Төрт ажы төрт жылга журналистти кестирип, чуу жаратты…

Төрт ажы төрт жылга журналистти кестирип, чуу жаратты…

Журналист Зулпукаар Сапановдун “Кыдыр санжырасы” аттуу китеби былтыр, сентябрь айында жарык көрөрү менен дин чөйрөдөгү өкүлдөр авторду сотко берген. Сот созулуп келип, акыры айып тагып, төрт жылга кести. Сот залынан камакка алынган кесиптешибизге кесиптештер кайгырып, тынчсызданып, социалдык түйүндөрдө, телерадиодо тилектештигин билдирип жатышат. Журналисттерден айланса болот!

Сөз эркиндигин коргоо комитети да кайрылуу жасады

Аталган комитет четте карап турган жок. Алар социалдык тармактар аркылуу коомчулукка кайрылуусу таратты. Анда мындай деп жазылат:

“Акыркы убакта журналисттерге, коомдук активисттерге жана оппозиция мүчөлөрүнө каршы саясий себептер менен токулган соттук чечимдер өтө эле көбөйүп кетти. Мындай чечимдер эч бир элдик пикирден же уят-сыйыттан коркуп-ийменбестен, көрсөтмө катары чыгарылып жатат. Журналист жана жазуучу Зулпукар Сапановго каршы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков кечээ күнү, 12-сентябрда, чыгарган соттук чечим өлкө жарандарынын баарын чочулатып, таң калтырды. Сапанов китеп гана жазганы үчүн Кылмыш жобосунун «дин аралык араздашуу чыгаруу» деген беренеси боюнча төрт жылга эркинен ажыратылууга кесилди. Сапановдун өзүнүн айтымында, «Кыдыр санжырасы» деген китебинде ал Куран жана башка ислам боюнча тарыхый чгармаларга сын көз караш менен мамиле кылып, бир топ курч суроолорду койгон. Сапанов өзүн традиционалист деп эсептейт жана кыргыз элинин тарыхый адат-салты менен байыркы маданий баалуулуктарын сактоого үндөйт. Соттун жүрүшүндө ал – өзүнүн көз карашына төп келген президент Алмазбек Атамбаевдин да сөздөрүн келтирген: «Элдик кыргыз кийимин кийгендин ордуна кээ бир биздин айымдар жамынып, паранжа же хиджаб сыяктуу араб кийимдерин кийе баштады. Биз өз салттарыбызды, өз маданиятыбызды сакташ керекпиз. Кимде ким өз салты менен тилин жоготсо, ал мамлекетти да жоготот». Зулпукар Сапановдун камалышы өлкөдөгү ансыз деле чыңалып бараткан диний мамилелерди ого бетер ырбатышы мүмкүн жана башкалар үчүн ал өтө терс, коркунучтуу үлгү болуу коркунучун жаратат. Мындай соттор болуп жаткан учурда бейдин болуп эсептелген бийликтин билмексен болуусу дагы өтө коркунучтуу. Өлкөнүн Жазуучулар биримдиги, журналисттердин бир нече уюму же Маданият министрлиги да мындай соттор тууралуу үн катпай отурат. Конституция боюнча, Кыргыз Республикасы – бейдин мамлекет, сот Марат Сыдыковдун чечими болсо, Конституциянын бул негиз салуучу биринчи беренесине шек келтирет. Бийлик – өзүнө каршы сын айткан эркин журналисттердин оозун соттордун колу менен жаап жаткан учурда эми диний чөйрө бүткүл өлкөгө бирдиктүү диний көз караш таңуулай баштадыбы? Сапанов жана анын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна каршы арыз менен кайрылууга даярданууда, ошондуктан Сөз эркиндигин коргоо комитети шаардык соттун коллегиясынан – маселени дыкат жана бейтарап карап чыгууну суранат. Муфтият менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын болсо комитет – ырайымсыз маанайдагы диний чөйрөдө түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүүгө үндөйт. Антпегенде, диний абал өлкөдө ого бетер курчуп кете берет”.

Кесиптешибизди сот күнөөлөп чыкты

12-сентябрда, Бишкектеги Биринчи май райондук соту Зулпукаар Сапановдун кезектеги сот процессин улантып, Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси («Улуттук, расалык диний же регион аралык кастыкты козутуу») менен күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркинен ажыратып, камакка алышты.

Сотко кимдер берген?

Алгач дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү УКМКга кайрылышкан. Алар “китептеги айрым тексттер исламга шек келтирет» дешкен. Андан кийин “Акыл эс, ыйман” коомдук уюмунун жетекчиси Дүйшөн Абдылдаев, теолог Кадыр Маликов, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу, Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков журналисттин жазгандарына каршы пикирин айтып чыгышкан жана айтышууда…

Сапанов өзү эмне дейт?

Ушул жылдын февраль айынын башында Зулпукаар Сапанов экөөбүз Жогорку Кеңештин фойесинен жолугуп, сүйлөшүп туруп калдык. Аңгыча парламенттен депутаттар танаписке чыкты. Өмүрбек Чиркешович түз эле бизди көздөй басып келип, “баары жакшы болот, кейибе!” деп Зулпукаарга көңүл айтып, басып кетти. Зулпукаардан сурасам, “Кыдыр санжырасы” деген китеп жазганын, ошол боюнча УКМКда суралып жүргөнүн айтты. “Мындай учурда адамга жакшы гана сөз керек эмеспи” деп сыр бербей жаркылдады. Мен дагы китебине кызыгып, суроолорду жаадыра баштадым. “Кандайча жазып калдың? Буга эмне түрткү болду? Канча күндө жазып бүттүң?” десем, кыскача эле: “Муну сиз окуп чыгышыңыз керек! Берейин десем жанымда жок эле. Мен бул китепти жазам деп убакыт короткон жокмун, бат эле жазып койдум. Санжыра жаздым десем болот. Кыргыз өз санжырасын биле жүргөнү жакшы го. Максатым эле кыргыз улутун биримдикке чакыруу. Бул жерде диндерге шек келтирүү деген жок! Ар бир адамдын кабыл алуусунан деп ойлойм. Эми башка түшкөнүн көрө жатарбыз. Эртең эмне болоорун баарыбыз эле билбейбиз да” деп дагы жаркылдады. Төрт жылга кесилип, камакка алынам деп ошондо эч ойлогон эмес. “Ойлорумду жазганым үчүн мага эскертүү берилет го” деп бейкапар жүргөн. Анан эле иши сотко ашып, сот ушундай чечим чыгарып салбадыбы… Өтө кейиштүү. Төрт жыл деген оңой эмес. Анын да үйбүлөсү, балдары бар. Кудай деген кишилер кечиримдүү болуш керек болчу!

Туугандары, жубайы шаардык сотко кайрылышты

Сапановдун өмүрлүк жары Гүлбарчын Ибраева Биринчи май райондук соттун чечимине макул эместигин, Бишкек шаардык сотуна даттанарын “Азаттык” радиосуна билдирип, китеп боюнча мындай деген оюн айткан: «Кыдыр санжырасы» деп аталышы эле айтып тургандай, санжыраны иликтеп чыкты. Байыркы мезгилде кайсы динге сыйынып келгенибиз камтылган. Ислам дини да бар. Бул жерде динчилдер белгилеп жаткандай жаман деле нерсе жок. Кыргызым бириксин, кыргыз ар дайым ыйык эл болгон деп ошону баса белгилеген. Азыркыдай террорчулук күчөп аткан мезгилде балдар курмандык болуп кетпесин деген максатта жазылган китеп. Анда адамдык сапаттар бийик коюлган. Өзүнүн оюнан чыгарган эч нерсе жок. Жазардан мурун терең иликтеп, көп нерсени окуп чыккан. Бүт китептерден үзүндү, цитаталар келтирилген”,- деген.

Жубайы, туугандары Бишкек шаардык сотуна даттануу кагазы менен кайрылышып, алардан акыйкат күтүшүүдө… Биз, журналисттер да, шаардык соттон калыстыкты күтөбүз!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.