Тарыхый инсандар…

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) Журналистика жана маалыматтык тутумдар факультети тарабынан көрүнүктүү окумуштуу, профессор, академик Кусеин Карасаевдин 125 жылдыгына арналган «Мелис Эшимкановдун Кыргыз Республикасындагы медианын өнүгүшүндөгү ролу жана орду» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция (27-февралда) болуп өттγ.

Аталган конференцияга БМУнун окуу боюнча биринчи проректор Канатбек Токтобаев, Журналистика жана маалыматтык тутумдар факультетинин деканы Алтын Асанова, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген маданият ишмери Абдыкадыр Султанбаев, Журналисттер союзунун алдындагы Этика боюнча кеңештин төрагасы Мырзакат Тыналиев, журналист, окутуучу, саясат тануучу Бакыт Орунбеков, эркин журналист Аскер Сакыбаева, «Кут Билим» медиа-борборунун өкүлдөрү, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Ала-Тоо Эл аралык университети, Ош мамлекеттик университети жана К. Карасаев атындагы БМУнун студенттери, мугалимдер, журналисттер катышты.
Иш-чара белгилүү журналист Данияр Исанов даярдаган Мелис Эшимканов тууралуу даректγγ тасма менен башталды:
“Карасаев тилдин илимий негизин түптөсө, Эшимканов сөздүн коомдук күчүн практика жүзүндө далилдеген инсан болду”

Андан соң проректор Канатбек Токтобаев чыгып буларды айтты: “Бул маараке — жөн гана датаны белгилөө эмес. Бул — улуттук илимге, тилге, агартууга өмүрүн арнаган улуу инсандын эмгегине таазим кылуу. Кусеин Карасаев кыргыз тил илиминин калыптанышына, мамлекеттик тил саясатынын негизделишине зор салым кошкон. Анын илимий мурасы бүгүн да актуалдуу, бүгүн да багыт берүүчү күчкө ээ. Ошол эле учурда бүгүнкү конференциянын темасы да терең символикалык мааниге ээ. Биз сөз кылып жаткан инсан — кыргыз журналистикасынын тарыхында өзгөчө из калтырган, улуттук медианын жаңылануусуна өбөлгө түзгөн таланттуу журналист Мелис Эшимканов.

Тилектеш Ишемкулов агайыбыз айткандай, Мелис Эшимканов — Атамекендик журналистикабызды жаңы бийиктикке алып чыккан залкар. Эгемендүүлүк доорундагы кыргыз медиасынын жаңы жүзүн калыптандырган, эркин ой жүгүртүүнүн, көз карандысыз журналистиканын принциптерин бекемдеген инсандардын бири. Ал маалымат мейкиндигинде сөз эркиндигин, коомдук пикирдин ачыктыгын, жарандык позицияны коргоо аркылуу медианын социалдык жоопкерчилигин жаңы деңгээлге көтөргөн. Анын ишмердүүлүгү төмөнкү багыттарда өзгөчө мааниге ээ болду: көз карандысыз басылмалардын калыптанышына салым кошуу; журналистиканын аналитикалык жанрын өнүктүрүү; коомдук диалог маданиятын бекемдөө; медианын коомдук институт катары ролун чыңдоо.

Бүгүнкү конференция — бул илимий талкуу гана эмес. Бул — мурастарды улоо, баалуулуктарды сактоо, жаңы муунга үлгү көрсөтүү аянтчасы. Айрыкча жаш изилдөөчүлөр жана студенттер үчүн бул иш-чара терең ой жүгүртүүгө, медиа тармагындагы заманбап чакырыктарды талдоого мүмкүнчүлүк берет деп ишенем.
Академик Карасаев тилдин илимий негизин түптөсө, Мелис Эшимканов сөздүн коомдук күчүн практика жүзүндө далилдеген инсан болду. Экөөнү бириктирген улуу баалуулук — улуттук аң-сезимди бекемдөө жана коомдук өнүгүүгө кызмат кылуу.
Илимий талкуулар мазмундуу болуп, жаңы изилдөөлөргө, жаңы идеяларга жол ачсын. Академик Кусеин Карасаевдин илимий мурасы жана Мелис Эшимкановдун жарандык позициясы биз үчүн ар дайым үлгү бойдон кала берсин!”.
Султан РАЕВ: «Мелис Эшимканов калтырып кеткен мурастарды мындан ары дагы өркγндөтγшγбγз керек!»
Проректордон кийин Мелис агабыздын жакын досу, мамлекеттик ишмер, Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Баш катчысы Раев Султан Акимович онлайн аркылуу илимий конференциянын катышуучуларын куттуктап, досу тууралуу бир топ чындыкты айтып берди:
Конференцияга Казакстан жана Өзбекстандан келе албай калган окумуштуулар онлайн форматта катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Тагырагы, Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин профессору Г.С. Султанбаева жана Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстандын Улуттук университетинин профессору Я.М. Маматова конференциянын ишине ийгилик каалап, эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгы мындан ары да бекемделерин баса белгилешти.
Аскер САКЫБАЕВА: «Мелис Эшимкановдун орду бош турат»

Андан кийин Абдыкадыр Султанбаев, Мырзакат Тыналиев, Бакыт Орунбеков, Аскер Сакыбаева баяндама жасап, Мелис агабыздын бейнесин жакшы ачып беришти.
Аскер Сакыбаева «Асаба», «Агым» гезиттеринде Мелис байке менен чогуу иштегениндеги кызыктуу, урунттуу окуяларды, Т.Усубалиев менен соттошкон учурларды айтып берди. Ошондой эле ал Мелис Эшимкановдун Кыргыз Республикасындагы медианын өнүгүшүндөгү ролу зор болгону менен орду бош турганын баса белгиледи.

Иш-чаранын аягында Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун негиздөөчүсү, агабыздын жубайы, жеңем Асел Эшимканова сөз сүйлөп, конференциянын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, конференция медиа тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого, илимий пикир алмашууга жана жаш журналисттерди колдоого багытталган маанилүү аянтча болгонун, катышуучулар үчүн тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилеп, сынакка 50дөн ашык материал келгенин, жеңүүчүлөр аныкталганын айтып, аларга сыйлыктарын тапшырды.
1-даражадагы дипломдор:
- Видео боюнча – Мелисбек уулу Тимурлан (К. Карасаев атындагы БМУ)
- Эссе боюнча – Исакунова Адинай (И. Арабаев атындагы КМУ)
- Ыр боюнча – Беккожоева Алия (К. Карасаев атындагы БМУ)
2-даражадагы дипломдор:
- Эссе боюнча – Жеңишбекова Алия (Манас университети)
- Ыр боюнча – Талипбек уулу Тимурлан (К. Карасаев атындагы БМУ)
- Ыр боюнча – Кеңешбек кызы Уммугүлсүн (К. Карасаев атындагы БМУ)
3-даражадагы диплом:
- Эссе боюнча – Самарбекова Эркинай (Ж. Баласагын атындагы КУУ)
Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана окууларына ийгиликтерди каалайбыз!
Назира СААЛИЕВА

