“Төшөктө жакшы эмессиң” деп аялын төпөштөгөн…

“Төшөктө жакшы эмессиң” деп аялын төпөштөгөн…

Ушундай күнөө менен аялын сабап, айыпталган У.У. аттуу жарандын соттук отуруму 27-сентябрда болуп, кечээ, 13-октябрда, Чүй облусундагы Ысык-Ата райондук сотунда уланып, ага соттун өкүмү чыкты.

Сот өкүмү

Үч баланын атасы У.У. сотто күнөөлүү деп табылып, ага акчалай айып (5 миң сом) салынды. Ошондой эле жабырлануучу аялына 7192 сом моралдык чыгым жана 10 миң сом материалдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Жаңжал эмнеден келип чыккан?

Тергөө иштердин жүрүшүндө, жаңжал эмнеден башталганын жубайлар мындай деп айтып беришкен. Экөөнүн урушу ушул жылдын 6-июнунда, кечки саат 22.00до  башталган. У.У. аялын баса калып, башына, бетине бир нече жолу уруп, сыртка чыгып баратканда, аялы тура калып, гүл салынып турган карапаны ыргыткан. Күйөөсү ого бетер ачууланып, сабап салган. Аялы милицияга кайрылган.

Соттук отурумда ошондогу окуяга У.У. өкүнүп жатканы менен жарашууну каалаган эмес. Ал ажыраштырууну мыйзам боюнча чечип берүүнү суранган.

Ал эми аялынын айтымында, бул жаңжал үйүндө биринчи жолу эмес, дайыма болуп турган. Күйөөсү “сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасабайсың” деп жаңжал чыгарчу экен.

Айнаш БАЗАРБЕКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.