Салянованын өздүк майрамын Текебаевдин үй-бүлөсү куттуктап, кыйынчылыкта бирге болоорун билдирди

Салянованын өздүк майрамын Текебаевдин үй-бүлөсү куттуктап, кыйынчылыкта бирге болоорун билдирди

Бүгүн, 6-август, мурдагы Башкы прокурор, мурдагы Юстиция министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, II даражадагы «Манас» орденинин ээси, юридика илимдеринин кандидаты, үч баланын апасы Аида Салянованын өздүк майрамы. Аида Жеңишбековнанын туулган күнүн социалдык тармак колдоочулары кечээ эле куттуктап башташкан. 

Куттуктоолорго биз дагы кошулабыз! Биздин белегибиз сизге ушул болсун, бүгүн кечке биздин редакцияга келген куттуктоолорду, дегеле СИЗ жөнүндө калыстыгын айткан адамдардын пикирин, сайтыбызга (alakan.biz) жарыялап турабыз.

Кыргыз эли сыйлаган, сыймыктанган Өмүрбек Чиркешовичтин өмүрлүк жары Айгүл Текебаеванын таң атпай куттуктоосу келди. Анда эмесе, Айгүл айымдын куттуктоосун чогуу тыңдайлы!

Аида Жеңишбековнаны бүгүнкү туулган күнү менен үй-бүлөбүздүн атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ага чың ден соолук, кажыбас кайрат, ийгилик каалайбыз! Аида Жеңишбековна, Юстиция министри, Башкы прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда, өз кызыкчылыгынан мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын жогору кое билген принципиалдуу, мекенчил адам экендигин, өз ишин мыкты билген компетенттүү адис экендигин далилдеди. Акыркы беш жылдыкта, Кыргызстанда Аида Салянованын башына түшкөндөй кыйынчылыктар башка эч кимдин башына түшкөн жок. Атамбаев президент болуп турганда, өзү баш болуп, жалган жалаа жаап, кылмыш иштерин козготуп, куугунтуктаганына карабай, өз көз карашын, граждандык позициясын кымындай да өзгөрткөн жок. Азыр да негизсиз айыпталып жатат. Ак ийилет, сынбайт, чындык дайыма жеңет!

Аида Жеңишбековнанын апасына, үй-бүлөсүнө, анын жакындарына бул кыйынчылык күндөр да тез эле өтөөрүн айтып, бул күндөрдө алар менен биздин үй-бүлө бирге боло турганын ишендиргим келет!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.