Түгөлбайды «Картайдыӊ. Кетпейсиӊби» дегендерге!

РЕДАКЦИЯДАН: Ушундай аталыш менен экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Агайдын айтканынын баары жүйөлүү. Кулагыӊарга күмүш сырга!
***
Бул сөз көптөрүбүзгө тиешелүү. Себеби Кыргызстандагы пенсионерлердин саны 700 миӊден ашты. Орточо жаш 70-75ке барып калды. Кыргызда: «өзүн сыйлабасаӊ да жашын сыйла» деп келишкен. Ким болбосун жашына карап төрдөн орун беришкен. «Картайдыӊ, Чалсыӊ, кетпейсиӊби» дегендер кимден туулган жана кантип карышат болду экен деген чоӊ суроо жаратышат. Мен өз атамды: «Картайдыӊ. Унчукпай отурбайсыӊбы» деп айтаарымды элестете албайм. Мындайларды адатта акыр замандын балдары деп койчу эле.

Түгөлбайдай жашаш үчүн Түгөлбай болуп туулуш керек. «Карынын сөзүн капка сал» дегенди түшүнбөгөндөрдүн көбөйүп баратышы коррупциядан да коркунучтуу болот. Сакалын сыйлабай сапсаӊдап чоӊдорду Арзыматча мактап жазгандарга айла жок. Алардын жазганын алжыгандардын китеби деп коет.
Акылы бар адам андай мактоолорду укпайт. Тескерисинче шылдыӊ катары кабыл алат.
Бир кезде менин да бир досум: «21-кылымдан келген адам» деп бирөөнү жөнү жок мактаганда: «Бул эмнеӊ?» деп сурасам, «Жаманды мактасаӊ жардан алыс кетет. Мен ошого атайын жаздым» деп жооп берген. Ошол мактаган адам чын эле жардан алыс кетти. Айла жок, «Кой аксагы менен миӊ» деп коет. Баарыӊарга аманчылык тилейм.
Айылчы САРЫБАЕВ

