“Каткелди баланын» айкели
260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору, техника илимдеринин доктору, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, өмүрγн академиялык илим-изилдөөгө арнап өткөн академик Илгиз Айтматовдун эстелиги бүгүн (11-сентябрда) — көзү өткөндөн бир жылдан кийин “Ала-Арча” мемориалдык көрүстөнүнө тургузулду.
Айкелдин ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, вице-президенти Чолпонкул Арабаев, карындашы, жазуучу Роза Айтматова, жесири Розалия Женчураева, уул-кыздары, агасы Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова, уулу Элдар Айтматов жана башка академик, окумуштуулар катышты.
Керээз
Эскерүү сөз башын баштаган Эдил мырзанын айтымында, маркум жубайына керээз калтырган. “Былтыр Илгиз Төрөкуловичтин сөөгүн чыгарууну мамлекеттик деңгээлде уюштуралы десек, жесири Розалия Жамангуловна каршы чыгып, «өзүнүн керээзи ушундай болчу” дегендиктен жөнөкөй гана узатылган. Мындан туура бир жыл мурда, август айында биз сүйүктүү агабызды акыркы сапарга узатканбыз. Бүгүн айкелин ачуу аземине келип отурабыз. Илгиз Төрөкуловичтин жаткан жери жайлуу болсун”, — деди Эдил мырза.
Апас БАКИРОВ: “Кыргызстанда тоо тармагы боюнча лидер болчу”
Андан кийин сөз алган кесиптеши, академик Апас Бакиров Ильгиз Төрөкулович атактуу окумуштуу, Кыргызстанда тоо илимдери тармагы боюнча лидер болгонун баса белгиледи. “Геология тармагы боюнча билим алса дагы кийин тоо иштери тармагында иштеген. Зоо кайсы учурда жарылат, тоо кайсы жагына кысылып жатат, тоо кайсы учурда атылат деген маселеде тынбай иштеп, илимий ачылыш жасаган. Тоо тектери кысылып туруп токтоп калат дагы, импульс болгон учурда, чыңалуу көпкө чейин сакталып туруп жарылып кетет экен. Ушуну аныктап, чоң эмгек жасаган. Бул адамдын илимге салган салымы абдан чоң. Жүрүм-туруму да абдан интеллигенттүү болгон. Жаткан жери жайлуу болсун. Балдарына узун өмүр берсин”, — деди Апас мырза.
Роза АЙТМАТОВА: “Каткелдинин” образын берген скульпторго рахмат!”
Бир тууган карындашы Роза Айтматова алардын балалык кездери согуш учуруна туш келгенин, чоң кишилердин жумушун майда балдар аткарганын, залкар жазуучу агасы Чыңгыз Айтматов Шекер айылынын сельсоветинде катчы болуп иштесе, Ильгиз Төрөкулович 12 жашынан Жийде айылынын почточусу болгонун айтты.
— Агам элдин жазган каттарын Жийдеден жыйнап алып, райондун почтасына өткөрүп, почтадан Жийдеге каттарды алып келип, дареги боюнча каттарды үймө-үй таркатчу. Короосуна жакындаганда “Кат келди! Кат келди!” деп кыйкырат. Үйүнөн чыккан адамдар: “Согушта жүргөн балабыз тирүү турбайбы, кат жазса, демек, тирүү экен” деп кубанып каттарды алышат. Андан кийин башка үйгө барып “Кат келди!” деп чакырат. Ошентип каттардын баарын таркатат. Ошондон кийин анын атын айылдыктар “Каткелди бала” деп атап калышат.

1946-жылы “Улуу Ата мекендик согуш жылдарында тылда сиңирген эмгеги үчүн” деген медалды агам 15 жашында алса, кийин билим алып, академик болуп, көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарга ээ болгон. Канча сыйлык алса дагы, Ильгиз Айтматов: “Бардык сыйлыктарым бир тең, 15 жашымда алган медалым бир тең. Мен анда эл үчүн колумдан келген жардамымды бергем” деп айткан эле.
Роза эжебиз сөзγн аяктап жатып, агасынын эстелигин белгилүү скульптор Тамила Маматова жасаганын, ал “Каткелдинин” образын жакшы бергенин айтып, ыраазычылыгын билдирди. Маркумдун жубайы Розалия Женчураева да Тамила Маматовага, айкел коюу аземине катышкандарга ыраазычылыгын билдирип, жолдошунун айкели абдан жакшы жасалганын айтып, Тамила айымды чет элдиктер да жакшы билерин, ал Кыргызстандын сыймыгы экенин кошумчалай кетти.
**
Мелис ЭШИМКАНОВ: “Баарыбыздыкы бир арман: өмγр эмне аз, дагы канча калды?..”
Эскерүүнүн аягында калган апам ата-энеси Төрөкул Айтматов, Нагима Айтматованын эстелигинин маңдайынан жай алган Илгиз Айтматовго, ата-энесине, жалпы арбактарга багыштап куран окуду.
Андан соң апам: “куданын эстелигин да көрө кетейин, куран окуйлу” деди. Кайын агам Мелис Эшимкановго (1962-2011) багыштап куран окулгандан кийин, “Куданын сөздөрγ жγрөккө тиет экен. Ушинтип таамай айтып, курч сγйлөчγ эмес беле! Өтө жаш кетти, кайран жигит! Жаткан жери жайлуу болсун”, — деди апам.
Башат
“Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун”
деп жолдошум Эрнис Асек уулу (1970-2020) жазып кеткендей, кечээ арабызда жүрүп, кыска-узак жашап арабыздан узап кеткен жакындарыбыз, асылдарыбыз болгон, бар. Дегеним, алар сөз баккан, талантты баалаган жакшы адамдардын эскерүүлөрүндө, китептеринде, сөздөрүндө жашайт.
Эң башкысы, артыңда издеп алаарың, эскерип калаарың бар болсун!
Назира СААЛИЕВА