Айтылуу акын Алым Токтомушев эскерилди

Айтылуу акын Алым Токтомушев эскерилди

Бүгүн, белгилүү журналист, публицист, котормочу, акын Алым Токтомушевдин 70 жылдыгына арналган чыгармачылык эскерүү кечеси Улуттук Консерваториясынын чоң залында болуп өттү. Эскерүү кечесин белгилүү журналисттер Олжобай Шакир жана Аскер Сакыбаева алып барды. Эскерүү кечеге Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин министри Түгөлбай Казаков баш болгон көрүнүктүү акын, жазуучулар, коомдук ишмерлер жана журналисттер катышты. Алым агабызды замандаштары, чогуу иштеген кесиптештери эскеришти. Ырлары ырдалды, ал белгилүү ырчылардын аткаруусунда жаңырды.

Алым Токтомушевдин эскерүү кечесиндеги эскерүүлөрдү эртең толугу менен окуй аласыздар, туугандар!

 

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.