Жамал Сейдакматова, Самара Токтакунова “Манас” ордени менен сыйланышты. Мындай сыйлыкты Атамбаев Илмияновго берди эле…

Жамал Сейдакматова, Самара Токтакунова “Манас” ордени менен сыйланышты. Мындай сыйлыкты Атамбаев Илмияновго берди эле…

Кыргызстандын көз карандысыз күнүнө, Эгемендүүлүк майрамыбызга карата 167 адам мамлекеттик сыйлык менен сыйланышканы тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн (29-августта) билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, сыйлык ээлери Кыргызстанга социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу жана кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн сыйланышкан.

Тизменин башында “Туңгуч” жаштар драма театрынын кɵркɵм жетекчиси, “Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова жана залкар комузчу, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо кафедрасынын профессору, Кыргыз эл артисти Самарбүбү Токтакунова турат. Алар II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланышты.

Алмазбек Атамбаев сыйлыктын баркын кетирген…

Жамал Сейдакматова менен Самара Токтакунова эжебиз алган II даражадагы “Манас” орденин  Алмазбек Атамбаев ажо болуп турганда,  Фарид Ниязовго (азыр ал абакта), мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго (учурда камакта) тапшырган. III даражадагы «Манас» ордени менен Икрамжан Илмияновго (азыр ал камакта) тапшырган. Бул эки адамды аябай мактап, «Социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн» деген негизде берген. Экөөнүн экономиканы көтөрүүгө салым кошконун көрдүңүздөр беле? Кайра Кыргызстанды талап-тоношкон.

Дегеле Атамбаев сыйлыктарды жалаң өзүнүн жанындагы адамдарга ыраазы болуп эле тапшыра берген. Мына, караңыздар!

Президенттик шайлоо өткөндөн кийин, «Курманжан Датка» ордени менен БШКнын төрайымы Шайлдабекова Нуржан айымды сыйлаган. «Достук» ордени менен Анвар Артыковду сыйлаган. Бул киши КСДП фракциясынын ЖК депутаты. Дегеле бир эки эл арасында достук кылганын көрдүңөр беле же уктуңар беле? Интрига эле кылып жүрөт го…

ИИМдин мурдагы жетекчиси Улан Исраиловду да кур калтырган эмес, ана “милициянын генерал-майору” жогорку наамын ыйгарган. Эч нерсе иш кылган эмес, Атамбаевдин гана буйругун аткарып отурган.

“КРнын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине кошкон олуттуу салымы үчүн” деп Болотбек Сүйүмбаевге “генерал-майор” аскердик наамын тапшырган. Бул адам өзүнүн мурдагы жансакчысы болгон. Аны таасирлүү кызматка Финполго да алып барган.

УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевге “Улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине олуттуу салым кошкондугу үчүн» «генерал-майор» аскердик наамын ыйгарган.

«Даңк» ордени менен мурдагы мэр Албек Ибраимов дагы сыйланган. Ал дагы учурда камакта. Ошондой эле «Даңк» ордени менен эң жакын досу, партиялашы, ЖК депутаты Иса Өмүркулов да сыйланган.

«Атамбаевдин политологдору» Бакыт Бакетаев менен Токтогул Какчекеев да «Даңк» медалы менен сыйланган.

 

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.