
СССРдин жана Кыргызстан журналисттер бирлигинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Асаба”, “Кыргыз туусу”, “Литературный Кыргызстан”, «Бишкек таймс», “Фабула”, “Алиби”, «Пресс.kg» жана башка бир топ гезиттерде эмгектенген, эки тилде — орус жана кыргыз тилинде бирдей мыкты жаза билген, талдай билген журналист, биз Үсөн агай, Үсөн байке деп билген Үсөмүдүн Касыбеков агабыз кечээ (17-сентябрда) 76 жашында дγйнө салды.
Уулу Азамат Касыбековдун билдирγγсγнө караганда, атасы бүгүн (19-сентябрда) акыркы сапарга узатылат. Коштошуу зыйнаты саат 12:00дө Бишкек шаарындагы Мамыркалиев көчөсү, 16 дарегинде (Чүй облустук администрациясынын имаратынын артында) өтөт.
БАСКАН ЖОЛУ

Үсөмүдүн Касыбеков 1949-жылы 8-майда Нарын облусунун Кочкор районунун Шамшы айылында туулган.
Москвадагы Горький атындагы адабий институтту аяктаган соң мекени Кыргызстанга кайтып келип, маданият, илим жана журналистиканы айкалыштырып өз эмгек жолун баштаган. Алсак, бир топ ири басылмаларда баш редактор болуп, ага катар Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында илимий иштер менен алектенген. Мамлекеттик телеканалда учурунда көрүмдүүлүгү жогору болгон “Сөз чынынан бузулбайт” деген берүүнүн автору жана алып баруучусу да болгон.
Жазмакерликти бир гана журналистикада көрсөтпөй, бир канча сын жана көркөм эмгектерди жазып, алсак, алардын арасында «Элдик эпикалык салттар жана кыргыз жазма прозасынын жаралуусу» деген негизги изилдөөсү өзгөчө орунду ээлейт.
Үсөн агай дегенибиздей, өмүрүнүн басымдуу бөлүгү окуу-тарбия иштери менен байланыштуу болду: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, Кыргызстан эл аралык аралык университетинде окутуучу да болуп эмгектенип, көптөгөн студенттерге сабак берип, бир канчасынын саамалык илимий иштерине жетекчи, насаатчы болду.
«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

