Бүгүн Абсамат Масалиевдин туулган күнү. Акыркы маегинде эмнелерди айткан?

Бүгүн Абсамат Масалиевдин туулган күнү. Акыркы маегинде эмнелерди айткан?

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн Абсамат Масалиевдин (1933-жылы 10-апрелде) жарык дүйнөгө келген күнү. Көзү тирүү болгондо 85 жылдыгын белгилемек экенбиз. Айтылуу инсан 2004-жылдын 31-июлунда көз жумган.

Абсамат МАСАЛИЕВ: «Мен эл жасаган майда-чүйдө жумуштарды жасай алам»

Абсамат Масалиевдин акыркы маеги «Азаттыкта» сакталып калган. 2004-жылдын 29-июлунда журналист Бекташ Шамшиев маек курган. Акыркы маеги төмөндөгүдөй:

Улуттун туу туткан азамат уулдарынын бири Абсамат Масалиевдин актыкка моюн сунушу көпчүлүк элдин кабыргасын кайыштырып, кайгыртып турган кези. Абсамат ага коммунисттик доор дал-далынан кете баштаган чакта өлкөнү башкарган. Эгемендик заманда баштагы коммунисттик курулуштардын таланып-тонолуп, күрүлдөп иштеп келген завод-фабрикалардын кыйгас токтоп калганына жаны күйгөн. Эл турмушун кантип жакшыртуу керектигин, эски деп кечээкинин баарын ыргытып ийбеш керектигин үнү жеткен жерде жарыя айтып келген.

Абсамат ага менен 29-июлда телефон аркылуу сүйлөшкөм. Ыраматылык сөз арасында быйыл бакчасы жакшы болгонун айтып, мөмөсүнөн ооз тийип кетүүгө чакырган эле:

— Мен эл жасаган майда-чүйдө жумуштарды жасай алам. Жер иштеткенди билем, анан майда курулуш иштерин бүткөрүү да колдон келет. Короого сарымсак эккенбиз. Бышып калган экен казып алганбыз. Бакка болсо эргежээл алма отургузганбыз. Былтыр тиккенибиз беш-алтыдан алды. Сокулуктан алып келип отургузганбыз. Мурда тиккен алмаларыбыз абдан жакшы болуп турат. Буларга суу коёбуз. Алманын кышкы-жайкы сорттору бар. Бирөө бышып төгүлүп атат. Келип жеп кетсеңер болот.

Аттиң, бул аңгеме Абсамат аганын «Азаттык» үналгысына берген соңку маеги болуп калды. Жаамы журтка таанымал улуу адамды ажал тооруп калганы ойдо жок, экөөбүз бак тигүү, жер иштетүү туурасында кыйлага сүйлөшкөнбүз.

Сөз арасында Абсамат ага короосуна мөмөлүү бак-даракты арбын отургузганын айтып, ушу тапта анын мөмөсүн жыйнап атканын, дыйканчылыкка бала кезинен жакын экенин эскерип отурган. Кыргызстандын кыйла жери иштетилбей кысыр калып жатканын өкүнгөнүн жашырган эмес.

Абсамат Масалиев өзү курдуу аксакалдардын кыйласынан айырмаланып, билген чындыгын тартынбай айтчу. Бийлик башындагыларга жаман көрүнүп калбайын деген саксынуу а кишиде жок болчу. Өңгөсүнөн да эгемен өлкөнүн Башмыйзамы улам-улам референдумдарга салынып жаңыртыла беришин жактырчу эмес:

— Референдум боюнча. Бул конституциялык мыйзам. Муну биз канча жолу айттык. Азыр биз 1991-жылы кабыл алынган мыйзам менен иштеп келе жатабыз, жаңысы кабыл алына элек. Эски мыйзам конституциялык эмес. Андай болуш үчүн Жогорку Кеңештин эки палатасы экиден кем эмес ирет карап чыгып, үчтөн эки добуш менен кабыл алышы керек деп жазылып турат. Колубуздагы мыйзам мурдагы бир палаталуу Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал жарабайт. Бирок аны менен 4 референдум өттү. Ачыгын айтсак, бул референдумдар мыйзамсыз. Муну биз ачык эле айтып жүрөбүз. 

2002-жылдагы Аксы окуясынан кийин Конституция дагы бир жолу элдин элегине салынып, олуттуу проблема катары анда мамлекет башчыга кандай сыйургалдар керек экендиги парламентте чоң талашка түшкөн. Өлкө жетекчиси менен үй-бүлөсүнө толгон-токой жеңилдиктер берилишин Абсамат ага жактырбастыгын ачык эле билдирген:

— Мамлекеттин тарыхы улантыла бериши керек. Ким кандай иштегени калып калышы абзел. Мына мен өзүм да иштеп келдим. Менин үй-бүлөм, аялым, балдарым иштеп келатышат. Кол тийбестикти эмне үчүн өзүнө, үй-бүлөсүнө алып кaлыш керек. Биз айтып атабыз, мейли иштеп кеткенден кийин жакшы пенсия чектеп берели деп. Жакшы жашоого шарт түзүп берүүнү мыйзам аркылуу өткөрөлү десек болбой туруп түз Конституцияга жазып койду. Мындай Конституция, мындай түзөтүүлөр Американын Конституциясында да жок.

Абсамат ага артында «таза, чынчыл адам эле» деген ат калтырып кетти. Бийликтин бийик тепкичтеринде жүрсө да жөнөкөйлүгүнөн, калыстыгынан тайыбады. Тарых мындай адамдарды дайыма барктап алат”.

Аскар Акаевдин атаандашы болгон…

Өмүр таржымалына, баскан жолуна, кызматына көз чаптырсак, төмөндөгүдөй.

1933-жылы 10-апрелде азыркы Ош облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулуп, 2004-жылдын 31-июлунда көз жумган.

А. Масалиев 1949-жылы Үч-Коргон кыштагындагы 8-жылдык мектепти бүткөндөн кийин Кызыл-Кыядагы тоо-кен техникумун артыкчылык дипому менен аяктайт.

1953-1956–жылдары Москвадагы Сталин атындагы тоо-кен институнун атайын орто билимдүү адистерди тездетилген программа менен инженердик кесипке даярдачу үч жылдык бөлүмүндө окуйт.

Институтту бүткөндөн кийинки алгачкы беш жылда «Кызыл-кыя көмүр» башкармалыгынын «Комсомольская» кенинде участка начальнигинин жардамчысы-тоо местери, участканын начальниги, «Комсомольская» кенинин орун басар башкы инженери, «Кыргыз көмүр» трестинин башкы инженеринин жардамчысы болуп эмгектенет.

1961-жылы Кыргызстан компартиясынын Ош областык комитетинин өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн инспектору болуп которулат.

1962-1964-жылдары Алматыдагы Жогорку партиялык мектепте окуйт. Андан соң Кыргызстан КП БКсы менен Кыргыз ССР Министрлер советинин Партиялык-мамлекеттик контролдоо комитетинин өнөр жай, транспорт жана байланыш бөлүмүнүн инспектору, Ош облустук элдик контрол комитетинин төрага орун басары болуп иштейт.

1966-жылы партиянын Ош областык комитетинин өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн башчысы, ал эми 1969-1971-жылдары партиянын Таш-Көмүр шааркомунун 1-катчысы, андан соң эки жылдай Кыргызстан КП Бксынын өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары.

1972-1974-жылдары Фрунзе шаардык аткомунун төрагасы.

1974-1979-жылдар-Кыргызстан КП БКнын катчысы.

1975-жылдын январь 1985-жылдын июнь айлары партиянын Ысык-Көл областык комитетинин биринчи катчысы.

1985-жылы КПСС БКнын инспектору. 1985-жылдын ноябрынан 1991-жылдын апрелине чейин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы.

1990-жылдын апрель-декабрь айларында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон.

1991-жылдын апрель-август айлары КПСС БКнын идеологиялык бөлүмүнүн кңешчиси.

1993-96-жылдар Тоо кен иштериндеги коопсуздукту техникалык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин мүдүрү.

А. Масалиев 1995 — жылкы президенттик шайлоодо Аскар Акаевдин негизги атаандашы болгон.

Бул шайлоодо бийлик добуштарды одоно бузуу менен — президенттин ошол кездеги маалымат катчысы К. Баялинов мурда айткандай — Акаевдин 73 процент добуш алып жеңүүсүн камсыздаганы бүгүнгө дейре айтылып жүрөт.

КПСС БКнын мүчөсү (1986-1991), СССР Жогорку Советинин 10-11-чакырылышынан депутаты, СССРдин эл депутаты(1989-1991), СССР Жогорку Советинин мүчөсү, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине беш чакырылышына депутат шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаты.2000-2004-жылдары КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын Борбодук аткаруу комиетитинин төарагасы, СКП-КПССтин аткаруу комитетинин кеңеш мүчөсү, СКП-КПСС кеңешинин төрага орун басары болгон.

Үй-бүлөсү: жубайы да өзүндөй жөнөкөй адам болгон

Абсамат Масалиевдин өмүрлүк жары Хайрыхан Козубаева болгон.  Жөнөкөй, таза, бийик адам болгон. Жолдошунун ишине кийлигишкен эмес.  Саясатка такыр аралашкан жок.  Балдарына тарбия берип, тынч үйүндө отурган үлгүлүү айым болгон. Өмүрлүк жары 4 балалуу болушкан. Уулу Исхак Масалиев  белгилүү адам, ал Жогорку Кеңештин депутаты. Депутат 2004-жылы атасынан ажыраса, былтыр 17-апрелде (78 жашында дүйнө салган) апасынан ажыраган. Маркумдун сөөгү 18-апрелде «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилген.

Даярдаган Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.