Назарбаев менен Исаков сүйлөшкөн эмеспи?

Назарбаев менен Исаков сүйлөшкөн эмеспи?

Кечээ кечинде, 11-октябрда, Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү Сапар Исаков Нурсултан Исаковго жолукканы боюнча: “Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-октябрда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди. Өкмөт башчы мындан бир гана Кыргызстандын жарандары эмес, Казакстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары да жабыркап жатканын билдирди. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын Өкмөтүнө чек арадагы бардык болуп жаткан маселени чечүү боюнча тапшырма берди” деп жазып чыгып, экөөнүн сүрөтүн коюшкан. Алардын шилтемесине таянып, ММКлардын дээрлик көбү жазып чыгышты. Атүгүл, “азамат экен” деп Фейсбукта да кызуу талкууланган. Кызыгы бул маалыматты эң биринчилерден болуп Сапар Исаков өзү соцтармактардагы баракчаларынан тараткан. Жалгыз С.Исаковго шилтеме кылып, казак сайттары да жазууда. Бирок казак тараптын расмий органдары бул маалыматты тастыктаган да, четке каккан да жок. Казактснадын коопсуздук комитетинин расмий сатында кыргыз-казак чегарасындагы текшерүү жумшартылганы жөнүндө сөз жок, тескерисинче: “Чекара кызматы жүк ташыган машинелерди, жеке тараптарды, товарларды текшерүү күчөтүлдү” деп гана жазылып турат. Ал эми казак президенти менен расмий сүйлөшүү болбогондугун орусиялык “Коммерсантъ” гезитин журналисти Андрей Колесников жазып чыкты. Ал өз макаласында саммитке катышып, бардыгын өз көзү менен көргөнүн, кыргыз жана казак журналисттери менен да сүйлөшкөнүн, Н.Назарбаев бир гана Белорусь президенти А.Лукашенко менен кечке сүйлөшүп олтуруп алганын, “Нурсултан Назарбаев менен Сапар Исаков сүйлөшкөн жок, демек чегара маселеси Кыргызстандагы шайлоодон кийин чечилет” деп жыйынтыктаган. (https://www.kommersant.ru/doc/3435513)

Саммит учурунда В.Путин ордунан туруп барып, Н.Назарбаевди чакырып, өзүнчө сүйлөшүп турган видео дагы кеңири талкууга алынды. Бир да сөзү угулбаган видеодон “орус президенти Кыргызстандын маселесин сүйлөшүп, Назарбаевди көндүрдү” деген билермандарыбыз да чыкты. Өзгөчө Феликс Кулов: “Мен Путинди жакшы билем, ал маселени дароо чечмей жайы бар, биздин акыбалды айтышы мүмкүн” десе, катардагы жараныбыз: “Атамбаев Путинден суранса керек да” дей салды.

Кандай болгон күндө да, чегара маселеси азырынча ачык бойдон, аны убакыт көрсөтөт. Сапар Исаков менен Нурсултан Назарбаев расмий олтуруп сүйлөшпөсө да, басып баратып ооз учунан маселени талкуулашы да мүмкүн.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.