“Ыйлоо. Кара өзгөй”…

29-январь. Жазуучулар союзунун мγчөсγ, акын, котормочу, журналист жолдошум Эрнис АСЕК уулунан (1970-2020) ажыраган кγн. 49 жыл гана жашады. Аз жашаса да, артына бир топ мыкты чыгармаларды калтырып кетти. Эми ошол экинчи өмγрγндө жашап жаткан алты жылда бир топ эскерγγлөр да жазылды жана жазылып жатат.
Эрнистин чыгармачылыгын жогору баалап, дайыма эскерип, эч бир иш-чарасынан калбай келаткан белгилүү комузчу, азыркынын «күү атасы» Кенжебек Алдаяр эскерүү жазып берди. Ал алгач 2021-жылдын 25-апрелинде Бишкектеги улуттук филармонияда эскерγγ кечеге катышкан. Сахнада Эрнистин “МЕН” деген ырын көркөм окуп берип, “Ыйлоо. Кара өзгөй” жоктоо кγγсγн да чертип, бизди ыйлаткан эле…
«Өлгөндөр даӊкталмайын, тирүүлөр баркталбайт» дегендей, айтылуу Эшимкановдордун эмгегин, жакшылыгын унутпай эскерип, алтындай болгон убактыларын бөлүп, эскерүү жазып берип жаткандарга, даӊктап, барктап, маркумдарды эстеп, куран окутуу парзын аткарып келаткан жакшы адамдарга өзүмдүн, үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдирем!
Назира СААЛИЕВА
“Мендей чыгармачыл адамга Эрнис аба менен суудай керек эле”

Илгери «Жаштык жарчысы», “Ленинчил жаш” аттуу окумалдуу гезиттер бар эле. Кийин анын ордун «Асаба» басты. Ал ошол кездеги эң окумал, кыргыз тилиндеги басылмалардын алдыңкы гезити болду. Анын бетине чыккан маалыматтын баары текши окулчу. “Асабаны” бийлик жаап салганда, ал «Агым» болуп агылды. Ушундай мыкты гезиттердин башында чыгаан журналист, менеджер Мелис Эшимканов турган. Ал тегерегине мыкты жазмакер журналисттердин каймактарын чогултуп, бириктирип, аларды жаздырып, Кыргызстанга тегиз гезитин тааныта алды. Ошол кездеги кыргыз саясат айдыңында орчундуу орун алып, кыргыз элинин көз карандысыздыгын жарыя кылганында эриш-аркак кыргыздын өз алдынча болушуна эмгек өтөгөнү эске келет.

“Асаба”, “Агым” гезиттеринде иштеген журналисттерди баарыбыз жакшы таанып, билчүбүз, бирок, алар менен тыгыз байланыш иштер деле болгон эмес. Андагы журналисттердин ичинде Эрнис Асек уулу деген жөнөкөй жигит бар эле. Ал кезде мен комуз жөнүндө, же кыргыздын анча жазылбай калган дүйнөсү жөнүндө маалыматтарды элге жеткиргенге абдан кызыктар элем. Кыргыздар болсо андай маселеге такыр маани берген эмес. Мени түйшөлткөн комуз, күү, Манас жөнүндөгү маалыматтарды Эрниске колдоосу менен гезит бетине чагылдырып калып жүрдүк!
“Сөз чынынан бузулбайт” дегендей, ал кезде комуз жөнүндө маалыматты уккандар: «Эмне кереги бар? Күү тууралуу эл окубайт. Ал эмес Манаска эч ким кызыкпайт!» дегендер болгон. “Комуз күүсү өзү турушу менен симфонияга тете музыка” десем, аны эч ким түшүнбөй, “акыл-эсинен айныган” адам катары көрүп, ойлоп жүрүшкөндө, Эрнис “кыргыз күүлөрүн угуп, комузун аздектегенге не жетсин!” деген бир-эки адамдардын бирөөсү болгон.

Мен жаңы күүлөрдүн топтомун чыгардым. Аны да маани берип көптөр укккан деле жок. Ошого байланыштуу «Агым» гезитинин редакциясына барып, Эрниске жолуктум. Ал жаңы күүлөрдү аябай берилγγ менен кунт коюп укту. Айрым күүлөрдөн көзүнө жаш алып да жатты… Кыргыз кγγлөрγнө аяр мамиле жасаганы менен менин ишенимимди арттырды. Тагырагы, кγγ боюнча маалыматты элге жеткирγγ жандγйнө кыйкырыгымды терең тγшγндγ. Гезитке чыгарууга зарыл убакта кайрылып турганыма себепкер болду. Агезде гезитке чыгат деген билинбегени менен майрам болчу. Андай эл көп окуган гезиттин беттери да ченелγγ, орун жок. Ошентсе да Эрнис кыргыз кγγлөрγ боюнча маалыматты кечиктирбей, оюмду оңдобой-түздөбөй, кандай айтсам дал ошондой, мен каалагандай кылып чыгарып жγрдγ. 90-жылдарда көп инсандар кыргыз кγγ дүйнөсүнө кайдыгерлик кылып турганда, Эрнис мага шерик болду, дос болду. Менин жаңы күүлөрүмдүн тарашына, таанылышына Эрнистин да опол тоодой салымы бар. Мен анын жакшылыгын эч качан унуткан жокмун жана унутпайм! Эрнис мыкты инсан, мыкты котормочу, чыгаан журналист, таланттуу жазуучу болгон.
Кγγ демекчи, бир жолугушуу эсиме тγштγ. 2018-жылы мыкты акын кызыбыз Нурзат Мокенова Айт майрамына карата чайга чакырып калды. Барсам Эрнис менен Назира бар экен. Эрнис колумдагы комузумду көрγп эле кубанып кетти. Ордунан тура калып учурашып, мени төргө өткөрдγ. “Кана, бир кγγ чертчи!” деп калды. Чертип берсем ойго батып укту… “Бали, Кенжебек! Комуз, сен тууралуу кино тартыш керек! Мен буйруса сценарий жазып берем. Сенин комуз черткениң менен кино тартылса чоң жаңылык болот” деп көпкө эргип сөз кылып, менин көңүлүмдү көкөлөткөн! Мен аны сүйүнүп калсын деп жаңы чыккан күү компакт-дискимди (CD) белек кылсам, тизмесин окуп көрүп, “бул күүлөр менде бар да” деген. Азыркы чакчелекей заманда, күү эмес кыргызды эч ким эстебей турганда, Эрниске окшоп “кыргыз күүсүн элге тааныталы, угузалы, кино тарттыралы” дегендер барбы?..
Кайран, Эрнис, киносценарий жазам деген жакшы ой-тилегине жетпей калды. Мендей чыгармачыл адамга ал аба менен суудай керек эле. Аз жашаганы менен артына бир топ мыкты чыгармаларды таштап кетти. Анын ырлары, котормолору оголе көп болгону менен ал аны коомчулукка жарыялаган жок, “мен муну которгом” деп мактанган жок. Айтылуу Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романын которду. Ошону да мактанган эмес. Анын бет ачарына да катышып, адабият сынчыларынын пикирин уктум. Алар котормого жогору баа беришти. Уулу Тат менен кызы Бегимай да келип, атасынын котормосу боюнча жакшы пикирлерди угуп кубанып кетишти.
Эрнистин экинчи өмγрγ узун болсун! Жаткан жери жайлуу болсун!
Кенжебек АЛДАЯР
P.S. Эскерγγлөр алгач Эрнис өзγ негиздеп кеткен “Алакан” сайтыбызга жарыяланып, кийин Эрнис Асек уулу аттуу чоң китепке киргизилет.

