АКМАТАЛИЕВ: “Текебаевдин акталганы, Атамбаевдин түрмөгө түшкөнү мыйзам ченемдүү көрүнүш”

АКМАТАЛИЕВ: “Текебаевдин акталганы, Атамбаевдин түрмөгө түшкөнү мыйзам ченемдүү көрүнүш”

“Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайларды Жогорку сот бүгүн (21-августта) карады. Жыйынтыгында, сот адвокаттардын айткандарын канааттандырып, буга чейинки чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөттү. Мындай чечим залдагы элдин маңдайын жара сүйүнттү. Алар биринчи жолу сотту каргабай, алкап чыгышты.

Канча деген саясатчылар социалдык тармактан куттуктап, пикирлерин жазууда. Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев да өз оюн жазды. Аны эч өзгөртүүсүз беребиз.

Өмүрбек Текебаев боюнча Жогорку Соттун чечими бул тарыхый чечим. Бул бийликтин саясий эрки жана коомдун туруктуу талабы менен ишке ашып башталган сот системасындагы чыныгы реформа десек болот! Көрсө, сот реформасы ушундай эле 3-4 калыс чечим менен ишке ашып кетет тура! Бул чоң жеңиш, туугандар!

Ал эми, Текебаевдин акталганы жана Атамбаевдин түрмөгө түшкөндүгү бул да болсо мыйзам ченемдүү көрүнүш, бири-бирине байланышкан нерсе деп ойлойм! Карөзгөйлүк, көпкөндүк, менменсингендик, кекчилдик сөзсүз кайра өзүңө келип тиет! Сөзсүз! Ханды Кудай ураарда… Бул бумеранг мыйзамы! Мындан эч ким качып кутулган эмес! Атүгүл мультимиллионерлер да... Калыстык келем десе чоң акча деле эч нерсе чечпейт”,-дейт А.Акматалиев.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.