн ачык айтканы үчүн айыптап, «бөрк ал десе, баш алган» жорукка сиздерди жол бербейт деген ишеничтебиз жана сиздерден калыс, акыйкат, адилет мамиле күтөбүз!
Эгер мыйзам алкагында кандайдыр бир чекилик кеткен болсо, жалгыз бой энени үй камагына чыгарып, териштирүү иштерин жүргүзсө болот. Ал үй камагына чыкса эч жакка качып кетпестигине жана тергөөгө эч кандай тоскоолдук жаратпай турганына кепилдик беребиз!
Сабыр Муканбетов,
Аскер Сакыбаева,
Кайыргүл Урумканова,
Сурат Жылкычиев,
Өндγрγш Токтонасыров,
Курманбек Абакиров,
Жалил Сапаров,
Миржан Балыбаев,
Азиза Абдрасулова,
Аслан Сартбаев,
Мырзакат Тыналиев,
Руслан Акматбек,
Самат Алиев,
Семетей Аманбеков,
Алмаз Темирбек,
Төлөгөн Сулайманов,
Жаркын Ибраева,
Гүлзада Медералиева,
Эламан Карымшаков,
Назгүл Мамытова,
Аманбол Бабакулов,
Элнура Кулуева,
Бакыт Качкынов,
Чынайым Кутманалиева,
Сымбат Максүтова,
Турдайым Кожомбердиева,
Тамара Валиева,
Назгүл Насиева,
Сапар Акун,
Айсулуу Талантбек кызы,
Базарбай Гапаров,
Сайрагүл Дуулатова,
Самара Босумбаева,
Жазгүл Ибраева,
Гүлжан Шерипбаева,
Адилет Айтикеев,
Чыныбек Ажыбеков,
Бурул Мусабекова,
Кубатбек Айбашов,
Жазгүл Урманбетова,
Айгүл Бакеева,
Перизат Кутманалиева,
Ибрагим Нуракун уулу,
Семетей Аманбеков,
Анархан Алтымышова,
Бегайым Талантбекова,
Акан Иманов,
Дилбар Алимова,
Алмаз Чербеков,
Каныбек Сапаров,
Айбек Шамшыкеев,
Бактыгүл Чыныбаева,
Тилек Рыскулов,
Жумагүл Барктабасова,
Семетей Талас уулу,
Манас Осмон,
Айдай Ивакова,
Али Токтакунов,
Кабылбек Бешимбаев,
Аттокур Жапанов,
Кенжебек Алдаяр,
Жыргалбек Касаболот,
Марат Токоев,
Назира Саалиева,
Салима Салиева,
Шабдан Сулайманов,
Толук Бек Байзак,
Эркин Рыскулбеков,
Бийбосун уулу Айбек,
Болот Темиров,
Акылбек Махрамбаев,
Асыран Айдаралиев,
Кайрат Кенжебей уулу,
Бурулсун Курманалиева,
Жибек Бейшеева,
Улукбек Омокеев,
Абдыжапар Нурдинов,
Эркаайым Боталиева,
Адил Турдукулов,
Алтынай Арстанбекова,
Саматбек Жетиген,
Жолдош Турдубаев,
Нурлан Атамырзаев,
Асылкан Шайназарова,
Элнура Алканова,
Сайпидин Султаналиев,
Элбек Базаров
Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
P.S. 22-мартта Канышай Мамыркулованын баш коргоо чарасы каралат. Биздин кайрылуу эске алынып, акталып, сот залынан бошотулат деген чоң γмγттөбγз!