Саналуу гана кγндөр калды…
Кыргызстан-Жапон өлкөсүнүн достук мамилесин бекемдөөгө чоң салым кошуп келаткан, “Кыргыз азиздер жана дγлөйлөр” коомунун мγчөсγ, ырчы кызыбыз Гүлүм Касымбаева менен япон композитору, ырчы Асано Юкинин чыгармачылык кызматташтыгынын алкагында «Кыргыз-жапон кайрыктары» аттуу кезектеги концерт жакынкы күндөрдө кыргыз элине тартууланганы турат. Айтмакчы, алар ушундай аталыштагы концертти 2017-жылы да өткөрγшкөн. Болгондо да аншлаг менен…
Бул сапар Кыргызстанда президентибиз Садыр Жапаровдун жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен концерттик турне өткөнγ турат. Ал 26-сентябрда Бишкек шаарынан башталат. Тагырагы, ушул күнү саат 18:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына келиңиздер!
**
Ата-эне. Устат… Баарына γлгγ Гγлγм…
Кыргыз-жапон маданий кызматташтыгына көпүрө болуп келаткан ырчы кызыбыз Гүлүм Касымбаева тууралуу айтсак, ал Ысык-Көлдүн Түп районундагы Түп айылында 1980-жылы жарык дүйнөгө келген. Эки көзү тубаса азиз болуп төрөлгөн ымыркайын Кадыр ата менен Калемкаш апа “бу да болсо Кудайдын сыноосу” деп кабылдап, тогуз баласынан кем кылбай, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай калкалап, бапестеп багып чоңойтту. 7 жашка чыкканда мектепке алып барышса, окутуу көйгөйү жаралып, бирок ага да кейибеген ата-эне кызын дароо Бишкектеги азиздер мектебине алып жөнөшөт. Ал мектептен Гγлγм Брайль системасы менен окуганды, жазганды, анан нотаны үйрөнөт. Кенедейинен ыр-күүгө жакындыгынан мектепти бүтөр менен борбордогу музыкалык колледжге тапшырат. Ал жерден райондук, шаардык кароо-сынактарга катышып, мүмкүнчүлүгү чектелгендер да көп нерсени жасай аларын далилдейт. Анын устаттары да жөн адамдар эмес: СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, Кыргыз эл артисттери Анарбек Ибраев менен Султан Каримов.
Жапонияга ачылган жол
Кыргызстанда жапон тилинде мыкты ырдаган кыз бар экенин “ЖАЙКА” программасынын ыктыярчысы Мацуда билип калып, 2016-жылы “Дүйнө эли япон ырларын ырдашат” сынагына чакырат. Ал жактан Гүлүм Америка, Германия, Бразилия, Аргентина өлкөлөрүнүн ырчылары менен ат салышып, баш байгеге ээ болот. 2017-жылы Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковдун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын маданият маалымат жана туризм Министрлиги жана Коомдук биринчи каналдын “Маданият-Тарых-Тил” каналы биргелешип өткөргөн “Эсимде” сынагына катышып, эстрада жааты боюнча баш байгени жеңип алат. Кийинки жылы (2018-жылдын февраль айында) Жапониянын Тажикстандагы элчилиги Гγлγмдү “Жапон күндөрүнүн” урматына атайы чакырып, “ИСМАИЛИТ” маданий борборунда чыгармачылык жолугушуу кечесин өткөрүшөт.

Ага удаа эле “Дүйнө эли жапон тилинде ырдашат” эл аралык сынактын 2016-жылкы жеңγγчγсγ катары жалаң мыктылардын катарында кайрадан Жапонияга чакыруу алат. Андагы сынакта 12 финалист беттешип, Гγлγм 2-орунду багындырган. Негизи Гүлүм бул сынактын эки жолку жеңүүчүсү.
Не десек да, эки элге көпүрө болуп, Кыргызстандын желегин желбиретип жүргөн кызыбыздын жаны тынбайт. Ал бир нече жолу Коомдук биринчи каналдын концерттик студиясында, “Сейтек” борборунда чыгармачылык жолугушуу кечелерин, карылар, балдар үйлөрүндө жыл сайын кайрымдуулук концерттерин өткөрүп келет. Жапониядан келээри менен Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда “Кыргыз-жапон кайрыктары” аттуу отчеттук концертин берип, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланат. Ырчы кызыбыз тууралуу белгилүү тележурналист Элмира Тезекбаева “Биздин Гүлүм” аталышта даректүү тасма тарткан.
Турне… График…
Ошентип, эл сγймөнчγлγгγнө ээ болгон Гγлγм Касымбаева мекендеш күйөрмандарынын өтүнүчү менен Кыргызстанды кыдырып концерт тартуулайын деп чыгармачылык сапарга чыкканы турат. Качан, каерде десеңиз, концерттик турдун графиги төмөндөгүдөй:
- Бишкек. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы. 26-сентябрь, саат 18:00.
- Ош. Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы. 28-сентябрь, саат 13:00.
- Ысык-Көл облусу, Тоң району, Көк-Сай айылы «Жайчы» боз-үй шаарчасы. 30-сентябрь, саат 13:00.
“Кыргыз кызы сүйгөнүм” ырынын таржымалы…
Турнеде “Кыргыз кызы сүйгөнүм” аттуу айтылуу даңазалуу ыр ырдалат деген ойдобуз. Мындан он жыл мурун (2016-жылы) Кыргызстандын эгемендүүлүгү күнүнө карата Гγлγм менен Жапониядан келген ырчы Мита Ре улуттук консерваторияда отчеттук концерт берип, ошондо Мита Ре аткарган “Кыргыз кызы сүйгөнүм” ыры Кыргызстанда дүң болуп, ютуб-каналдарга жайнап чыгып элге катуу тараган эле. Ошол жылы ыраматылык кесиптешибиз Зайырбек Ажыматов ыр таржымалын сурап, Гγлγм менен Митаны ырдаткан эле…
“Азаттыктын” кеңсесинде (2016-жыл)…
Эрнис АСЕК уулу: «Котормочуга кызыксам, ал…»
Оңой менен ыр жактырбаган жолдошум (Эрнис Асек уулу. 1970-2020) да ушул “Кыргыз кызы сүйгөнүм” ырын жактырып, кайталап угуп: «Сагынычтан санаа тарткам/, Өңүмдөн азгам/. Ак сүйүүм сенден тапкам»… кайырмасында: «Сен үчүн толкун болуп мухитти кечсемби — деп атпайбы» деп жылмайып, «…Накта кыргыздын сөздөрγн колдонуптур. Ким которду экен?» деп котормочуга кызыгып, «Видеоклиптин алдын карасам, «Над роликом работали студенты японской спецшколы, а автором текста является Лариса Асанбекова» деп жазылып турат. Ырдын жаралыш таржымалы боюнча эже менен маектешсеңчи…» — деди эле…
Байымдын бул суранычын убагында аткара албай калганыма, Лариса эженин жообун укпай кеткенине кабыргам кайышып, ырды кайра-кайра угуп, Эрнистин элеси көз алдыма тартылып, айткандары кулагыма жаңырып, “ Сагынычтан санаа тарткам/, Өңүмдөн азгам/. Ак сүйүүм сенден тапкам» деп ырга кошулуп… жашып да алдым…
Лариса АСАНБЕКОВА: «Мита Ренин суранычы менен жазылган ыр»
«Эч болбой калганча, кеч болсун» дегендей, Лариса эжеме эми кайрылып, ыр тегерегинде кыскача маек курдук.

— Эже, «Кыргыз кызы сүйгөнүм» аттуу ырды аткарган Мита Ре менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
Назира СААЛИЕВА
P.S. «Кыргыз кызы сүйгөнүм» видеоклиби Лариса Асанбекова эжебиздин «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.