Канатбек ИСАЕВ: “Бийлик деген адамды «мас» кылат”

Канатбек ИСАЕВ: “Бийлик деген адамды «мас» кылат”

Канатбек Исаев Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турганда маектешип, «Мыйзамсыз сатылып кеткен жердин баарын кайрып алуудабыз…» деген аталышта “Баягы Асаба” гезитине (№ 33) санына жарык көргөн.

Канат мырза, «Келерки президент — Канатбек Исаев. Атамбаевдин мураскери, ажо аны тымызын шайлоого даярдап жатат» деген кеп кетти. Ортоңордо ушундай сөз болгону чынбы? Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт да?..

— Андай сөз болгон эмес, бул кеп кайдан чыкты чыны билбейм. Мураскерликти Алмаз Шаршеновичтин өзүнөн сурап көргүлө. «Президенттик шайлоого катышам же катышпайм» деп айта албайм. Анткени эртеңки күн кандай болорун бир гана Кудай билет. Бир нерсени гана ишеничтүү айта алам – ал кыргыз элиме кызмат кылуу. Кайсы кызмат болбосун, алгач аны талдайм. Ал ишке көзүм жетсе, колумдан келсе, өзүмө ишенсем, анан барам. Бул кызматка да өзүмө ишенип келдим. Келгениме жарым жыл болду, эл үчүн жарытылуу бир иш кылып атам деп ойлойм.

— Губернатор болгон жакшы бекен же депутатпы?

— Эгер жанымдын тынчтыгына карасам, Жогорку Кеңештин депутаты болуп жүрө бермекмин. Каалаган убакта барып, барбай, каалаган убакта басып кетип, ар кимге сын айтып коюп жүрө бересиң. Ал жакта бирөө үчүн эмес, өзүңдүн айткан сөзүңө жооп бербейсиң да. А бул кызмат ары татаал, ары жоопкерчиликтүү. Элге пайда алып келген иштерди кылсам деген ой бар. Ошол ойду ишке ашыруу үчүн аз уктап, көп иштеп жатам. Чыны уйку канбай жүрөт. Бирок мен буга өкүнбөйм. Себеби өзүмдүн кичи мекениме келип кызмат кылуудамын. Жакшы бир жыйынтык көрсөтө тургандай иш кылып кетсем деп атам. «Губернатор болуп турганда эмне кылып бердиң бизге?» деп эртең эле эл сурайт. Андыктан бирби, бешпи же алты айбы, айтор, келгенден кийин колдон келишинче кызмат кылуу керек деп ойлойм.

— Эл менен иштөө кыйын бекен?

— Албетте, эл менен иштеш жеңил эмес, оор. 20-30 жыл мурунку эл эмес… Чүй облусунда 1 миллионго жакын калк бар. Алардын ар бири суусунан баштап турак жайы, малына чейин, кыскасы, баарын бизден сурайт. «Бардык маселени жогорку деңгээлде чечип жатабыз жана чечебиз» деп айткандан алысмын. Анткени аны иштеп чыгуу механизмдери жок. Мисалы облустук, райондук бюджет жок. Бюджет жок болгондон кийин маселе чечүү кыйын. Баягы эле каражатка келип такалат. Ошентсе да, иш тажрыйбабыздын жардамы менен ишти жылдырып келатабыз. Мурда мен Салык кызматында, Каржы министрлигинде салык чогултуу боюнча иштегем. Андыктан киреше булактарын аныктоо боюнча түшүнүк бар. Менин биринчи багытым, максатым – ички, тышкы мүмкүнчүлүктөрдү, түшкөн салыктарды туура пайдалануу, инвесторлорду Кыргызстанга тартып, жаңы-жаңы мекемелерди ачуу. Кытай, Түркия мамлекеттери менен келишим түздүк. Кытай тарап Кемин районундагы цемент заводун куруп бере турган болду. «Топоз» деген ишкана ачылды, ал дагы экономиканын локомотиви болот, тагырагы, ири суммадагы салык төлөөчү ишкана болот.

— Мамлекетке киреше алып келгени менен экологияга коркунуч алып келерин айтып, эл жолду бууганга чейин барышууда. Алсак, Панфилов районундагы Вознесеновка айылынын тургундары Чоң-Кайынды капчыгайында “РедМет” тоо-кен казуу компаниясынын жумушун токтотуу талабы менен Бишкек — Чалдыбар жолун тосушту. Талаптары аткарыла тургандыгын айтып өзүңүз тараттыңыз. Эл кызыкчылыгы, экология эске алынабы?

— Албетте, элдин кызыкчылыгы эске алып, аларга зыян келбей тургандай шарт түзөбүз. Элге экологиялык жактан эч кандай зыян болбош керек. Иштетебиз дегендерге биринчи талабыбыз ушул болот. Ушундай демократия бизде, ачыгын айтып чыга калышат.

— Чүйдө канча айыл өкмөтү бар?

— 105 айыл өкмөтү бар. Жолдорун оңдоп, асфальт төшөгөн, спорт зал курган айыл өкмөттөрү бар. Алсак, Мрамор, Лебединовка, Новопавловка, Военно-Антоновка. Айыл жеринде чече турган маселе өтө көп: мектеп, бала бакча, чек ара, таштандылар. Таштанды демекчи, Көлгө кетип бараткан жол таштандыга толуп кетет. Жолду катар кагаздан баштап бөтөлкөгө чейин ыргытышат. Алардын ар биринин артынан тазалап бүтпөйсүң. Андыктан ар бир адам маданияттуулукту, тазалыкты өзүнөн баштаса… Болбосо бизде, биздин администрацияда 45 гана киши иштейт, көп маселегени чечүүдө ушунча адам аздык кылат. Штатты көбөйтсөк деген ой бар. Ойду ишке ашыруу үчүн акча керек.

— «Таза шайлоо өткөрөбүз» деп эле чамынып жатабыз. Шайлоодо элдин эркине коесузбу же?..

— Шайлоого чейин бул жерде иштейминби же жокпу, аны бир кудай билет. Эгер ал учурда ордумда болсом, албетте, калыстыкты кармайм. «Бул партияга, тиги партияга добуш бер» дебейм. Эч бир партияга жан тартпайм. Себеби, эл өзү таразалап, таза партияны тандап алышы керек. Ошондо гана өзгөрүү, өсүп-өнүгүү болот. Акчага сатылбай, тууганым дебей, татыктуу партияга добуш беришин каалайт элем. Шайлоонун тазалыгы, өлкөнүн тагдыры элдин колунда.

— Партия демекчи, «Республика» партиясын негиздөөчүлөрдүн бири элеңиз. Чыгып кеткениңиз боюнча ар кандай имиштер жазылды. Себебин өз оозуңуздан уксак…

— «Республика» партиясын 20дай бала түптөгөнбүз. Ич ара пикир келишпестиктен улам чыгып кеткем. Мен эле эмес, ал партиядан 75 % чыгып кетти. Албетте, жаштыкка, кызуу кандуулукка алдырсак керек. Эми кемчиликсиз адам болбойт да. Бирок жөн жерден эле чыгып кетпейсиң да.

— Азыр кайсы партияда мүчөсүз?

— Эч бир партияда мүчө эмесмин.

— Парламенттик башкаруу сизге жактыбы? Мисалы элге жакпаптыр…

— Парламенттик башкарууну колдойм. Анткени биринчи эле баскычын басып өтүүдөбүз. Себеби, бийлик бир адамдын колунда болбошу керек. Бир эмес, эки адамдын колуна бийлик берип көрдүк. Ошол бийликти көтөрө албай, алар үй-бүлөлүк кландык башкарууга өтүп кетишти. Башында Акаев, Бакиев деле жакшы болуп келишкен. Эл да аларга ишенишкен. Бийлик деген адамды «мас» кылат экен. Экөө тең бийликке «мас» болуп, элди унутуп коюшпадыбы. Ошон үчүн кыргызда бир жакшы сөз бар: «Адамды жакындан билгиң келсе, ага кызмат берип көр» деген. Бийликке келгенде көрүп атпайбызбы кимдин ким экенин…

— Алмаз Атамбаевдин ишине бааңыз кандай? Элдин көбүнө жакпай жатат…

— Элден «жаман» дегенди уккан жокмун, саясий күчтөр эле жамандап жатат. Алмаз Атамбаевди кызматта отуруп алып мактагандай болбоюн, губернатор боло электе ал кишинин алгылыктуу иш кылып жатканын айтып келгем. Президент премьер кыла турган ишти өзү аткарып атат. «ГазПром» боюнча газдын баасын кыйла эле, 20 пайызга төмөндөттү, Нарын каскад курулушу да президенттин демилгеси менен болду. Мына дагы Орусиядан 1 млр доллар келет деп жатышат. Өкмөттүн деңгээли жетпегендиктен президент аралашууга аргасыз болууда. Кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз алынып, сатылып кеткен жерлер четинен кайрылып келүүдө.

— Мисалы, кайсы жерлер?

— Бишкектеги «Ак кула» ат майданы 57 гектар жерди ээлейт экен. 814 миң сомго сатылып кетиптир. 44 гектар жерди ээлеген Каракол шаарындагы ат майданы 1 млн. сомго сатылыптыр, 20дай таза кандуу жылкылар менен. Караколдогу ат майданы кайра кайрылды. «Ак кула» ат майданы боюнча сот иштери жүрүп жатат.

— Сокулукта Жаныш Бакиев басып алган жер кайрылдыбы?

Басып алганы боюнча качантан бери эле айтылып келатат, сиз деле уксаңыз керек. Укканым бар, бирок ал жерди басып алганы боюнча тастыкталган эмес. Ал эми Сокулук, Аламүдүн районунда миңдеген гектар жерлер сатылып, колдон колго өтүп кетиптир. Бул боюнча да сот иштери жүрүүдө. Сотто ээлери аныкталса, мыйзамсыз кеткен жерлер сөзсүз элге кайтарылат.

— Жогоруда «Ак кула» ат майданы боюнча сөз кылбадыңызбы, ал жерге көкбөрү тартылып келет. Сиз таптаган аттар чыгууда. Көкбөрүгө түшүп көрдүңүз беле?

— «Көкбөрү» федерациясы менен катар азыр «Аргымак» аттуу федерацияны жетектейм. Тээ илгертен келаткан, ата-бабабыздан калган улуттук ат оюндарынын учугун улап келебиз. Кичинемден эле бул оюнга кызыкчумун, улак тартышка түшчүмүн, азыркыга чейин көкбөрү тартам. Ат үстүндө жүргөндү жакшы көрөм. Спорттун бардык түрүнө кызыгам. Шахмат, футболду жакшы ойнойм, сууда жакшы сүзөм.

— Ушундай жакшылыктын баарын журналисттер жазат. Сындап да коебуз. Бирок, бул кызматтагы адамдарга жакпайт. Сиз сынды кандай кабыл аласыз?

— Сын сөзсүз керек, а болбосо кыймылдабай калбайбызбы. Бирок, ал чындык болсо, кээ бир журналисттер «дейт, дейт» деп эле жаза берет. Туура эмес маалымат жазып, массага жайгандын өзү туура эмес. Ушак жазбай, так, туура, далили менен аналитика жазган гезит болсо, биз аны колдойбуз. Өзүнө да, бизге да, коомго да пайда алып келээр эле. Тилекке каршы, андай гезиттер аз. Азыркы журналисттер Мелис Эшимкановдун стилине түшүп жазгысы келет. Бирок окшошпойт. Анткени курч, мурч жазган, эч нерседен тайманбаган, бийликке каршы сөз сүйлөгөн жалгыз Мелис байке болчу. Анткени, андай чечкиндүү кадамга ар бир адам бара алмак эмес. Себеби, ал кездеги Акаев бийлиги күчтүү эле. Ал бийлик менен күрөшкөн жалгыз «Асаба» гезити эле. Гезитти кандай чыгарыш керектигин, коркпой-үркпөй жазуунунун эшигин алгачкылардан болуп Мелис Эшимканов ачып кетти десем жаңылышпайм. Кайрадан чыгып жатканын кубаныч менен кабыл алдым. Ийгилик каалайм.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.