Өспүрүмдүн өлүмү боюнча ШИИББнин жообу…

Өспүрүмдүн өлүмү боюнча ШИИББнин жообу…

Чырылдап чындык издеген эне

18 жаштагы жалгыз уулу Тилектен капысынан айрылып күйүт, ый менен таң атырып, кγн кечирип… баласын өлтγргөндөр тезинен табылып, мыйзам чегинде жоопко тартылышын кγн санап кγтγп отурган ЭНЕ, эстрада ырчысы Стамгγл Турдалиеванын баласы киши колдуу болгонун айтып көз жаш аралаша берген маегин жана Ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылуусун (18-октябрда) жарыялаганбыз.

Ошондой эле тергөө иштеринин жγрγшγ боюнча кабардар болуп, тийиштγγ маалыматтарды берип турарыбызды да жазган элек…

Ошол кылмыштуу окуя боюнча бүгүн (22-октябрда) редакциябызга Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) Басма сөз кызматынан төмөндөгүдөй жооп келди. 

ШИИББ: «145-берене («жардам көрсөтпөө») менен кылмыш иши козголду»

2025-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине Т.С. аттуу жаран кайрылып, анын 2007-жылы туулган жашы жете элек уулу Т.Т.ны издөөгө жардам көрсөтүүнү өтүнгөн. Ал баласы 2025-жылдын 27-сентябрында Осмонкулов көчөсүндөгү үйдөн чыгып кетип кайтып келген эмес.

Бул факт РИИБдин маалымат каттоо журналына катталып, милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон жашы жете элек өспүрүмдүн жүргөн жерин аныктоого багытталган бардык зарыл болгон тергөө, ыкчам-издөө иш-чаралары ошондо эле башталган. Кайгуул кызматынын кызматкерлери, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тартылып, үймө-үй кыдырылып, өспүрүмдүн кошуналары, туугандары жана тааныштары суралган, ошондой эле мүмкүн болгон бардык жерлер текшерилген.

2025-жылдын 11-октябрында Чуйков жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан темир жолдун жанында жашы жете элек өспүрүмдүн сөөгү табылган. Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери окуя болгон жерди текшерүү учурунда маркумдун денесинен эч кандай жаракат табылбагандыгын белгилешти. Ошондой эле жанынан маркумдун кат жазуусу табылган.

Милиция кызматкерлери жүргүзгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында окуя болгон учурда каза болгон адамдын жанында анын эки досу болгону, бирок алар ага биринчи жардам көрсөтпөй, жардамсыз калтырышкандыгы аныкталды. Буга байланыштуу райондук башкармалыктын Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренеси («жардам көрсөтпөө») менен кылмыш ишин козгоду.

Бул кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 19-беренесинин негизинде окуянын чоо-жайын толук жана объективдүү изилдөөгө багытталган көрсөтмөлөрдү берди. Тергөө иштери уланууда жана жыйынтыгы боюнча аталган жарандардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Кошумча:
Макалада белгиленген Свердлов РИИБдин кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө иштери башталды. Жыйынтыгы кийинчерээк билдирилет.

Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы

P.S. Редакциядан: маркумдун  жанынан табылган кат жазуусу боюнча кол жазма маркумга тиешелүүбү-жокпу ж.б. күмөндүү суроо жараткан жагдайлар боюнча маалыматтарды берип турабыз…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.