
Мамлекетибиздин башкы китеп казынасы жана маданий мурастарды сактоочу борбору катары түзүлγп, 1934-жылы негизделген Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында ар аптада жакшы иш-чаралар болуп турат. Басымдуусунда тарыхый инсандар жана эмгектери эскерилет.
Мындан төрт кγн мурун (8-апрелде), Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов залында, жазуучу, прозаик, сатирик, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Касым Каимов (1926-1989) 100 жылдык мааракесине карата эскерилди.

Улуттук китепкана жана Улуттук Жазуучулар союзу уюштурган эскерγγгө маркумдун уулдары Сыргак, Нурдин Каимовдор, байбичеси Ырысжан апа, Кыргыз эл жазуучулары: 
Сейит Жетимишев, Асан Жакшылыков, Кыргыз эл акындары: Карбалас Бакиров, Анатай Өмүрканов жана анын жубайы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Бурул Калчабаева, филология илимдеринин доктору, адабият таануучу, Москвадагы Горький атындагы адабий институтунун үлгүсүндө Бишкекке эки жылдык жогорку адабий курс ачып, жетектеп жаткан Үмүт Култаева, филология илимдеринин кандидаты, доцент Аскар Медетов, Кыргыз эл артисти Тγгөлбай Казаков, Сүрөтчүлөр союзунун Живопись секциясынын куратору Сатый Адышев, Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, Улуттук Жазуучулар союзунун жетекчиси Каныбек Иманалиев, манас изилдөөчү Темирбек Токтогазиев, коомдук ишмер, алыкултаануучу Памирбек Казыбаев, жазуучу, публицист Абибилла Пазылов, акын Күлташыр Шерипбаев, журналисттер Мамат Сабыров, Болот Таштаналиев, «Манас» театрынын, «Манас» улуттук академиянын мурдагы жетекчиси, манасчы Азиз Биймырза уулу жана башка чыгармачыл адамдар, студенттер катышышты.


Салтанаттуу иш-чара фойедеги китеп көргөзмөсү жана Касым Каимовдун уулу, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, белгилүү сүрөтчү Нурдин Каимовдун атасынын 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнөн башталды. Сγрөт көргөзмөсүнγн кызыл лентасын Нурдин мырзанын апасы, Сейит Жетимишев, Асан Жакшылыков, Анатай Өмүрканов, Каныбек Иманалиев кести.


“Касым Каимовдун китебине Салижан Жигитов баш сөз жазган”

Иш-чара Ч.Айтматов залында уланып, аны Улуттук китепкананын кызматкери, акын Махабат Молдалиева алып барды.
Махабат айым сөздγ шашылып жаткан Аскар Медетовго берди. Ал өз кезегинде алгач академик, адабиятчы Абдыганы Эркебаевдин дубай-саламын жеткирди. Абдыганы мырза иш-чараны кеч угуп калгандыгына жана зарыл ишине байланыштуу келе албай калганына өкγнγп калганын, Касым Каимов кыргыз адабиятына кошкон салымы чоң болгонун, абдан жакшы адам болгонун жана иш-чарага ийгилик каалаганын айтты. Касым Каимов аңгемелери тууралуу учурунда сатиралык адабияттын таанымал өкүлү Мидин Алыбаев, а кездеги жаш сынчы Кеңешбек Асаналиевден мактоо сөздөрдү укканын, адабий сынчылардын баасын алганын баса белгилеп, Салижан Жигитовду мисалга алды. “Залкар акын, жазуучу, публицист, окумуштуу, сынчы Салижан Жигитовго оңой менен жазуучулардын чыгармалары жакчу эмес, катуу сын айтканын жакшы билесиздер. Оңой менен жазуучуларга баш сөз жазбайт эле. Ал эми 50-жылы Касым Каимовдун китебине баш сөз жазыптыр. Ал тууралуу айта берсек, чыгармаларын айта берсек, өтө көп. «Анарбайдын көпүрөсү» аңгемеси мектеп программасына кирген, 1970-жылдары басма сөз бетине жарыяланып, адабий сында жогору бааланып, орус, англис, немис, француз тилдерине которулган” деп сөзγн бγтγрγп, иш-чарага ийгилик каалады.
“Касым Каимов өзүнө деген мамлекеттик сыйлыкты мага алып берип койгон”

Андан соң сөз алган жазуучу Сейит Жетимишев Касым Каимов сыйлык, наамга кызыкпаганын, өзүнөн мурда өзгөлөрдү ойлогон төрөпейил, бийик инсан болгонуна токтолду. “Касым Каимов өзүнө ыйгарылар мамлекеттик сыйлыктардын биринен баш тартып, мага ыйгарып койгон эле. Мынакей, анын адамгерчилик бийиктиги кандай болгон?! Ал көп аңгемелерди жазды, алардын ар биринен өз мезгилинин каармандарын көрүүгө болот. Атактуу ырчы, комузчу Атай Огомбаевдин балалык күндөрүнөн өмүрүнүн акырына чейинки окуяларды ары кызыктуу, ары жандуу жазып, романга айлантты. “Атайды” жазууга көп жылдарын коротту. Ал эле эмес, көп убактысы редакторлукка да кетти. «Жаш ленинчи» журналында бөлүм башчы, «Кыргызстан пионери», «Кыргызстан маданияты» гезиттеринде редактор, «Чалкан», «Ала-Тоо» журналдарында, «Кыргыз фильм» киностудиясында башкы редактор болуп иштеди. Чоң иштердин уюштуруучусу да, кара жумуштарын аткаруучусу да болду. Артына калтырып кеткен эмгектери айтылып, адамдык парасаты эскерилгени жакшы. Бул эскерγγнγ башталышы деп айталы, мындан кийин да улансын!” — деп сөзγн аяктады.
“Касым Каимовдун эки томдук китеби чыгып калса жакшы болмок”

Андан кийин сөз алган Асан Жакшылыков да жазуучунун бийик адамгерчилигин, жибектей созулган, сыпайы, баскан-турганы, сγйлөгөнγ, жазганы менен башкаларга γлгγ адам болгонун айтып келип, адабият чөйрөсүндө чыгармачылыгы, котормолору менен таанылып, өзгөчө Жек Лондондун «Мартин Иден» романын кыргызчалаганы менен белгилүү болгон Жоробек Султаналиев каза болуп калганда Касым аганын жардам кылганын эсине тγшγрдγ: “Жазуучулар Союзуна мγчө болгондо жаш элем. Бир топ жазуучу, акындар менен жаңыдан таанышып жаткан кезим. Белгилүү акын, котормочу Жоробек Султаналиев каза болуп калды. Аны жерге берγγгө акча чогултуш керек болуп, он чакты жаш жазуучу мени Жазуучулар союзуна акча чогултуп кел деп жөнөтγштγ. Барсам, Касым Каимов отуруптур. “Акчабыз жок” дейт го деп заарканып атып акыры келген шартты айттым. Дароо эле мени 1-кабаттагы бухгалтерияга алып барып, 140 рубль айлыгынын жарымын алып берди. Рахматымды айтып кубанып чыгып баратсам, алдыман кара шляпа, узун плащ кийген киши чыкты. “Союзда ким бар экен?” деди, “Касым Каимов” десем, эмнеге келгенимди сурады, айтсам, ал киши да дароо эле чөнтөгγндө болгон акчасын алып чыгып берди. Ошол 300 рубль берген киши Мар Байжиев экенин кийин билдим. «Жоробектин жолу жолдо экен» деп кубандым. Ушу эки улуу инсандын жакшылыгын такыр унутпайм. “Атай” романын окудум, жакшы жазылган. Стили керемет эле. Чоң талант болчу. Каныбек Капашович Касым Каимовдун эки томдугу чыгарын айтып кубантты. Эгерде чыгып калса, анда кыргыз адабияты γчγн да, жаштар γчγн да жакшы болмок”, — деди.
“Касым Каимовдун ар бир чыгармасында Талас жергесинин кооздугу көзгө даана тартылып турат”

Адабият таануучу Үмүт Култаева Москвадагы Горький атындагы адабий институттун үлгүсүндө Бишкекке ачылган эки жылдык жогорку адабий курс окуу жайында күзүндө Касым Каимовго арналган иш-чара уюштурулуп, студенттерге чыгармачылыгын тааныштыруу пландалып жатканын айтып, жазуучунун ар бир аңгемесинен, ар бир повестинен Талас жеринин кооздугу көзгө даана тартылып, жер касиети сезилип турарын баса белгиледи.
Иш-чарада сүйлөнгөн сөздөрдү жалпылай келсек, келген белгилүү акын, жазуучу, сүрөтчүлөр, илимпоздордун баары Касым Каимовдун чыгармачылыгына, адамгерчилигине жогору баа беришти.
Ырысжан КАИМОВА: «Саякбай Каралаевдин көргөндө чочуп кеткем…”

Жазуучунун 90го таяп калган байбичеси Ырысжан апа Казакстандан Кыргызстанга 17 жашында келгенин, 20 жашында бир топ атактууларды көргөнγн, Бишкектеги Москва көчөсүндөгү Саякбай Каралаев, Чыңгыз Айтматов, Сооронбай Жусуев, Муса Жангазиев жашаган үйдө туруп калгандарын, андагы белгилүү 16 жазуучу, акын, манасчысы болуп ошол γйдө ынтымактуу жашагандарын, кыргыздын жалаң каймактары чогулуп, сөздөрү түгөнбөй, кызыктуу аңгеме-баяндардан сөз кургандарын, керемет күндөр өткөнγн эстеди. Өзгөчө залкар манасчыбыз Саякбай Каралаевди көргөндө чочуп кеткенин, ал киши конокко чакырып кетип, коноктогонун айтты.
Кесиптешим Күнболот Момоконов тарткан видео…
Ыраазычылык!

Жазуучунун сγрөтчγ уулу Нурдин Каимов жалпыга ыраазычылыгын билдирди:
— Атам тууралуу жакшы сөздөрдγ угуу биз үчүн сыймык. Таластан бери Төө-Ашууну ашып келгенге апабыз бир аз кыйналып калып, бул жерде отуруп өзүн жаман сезип сыркоолоп калганынан, апамды карап, катышуучулардын сөзγн аягына чейин уга албай калдым. Бирок бир туугандарым айтышты, “абдан жакшы эскерγγ болду” деп. Атамды эскерип берген атактуу акын, жазуучуларга, чыгармачыл адамдарга, иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурган Улуттук китепканага, Улуттук жазуучулар союзуна жана алып баруучу Махабат Молдалиевага, дегеле баарыңыздарга чоң рахмат! Алла ыраазы болсун! Бар болуңуздар!
Алдыда…
Жазуучу Касым Каимовдун туулгандыгынын 100 жылдыгынын урматына уюшулган бул иш-чараны эскерγγнγн башталышы деп, буйруса, күз айларында чоң салтанат менен Талас облусунда белгиленери айтылды…
«Мындай чечкиндүүлүктү бир да советтик кыргыздан жолуктурган жокмун»

Касым Каимовдун берешендиги тууралуу жогоруда айтылбадыбы. Ал кишинин колунун ачыктыгын Кыргыз эл жазуучусу, прозаик, драматург, киносценарист Мурза Гапаровдун да мындай деп эскергени бар:
— Чала бүткөн сценарийимди көтөрө келдим да, «Кыргыз фильм» киностудиясына бардым. Касыке – Касым Каимов баш редактор экен. Ошого кирдим. Өзүмдү түшүндүрдүм. Ал киши мени анча деле жакшы тааныбайт эле. Москвадан келдим, дипломдук ишим бар, таанышып көрбөйсүзбү дедим. Келе деди. Бердим. Үйгө барып окуп келем деди. Өтө так киши болчу. Ой-бо-ой! Ошо түнү окуп келиптир. Эртеси чакыртып атпайбы. Келсем, отур муерге деди. Башка унчуккан жок. Анан бир келишимди алып өзү толтуруп кирди. Баш редактор өзү толтуруп атат. Кол койду. Кол кой деди. Койдум. Жүрү деди. Түз эле киностудиянын деректирине алып кирди. Кокеев деген болчу. «Мынабу Мурза Гапаров деген болот, — деди Касыке. — Сценарий алып келиптир, абдан жакшы экен, мен кабыл алдым, 25 пайыз гонорарын төлөтүп бериңиз», — деди. Ушундай киши болчу. Деректир кыйшаңдай баштады, «акчабыз жок, а-бу» деп. Кийин алар деп. «Сценарийди коллегияда талкуулабайсыңарбы» деди. «Мен кол коюп койдум. Талкууланды деп биле бериңиз», — деди Касыке. Ушундай киши болчу. Мындай чечкиндүүлүктү бир да советтик кыргыздан жолуктурган жокмун. Кийин уксам, ошол учурда бийликтен ыдык жеп жүрүптүр. Арыз жазышканбы, айтор, текшерип, коргоол да таба алышпаптыр. Өзүн-өзү актап, түкүрүп туруп, «Кыргызстан маданиятына» баш редактор болуп кетти. Өтө мырза, өтө сыпайы, сылык киши болчу. «Бир сөз менен айтканда, канча акчабыз бар» деди деректирге. «Болгонун бериңиз, сценарийин бышыктаганы Памирге баратат» деди. Деректир «100 сом жетеби» дейт. «Жетет» дедим». Мына ушундай камкордугун Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын секретары (1973-1978), ошол союздун Талас облусу боюнча адабий консультанты (1978-1987) болуп иштеп турганда да далай-далай жаш жазуучуларга көрсөтүп келгендиги да анын адамдык насилинин бийиктиги болгонун айта кетүүгө тийишпиз.
Баскан жолу…

Улуу Ата мекендик согуштун каарын көрүп калган Касым Каимовдун өмүр баянына кыскача токтоло кетсек, ал 1926-жылдын 6-мартында Талас облусундагы Талас районуна караштуу Үч-Эмчек айылында жарык дүйнөгө келген. Атактуу адамдар: Сүйүнбай Эралиев, Жакып Медетов, Медетбек Сейталиевдер менен балалык күндөрүн өткөргөн. Чыгармачылыгы мектепте окуп жүргөндө эле башталган. Алгач ыр, фельетон, очерк, аңгеме жаза баштаган. 1942-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, 1945-жылы андагы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Талас облусундагы»Лениндик туу» гезитине котормочу болуп иштеген. Алгачкы жыйнагы “Соңку жолугушуу” 1955-жылы чыккан. Андан соң “Адашуу”, “Мектеп жолунда”, “Талаа жылдызы”, “Бири-бирине окшобогон күндөр”, “Кыш ыргактары”, “Белгилүү эркек”, “Ийри жылан”, «Бөтөлкөдөгү киши», «Начальниктин кабагы», «Теке сүзгөндө» жана башка сатиралык аңгемелери, повесттери, “Атай”, “Акырын күтпө” романдары жарык көргөн. Бир топ чыгармалары чет тилдерге которулган. Жана дагы аудио китеп кылып окуган журналисттер бар. Алардын бири — чет өлкөдө жашап, иштеп жаткан кесиптешибиз Төрөкул Дооров.
Артына чыгармачылыгы, адамгерчилиги менен өлбөс, өчпөс из калтырып кеткен улуу талант Касым Каимовдун жаткан жери жайлуу болсун! Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!
P.S. Улуттук китепканада уюштурулган иш-чарадагы видеолорду жакында көрө аласыздар!

