Таластагы митинг (эки видео)

Таластагы митинг (эки видео)

Президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун Таластагы штабынын жанына эртең менен шайлоочулары чогулган. Андан соң Кыргызстандын желегин көтөрүп алып шаардын борбордук көчөлөрүн кыдырып чыгышкан. Алар тынч митинг өткөрүп, шайлоо таза өтпөгөнүнө нааразы болушту.

Митингчилердин алдына алгач Өмүрбек Бабановдун иниси Көпжашар Бабанов келип, байкесине добуш бергендери үчүн ырахматын айтып, таркатууга аракет кылган.  (Видео)

Көгөрүп, кетпей туруп алган шайлоочулардын алдына өкмөттүн облустагы өкүлү Даир Кенекеев келип, элди тынчсыздандырууга аракеттенген. “Түшүнөм, ичиңер ачышып турат, менин да ичим ачышып жатат. Кааласаңар Бабанов деп чогуу кыйкыралы. Бирок бул жерде туруунун кажети жок. Шайлоонун тазалыгы Таласта болду”,-деген. (Видео)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.