Улан Саляновдун өлүмү тууралуу агасы айтып берди (Видео)

Улан Саляновдун өлүмү тууралуу агасы айтып берди (Видео)

Улан Саляновдун агасы Карыбек Салянов ошол күнкү каргашалуу окуяны “Азаттыкка” айтып берген. Анын айтымында, ал келген учурда иниси ооруканага алынып кетип, келини ыйлап отурган. Беткап кийген белгисиз эки адам куралчан кирип, бирөөсү Улан Саляновдун 17 жаштагы кичүү баласынын мээсине пистолет такаган. Атасы баласын куткаруу үчүн аны баса жыгылып, “балам, кач!” дегенде, ал терезеден секирип качкан. Калганын ВИДЕОдон көрө аласыздар!

Маркумдун сөөгү эртең жерге берилет

Эртең, 8-ноябрда, саат 11:00до маркум Улан Салянов менен коштошуу зыйнаты болуп, Ысык-Ата районундагы Биринчи Май айылында жерге сөөгү берилет. Маркум 42 жашта гана болчу. Артында эки баласы калды.

Эскерте кетсек

6-ноябрга караган түнү, болжол менен саат 02:30 “Көк Жар” конушунун Достоевский көчөсүндө жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткап кийген белгисиз адамдар куралчан кирип, кол салган. Канкорлордун колунан оор жаракат алган Улан ооруканага жеткирилип, көз жумган.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүүдө.

Канкорлордун колунан каза тапкан Улан Саляновдун ата-энесине, бир тууган эжеси депутат Аида Саляновага, жубайына, балдарына “Алакан” сайтынын эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.