
Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, филология илимдеринин кандидаты, доцент, адабиятчы, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун төш белгисинин ээси Гүлзада Станалиеванын «Шыбыр…» поэзия терапия кечеси өтөт.

Гүлзада Станалиева өзүнүн автордук ырлары менен катар кыргыз поэзиясында терең эмоционалдык мазмунга ээ акындардын чыгармаларын көркөм окуйт.
Поэзия терапия форматы катышуучуларга жүрөккө катылган ойлорду сезим аркылуу кабыл алууга жана руханий бошонууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү катары акындын «Сыр төгүү» ырынын негизинде жазылган музыкалык чыгарманын презентациясы сунушталат.
Ырга композитор Майрамбү Шукуралиева обон жазып, чыгарма алгач ирет коомчулукка тартууланат. Бул музыкалык-поэтикалык айкалыш кеченин эмоционалдык кульминациясы болору күтүлүүдө.
Күнү: 23-апрель, 2026-жыл
Убактысы: 18:30
Дареги: Технопарк, Флатер салону (Горький к. 1/2, 1-кабат)
Маалымат үчүн байланыш: +996777997737 / @gulzada.stanalieva
«Шыбыр…» поэзия терапия кечеси — бул сөздөн сезимге, сезимден жүрөккө жеткирген, угармандарды ички тынчтыкка жана ой жүгүртүүгө чакырган маданий жолугушуу.
Руханий тынчтанууга, ички дүйнөнү угууга жана сезимдерди поэзия аркылуу айкындоого багытталган өзгөчө маданий иш-чарага, жагымдуу жолугушууга келиңиздер!
Назира СААЛИЕВА

