Китеп текчеңизге…
Журналист, акын жана мыкты котормочу, иликтөөчүлүк журналистика, аналитикалык журналистика сындуу журналисттик багыттардын кесипкөй талдоочу-адистери Жыргалбек Касаболот менен Марат Токоевдун медиа сабаттуулук боюнча «Алданба!» аттуу практикалык колдонмосунун экинчи басылышы жарыкка чыкты.
Аталган китептин авторлорунун бири Жыргалбек Касаболоттун айтымында, бул китепте үгүт, жалган маалымат (фейк) деген эмне, чын-жалган маалыматты кантип текшериш керек сындуу ж.б. көйгөйлүү көп суроолордун жообу камтылган. Колдонмодо азыркы шартта чындыкка жетүүнүн жолдору, маалымат менен пропаганданын айырмасы, учурдун укмуштары троллдор () менен фейк таратуучулардын белгилери, Интернеттеги шылуундардын ыкмалары жана алардан сактануунун жолдору тууралуу кеңири кеңеш-маалыматтар берилген. Колдонмо мисалдар жана көнүгүүлөр менен толукталган жана журналисттер эле эмес, заман агымындагы окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.
Чоң эмгектин баасы…
Айтарыбыз, жашоонун кайсы тармагы болбосун, мурдагы-кийинки медиа айдыңынын талдоосундагы жана талкуусундагы темалардан. Бирок маалыматтардын чын-төгүнүн ажыратуу барган сайын кыйындагандан кыйындап баратат. Ушундай учурда окурмандарга аба менен суудай эң керек, пайдалуу маалымат, медиа сабаттуулук боюнча “Алданба!” китебинин чыкканы жакшы болду. Мындай баалуу, чоң эмгектин баасы болгону 150 сом. Андай акча кээде чөнтөктөн деле тγшγп калат… пайдасыз башкага деле кетип калат… Келиңиздер, баасы бардык чөнтөккө ылайык, бирок пайдасы алтынга тете пайдалуу китепти сатып алалы… Жеке өзүбүз эле эмес, жаш муун, жеткинчек, эртеңки келечек балдарыбызды медиа сабаттуулук менен тааныштырып, жалган маалыматтардан, адашуулардан, таасири күч жетеленме пропагандалардан сактап калабыз!
Назира СААЛИЕВА
P.S. «Алданба!» алам десеңиз, авторлорго кайрылыңыздар! Тел.: (0702) 28-6 0-52, (0777) 45-1 0-83.