Балкарлар

Балкарлар

1944- жылы сталиндик кайрымсыз депортация саясаты 38 миң балкарды жүк ташуучу вагондорго отургузуп Орто Азияга көчүргөн. 18 күндүк жолдо сууктан, ачкадан, оорудан адамдар көз жуумп, ак шишик баскан 16,5 миңи Кыргызстанга, калганы Казакстанга жеткирилген. Бүгүнкү балкарлар заман жумшарганда эки өлкөдөн тарыхый мекенине кайтып кеткен 9327 үй-бүлөдөн (35 274 адам) калганы. 1989-жылдагы жалпы союздук калк каттоо Кыргызстан, Казакстанда 5098, 2009-жылдагысы 3100 балкар жашаарын көрсөткөн. Азыр арабызда жашап, иштеп жаткан балкарлар саны — 1302 адам.

Негизинен балкарлар жамаатташ жашаган аймактар — миңдей балкар байырлаган Ысык-Ата, Кант райондору, аз-аздан Бишкектин өзүндө, Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарында, Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарында кездешет. Көбүнесе айыл жеринде жашагандыктан, жашоо-тирликтери мал, жер менен байланышкан. Эски жараат эсинде барлары көкүрөктөрүндө тээ Түндүк Кавказдагы Балкар жерин көксөшкөнү менен, кайтып барганда материалдык жактан чектелип, жарандык, үй салганга жер алуу, иш табуу ж.б. кыйынчылыктар тез чечиле калбайт деп кооптонушат. Анын үстүнө Кабардин-Балкарияда балкар элинин «Балкариянын административдик аймагын депортация болгон 1944-жылдын 8-мартына чейинки калыбына келтирүү талабы бар» деген маселе улам-улам көтөрүлө калып жүрөт. Балкар эл Курултайы бир эмес, эки жолу Балкария Республикасын түзүлгөнүн жарыя кылган, бирок ишке ашкан эмес. А эл козгогон эски Балкария кандай эле, карап көрөлү…

 

* * *

Балкар жери советтик мезгилден нары, бир канча кылым тереңинде жаралган тарыхый аймак. Балкарларды (карач.-балк. алан, таулула) (малкүарлыла), безенгиликтер (бызынгычыла), холамдыктар (холамлыла), чегемдиктер (чегемлиле), баксанлыктар (бакүсанчыла) деп ичтен жиктеп караган изилдөөчүлөр бар. Айтымында, бул аталыштар алар жашаган капчыгайлар (Малкар, Безенги, Холам, Чегем, Баксан) менен байланыштуу. Маселен, 17-кылымда орус элчилери Батыш Грузияга барчу жол эскиче Малкар деген капчыгай аркылуу өтүп, ал Малкар Балкар деп бурмаланып отуруп, эли балкарлыктар аталып калган. Анткен менен бул эл бир эмес, Түндүк Кавказды мурда-кийин мекендеген көп элдин аралашма-жуурулушуусунун аркасында этнос катары калыптанган делет. Өзгөчө жергиликтүү кобань археологиялык маданиятын алып жүргөн кавказ урууларынын (Борбордук Кавказда б.з.ч. 14-13-к.к.), Борбордук Кавказда 4-5-к. пайда болгон иран тилдүү аландардын, 13-к. Кавказ тоолоруна келген кыпчактардын салымы, анан түрк-хазарлардын катышы болгону белгиленет. Бирок түрк-хазарлардын катышы канчалык экени азыр деле талаш. Мусулманчылыкка чейин ар нерсенин өз кудайы бар, башкы кудай — Тейир деп сыйынган балкарлардагы Теңир түшүнүгүн түрк таасиринин бир мисалы катары көрсөтүшөт.

 

* * *

Кандай болсо да, Түндүк Кавказдагы тоо-ташы арбын жер шарты балкарларды ыңгайлашып жашоого бышырган. Эски заманда балкарлар аш-той өткөрсө чыгымын элден жыйган бай-манаптардын башкаруусун көргөн, «журт жакшыларын» алар таубий («тоо беги») атап коюшкан. 1827-жылдан тартып Орусия букаралыгына кошулушат. Совет бийлиги эми-эми орной баштаганда Тоолуктар Республикасы, Терек Советтик Республикасы ж.б. түзүмдөр түзүлүп тарап, 1921-1924-ж.ж. жаралган Тоолуу АССРи Кабардин, Чечен, Карачай, Балкар автономдуу округдарына бөлүнгөн. Бирок андан 10 күн өтүп-өтпөй, балкарлар карачайларга жакын болсо да, аймактагы улуттук курамын карап кабардиндерге кошуп Кабарда-Балкария автономдуу облусу, кийин автономдуу республикасы пайда болгон. 1944-жылы балкарлар депортация кылынган соң Кабардиния АССРи эле болуп калган. 1957-жылдагы реаблитация иш-чарасында Кабарда-Балкария АССРи аймагы кемиген абалда кайра калыбына келтирилген. СССР кулагандан кийинки эгемендиктин 1992-жылын бери Кабарда-Балкар Республикасы аталат.

 

* * *

Өз тарыхый жолунда адилетсиздикти көп көргөн балкар эли үчүн 8-март майрам эмес. Бул күн аларды Ата конушунан айрып, алыскы Орто Азияга 13 жылдык сүргүнгө айдаган депортация ишке ашкан күн. Казакстанда төрөлгөн, тарыхчы. Кабардиния-Балкария мамлекеттик университетинин тарых жана маданият кафедрасынын доценти Хаджи-Мурат Сабанчиев «Балкар элинин депортациялоонун себептери жана натыйжалары» макаласында депортация «жасалма жаралган жаза» дейт. Депортацияланган элдер боюнча көп изилдеген тарыхчы А.Некрич далай элдин тагдырын кайдагы бир доностор талкалаганын жазган. Мисалы, балкар элинин тагдырын Кабардиния-Балкария АССРнин НКВД, НКГБ элдик комиссарлары Бзиава жана С.И.Филатовдун Берияга жазган билдирмелери эле чечип койгон дейт. Ага 1942-жылы Нальчик шаары менен кошо Кабардин-Балкариянын бир кыйла бөлүгүн немис аскерлери басып алганы шылтоо болуп берген. Бул аймак 1943-жылы январь айында бошотулган, бирок душман басып киргенде душман колунда болгон жабдыгы, байлыгы менен бир канча өнөр жай ишканасы; үч жүз миңдеген кой, 45 миңдей уй, 25 миңдей жылкы калган; миңге чукул адам менен бир канча партизандар тобун түзүү керек болсо, душман тылында 125 адамдан турган бир гана отряд гана аракеттенген. Аймактагы партия жетекчилиги баскынчылар менен күрөштө кетирген катачылыктарын элге үйүп, «немистер басып алган учурда, Совет өкмөтү жана партиянын чоң жардамына карабастан Кабардиния-Балкариянын балкар эли совет бийлигине душмандык мамилесин көрсөттү, буларды да көчүрүш кере» сындуу билдирме жөнөтүшкөн. Көп узабай «Эльбрусту душмандан сактай албаган, бандитизм басып алган балкар элин Орто Азияга көчүрүү» бүтүмү чыккан. 1944-жылы 8-мартта таңкы 6да жыйналууга 20 гана мүнөт беришип, товар вагондоруна 38 миң эл 2 саатта жүктөлгөн. 18 күндүк жолдо сууктан, ачкадан, оорудан адамдар көз жуумп, «поезд аз убакытка токтой калган жерде сөөктөр шашылыш жерге жашырылып, токтобогон жерлерде күзөтчүлөр жолдон ыргытып, Кавказдан Орто Азияга кеткен 5 миң чакырымдык жолдо көмүлбөй көп сөөктөр калган». 1957-жылы

 

* * *

Анткен менен бул эл тагдырына сынган жок. Өздөрүн таулулу — тоолуктар аташкан балкарларды «таштан суу сыккан эл» деп сыпатташат. Жашоо-тирлиги мал, жерге байланышканын «Жайытың жок — байлыгың жок» деген макал да далилдейт. Балкарларда жамааттык иш мүнөздүү, маселен, чөп чабыкка бир айылдын эркектери толук чыгып, тоо боорунда бир канча күн чөп чаап, чөмөлөй салып, тоо этегине сүйрөп түшүрүп кайткандан кийин аларды айылда калган эл ыр-бий менен узатып, ыр-бий менен тосуп алган адат бар. Өспүрүм балдардын эр жеткен жигит болгонун ушул чөп чабык далилдейт. Үйлөнүү жөрөлгөлөрү да өзүнчө кызык: кызга жуучу келерде, «сөз бекитишкени» күйөө тараптан баланын агасы, тайкеси, анан кошунасы келет. Аларга камыр сый тамактарын болочок келин, ал эми кыздын эркек туугандары курмандыкка чалынган кой этинен негизги тамак жалбаур — ич майга оролгон боорду шишкебектей от табына бышырышат. Эң башкы сый тамак — отко какталып бышкан койдун башы. Жуучулар да келип эле кыздын колун сурашпайт, алгач келди-кетти сөздөн сүйлөшүшөт. Негизги маселеге өтмөйүнчө дасторконго кол узатышпайт. Качан эки тараптын тамадалары бири мүдөөсүн, бири макулдугун айтып кол алышкандан кийин сый тамактар келет. Тамак ортолоп калганда койдун башынын оң тарабын алып келип тамадага сунушат. Сол тарабы — кыз-келиндердин энчиси. Келинди алып келгенде жүзү жоолук менен жабылуу болот. «Орайда» үлпөт ыры менен үйгө алып кирип, ички ырым-жырымды кылгандан кийин»Орайда» ыры менен кайра сыртка алып чыгышат. Келиндин жүзүн жоолукту ачып биринчи улуулар гана көрөт. Күйөө бала кыздын туугандарынын көзүнө көрүнбөйт, салтанатка катышпайт, ага жоро-жолдоштору менен башка үйгө (болушюй — көмөкчү үй) дасторкон жазылат. Баланын төрөлүшү да өзгөчө бир ырым менен коштолот: болочок ата төрөт жеңил өтсүн деп, бир оорчулугун өзүнө алгандай калың бак арасына барып кыйкырып үн чыгарат. Төрөттү кабыл алган аял баланын киндик энеси болот, ал баланын өмүрүндөгү бардык той-майрамдын сыйлуу коногу. Балкарлар жарыкка келгенден кийинки 40 күндө ымыркай каардуу күчтөрдүн аңдуусунда болот деп, аларды алдоонун ырымы кылып биринчи бешикке жалаякка мышыкты ороп жаткырышат. Анан баланы жаткырып, ырыс-кешиктүү болсун деп аягына, башына, курсагына тоголок нан коюшат. Бала чыргоолонбой дени сак чоңойсун деген тилек менен ал нандардын бирин баланын энеси, бирин киндик эне унчукпай үзүп жеп, үчүнчүсүн аруу күчтөр колдоп жүрсүн деп үйдүн бурч-бурчуна бөлүп ыргытышат. Бардык Кавказ элдериндей балкарларда улуттук кийимдер салттуу. Эркектери көйнөк, шым, бешмет, чепкен, белкурда курал асылуу, ийинде тон, бурка, башта папах болот. Кыз-келиндер туника сындуу көйнөк, кең шым, кафтан, алды ачык узун көйнөк, кур, шал, жоолук, оромол, ар кыл жасалгалар. Ашканада эт-сүт, жашылча тамак-аштар басымдуулук кылат. Этти кайнатышат, куурушат, чучук (күыйма), быжы (ич май, боор, күрүч кошулган сохта), айран (гыпы айран, жуңурт айран), сыр түрлөрү, гыржын, хычын токоч түрлөрү ж.б. даамдары дасторкон көркүн ачат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы,
«Асаба», 24.04.2015-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.