Ынтымак МУРАДИЛ уулу: «Жебелерди өзүм жасап, сатыкка чыгарып жатабыз….»

Ынтымак МУРАДИЛ уулу: «Жебелерди өзүм жасап, сатыкка чыгарып жатабыз….»

 “Жаа атуу өнөрү ар бир кыргыздын канында бар”

Кыргыз элинин канына сиңген көөнөрбөс өнөрлөрдүн бири — жаа атуу. Бул өнөр илгерки замандарда жоокерчилик турмуштун ажырагыс бөлүгү болуп, бабалар жоо келсе – жаа алып, жамгыр жааса – жаа менен аңчылык кылып, элин коргоп, жерин сактап келген. Жаа — жөн гана курал эмес, бул кылымдарды карыткан улуттук баалуулук. Бүгүнкү күндө бул өнөр спорттун өзүнчө багытына айланып, өз мекенин сүйгөн жаштардын деми менен кайра жанданып, өнүгүү жолуна түштү.

Ар улут өзүнүн өткөнүн сактап, аны келечек муунга өткөрө билгенде гана рухий бекемдикке ээ болот. Кыргыз жаачылыгы да — ошол рухий мурастын ажырагыс бөлүгү.

Ынтымак Мурадил уулу

Бул өнөрдү заманбап доордо улап, аны эл аралык деңгээлге чыгарууга салым кошуп келе жаткан жаш патриотторубуздун бири — Эл аралык класстагы спорт чебери Ынтымак Мурадил уулу. Ал Түркияда өткөн Ислам шериктештиги оюндарында, Казакстандагы “Алтын Ордо” мелдешинде жана башка эл аралык ареналарда Кыргызстанды таанытып келет. Мындагы кеп – жөн гана медалдар жөнүндө эмес, улуттук баалуулуктун дүйнөлүк деңгээлде таанылышы жөнүндө.

Ынтымак мырза, жаа атуу өнөрүнө кандайча аралашып калдыңыз эле?

— Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында төрөлгөм. Талас мамлекеттик университетинде окуп жγргөндө “Ала-Тоо жазы” аттуу фестивалга катышуу γчγг улуттук кийимдер керек болуп калды. Ошондо устатым Бердигул Төрөкулов агайыбыздын үйүнө барып, жааларга көзүм түшүп калды. Жаа атуу өнөрүнө ошондо кызыгып калгам… анан акырындап аралашып кеттим. 8-9 жылдай болуп калды. Ар бир спорттун өзүнүн күчтүү жактары бар. Бирок жаа атуу менин жүрөгүмө жакын болуп калды. Бул спорт психологиялык жактан да, руханий жактан да башкача тарбия берет. Эң башкысы — жаа атууну ар кандай курактагы адамдар өздөштүрө алат. Карысы да, жашы да, кыз-келиндер да машыгып, мелдештерге катыша алат. Ошол универсалдуулук жана сырдуу тартымы мени байлап алды десем болот.

Жаа атуунун эң чоң сыноосу — бутага так тийгизүү. Ал үчүн талыкпай машыгуу керек. Бул спорт физикалык эмес, көбүнесе психологиялык чыңалууну талап кылат. Оюңду топтой билүү, көңүлдү бөлбөө абдан маанилүү. Бир аз алаксысаң, жебең бутага тийбей калат. Ошондуктан өзүн өзү тарбиялоо бул өнөрдө башкы орунда.

Мыкты жаачы болуш үчүн кандай сапаттар керек деп ойлойсуз?

— Эң оболу эмгекчил, сезимтал, тажрыйбага сугарылган адам болуш керек. Кызыгы, жаачылардын басымдуу бөлүгү кол өнөрчүлүк менен алек. Сүрөтчүлөр, жыгач усталар, кайыш иштеткендер. Бул өнөрлөр бири-бирине абдан шайкеш. Жаа атуу көз менен гана эмес, жүрөк менен аткарылат.

Азыр сиз бул өнөр менен конкреттүү кандай иштерди жүргүзүп жатасыз?

— Мен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жаа атуу боюнча сабак берип жатам. Курстун ачылганына эки жыл болду. Кыска убакытта эле окуучуларыбыз республикалык мелдештерде байгелүү орундарды багындырып жатышат. Ошондой эле “Салбуурун” федерациясынын мүчөсүмүн. Эл аралык мелдештерге катышып, тажрыйбабызды бөлүшүп келебиз. Максатыбыз — мурастууларды тарбиялап, улуттук спортту өнүктүрүү. Жылдыздар катышкан реалити-шоу уюштургум келет. Эл тааныган инсандар катышса, эл кызыгуу менен көрөт. Он профессионал жаачы аларды үйрөтүп, мелдеш өткөрсөк, бул жаа атууга болгон кызыгууну күчөтмөк.

Жаа атууну массалык деңгээлге чыгаруу үчүн эмне керек? Кандай жол менен жайылтууга болот?

— Бул өнөрдү заманбап формада, модалуу кылып сунуштоо зарыл. Бишкекте атайын жаа атуу талаасы, шаймандар сатылган дүкөндөр, квалификациялуу машыктыруучулар болушу керек. Эгер шарттар түзүлсө, 3-4 жылда бул тармак кеңири өнүгөт.

Мамлекеттен колдоо болуп жатабы?

— “Салбуурун” федерациясы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция менен тыгыз иштешет. Алар мелдештерди каржылап, жаачыларды мотивациялап, наам берип турушат. Эл аралык мелдештерге даярдыкты да каржылайт.

Кыргызстанда жана дүйнөдө жаа атуу өнөрүнүн масштабы кандай? Канчалык деңгээлде таанымал болуп калды?

— Бул спорт кайрадан элге тааныла баштады десек болот. Азыр Кыргызстан дүйнө боюнча жаа атуучу мамлекеттердин ичинен алдыңкы үчтүккө кирет. Албетте, Малайзия, Түркия, Казакстан — алдыда. Бирок биздин жаачыларыбыз алардын катарында тең тайлашып жатат. Көчмөндөр оюну — буга мыкты мисал.

— Бул өнөрдөн тапкан эң чоң байлыгыңыз эмне болду?

— Жашоомдогу эң баалуу нерсем — үй-бүлөм. Жаа атуу мага жубайымды алып келди. Азыр балалуу болдук. Ошол эле өнөр хоббиден кесипке айланды. Кол өнөрчүлүк менен да алектенип, жаа, жебе жасап сатыкка чыгарып жатабыз.

— Бул шаймандар Кыргызстанда жасалабы?

— Башында баарын сырттан алдырчубуз. Азыр жебелерди өзүм жасап жатам. Жааларды жасоодо да аракеттер бар. Бирок сапаттуу жаа жасоого убакыт, тажрыйба талап кылынат. Венгриядан жакшы сапаттагы жааларды алып келебиз.

— Сиз жогоруда “Хоббим кесипке айланды” деп калдыңыз. Ошол тууралуу кененирээк айта кетсеңиз.

– Жаа атуу өнөрү мени кыргыздын дагы бир байыркы мурасы – кол өнөрчүлүккө алып келди. Бул спорт менен машыга баштагандан бери жебелерди өзүм жасап келем. Башында чет өлкөлөрдөн — Кытай, Венгрия, Түркиядан алдырсак, азыр 2-3 жылдан бери буйрутма менен өз колубуздан чыгарып жатабыз. Ок жасоо өтө кылдат жана сезимтал иш. Ар бир жебе жаачынын күчүнө, кулачына, машыгуу деңгээлине жараша өзгөчө тандалат.

Азыркы күндө заманбап материалдарды колдонуу менен бир жебени же жааны бир жуманын ичинде жасап чыгарса болот. Бирок классикалык, байыркы ыкмада жасалган жаалар 1–3 жылдап да даярдалат. Алгач жыгачы кургашы керек, табигый материалдар менен иштейсиң. Албетте, жаа жасоодо азырынча мыкты деңгээлдеги усталар аз, бирок аракет болуп жатат. Бул иш менен үй-бүлөм да алектенет. Жебе жасоо – жогорку тактыкты талап кылган, кыргыз жаратылышы менен үндөш, сабырдын, мээнеттин иши деп ойлойм.

Кол эмгек кымбат болсо, сатып алуу мүмкүнчүлүгү азайып калбайбы?

— Албетте, кымбат. Жаанын эң арзан баасы 14 миң сомдон башталат. Бирок чын дилден кызыккан, машыгууга даяр адам үчүн бул тоскоол болбой калат.

— Дүйнөлүк деңгээлдеги жаачылык менен биздин салттуу жаачылыктын айырмасы эмнеде?

— Башка спорттордо форма бирдей. Жаа атууда ар бир улут өзүнүн кийимин кийип чыгат. Биз калпак, кемер кур, кыргыз образын чагылдырган кийим менен барабыз. Өзгөчө “теке бута” деген бутабыз бар. Бул — кыргыздын өзүнө таандык уникалдуу элемент.

— Эл аралык мелдештерге чыгымдар кандайча жабылат?

— Курама командадагы алдыңкы оюнчулар мамлекет тарабынан каржыланат. Калгандары жеке чыгым менен катышат. Мелдешке катышуу — сынактан өтүү жолу менен болот.

— Эсте калган кызыктуу учурлар болду беле?

— Президенттин кубогу үчүн Ош шаарында мелдеш болуп, финалга өз шакиртим менен чыккам. Ал мени жеңип, “шакирт устаттан ашыптыр” деген сөздү реалдуулукка айланткан.

— Жаш муундун жаа атууга болгон кызыгуусу эмнеге байланыштуу?

— Бул өнөр кыргыздын генинде бар. Ат үстүндө жүргөн эл болгонбуз. Биздин балдарга бир көрсөткөндө эле дароо өздөштүрүп кетишет. Телефондон чарчаган ата-энелер балдарын бизге алып келип жатышат. Тилекке каршы, азырынча бардыгына үйрөтүүгө толук шарт жок.

— Бул өнөр жашооңузда кандай орунду ээлейт? “Таштап кетсемби?” деген ойлор болгонбу?

— Болгон. Бөтөн пикирлер, бут тосуулар көп болду. Бирок, бул өнөр мен үчүн сүйүү. Билимимди, билген өнөр-талантымды жаап салбастан, муундарга өткөрүүнү туура таптым. Келинчегим да жаа атат. Үйдө да, жумушта да сөз ошол жаа тууралуу болуп турат.

— Ийгиликтин чегине качан жеттим деп эсептейсиз?

— Ар бир бешинчи кыргыз жаа аткан күндө гана чокуга чыктык деп айта алам. Ага жетиш үчүн 15–20 жыл керек болушу мүмкүн.

— Жаа атууга кызыккандарга кандай кеңеш бересиз?

— Келип көргүлө. Балким, өз тагдырыңар ушул жерде турат. Башкалардын ийгилигине кубанган адамдын өзүнө да ийгилик келет.

Сезим Муканбет кызы

Жаа — бул жөн гана жебе эмес. Бул кыргыздын мүнөзү, бабалардын табити, муундарга калган мурас.

Ынтымак Мурадил уулу сыяктуу жаштар бул улуу өнөрдү гана эмес, улуттук рухту сактап келе жаткан чыныгы баатырлар.

 

Сезим МУКАНБЕТ кызы

Кыргыз–тγрк “Манас” университети,

журналистика бөлγмγ,

4-курс

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.