26 “Кыргыз Эл Баатырынын” ичинде Атамбаев да бар. Ал наам алынабы же калабы?

 26 “Кыргыз Эл Баатырынын” ичинде Атамбаев да бар. Ал наам алынабы же калабы?

“Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку наамы Султан Ибраимов менен Төрөбай Кулатовго (көзү өткөндөн кийин) кечээ, 29-августта ыйгарылганы тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирген. Алардын айтымында, мамлекеттин, элдин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, мекенге берилип кызмат өтөгөндүгү үчүн «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен жогорку наам ыйгарылган. Эң жогорку наам алган айтылуу инсандарыбыздын тагдыры жөнүндө, Кыргызстанга опол тоодой салымы тууралуу учкай айта кетели.

Султан Ибраимовдун табышмактуу өлүмү…

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимов 1927-жылы 20-сентябрда Чүй районунун Алчалуу айылында туулган. Ал эмгек жолун айылдагы кара жумуштан баштаган, колхозчу, тракторчу болуп иштеген. Улам ташы өйдөлөп, кызматка көтөрүлгөн: республиканын cуу чарба министри, партиянын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болгон. СССР Жогорку Советтерине депутат, КПССтин XXIV съездине делегат болуп шайланган. Эки жолу “Ленин”, “Октябрь революциясы”, эки жолу “Эмгек Кызыл Туу” ордени жана медалдар менен сыйланган. 1980-жылдын декабрында, 53 жашында каза болгон. Бирок, өз ажалынан эмес, киши колдуу болгону эл арасында айтылып келет.

Маркумдун артында үч кыз, бир баласы калган. Кыздарынын бири Кыргызстанга белгилүү айым, ал — Элмира Ибраимова. Ал көп жыл АРИС уюмун жетектеген. ЖКнын депутаты, вице-премьер-министр, Эсеп палатасынын жетекчиси болгон. Атасынын табышмактуу өлүмү тууралуу мындай деп эскергени бар: “Менимче, атам атаандашынын курмандыгы болду. Атамдын өлүмүнөн кийин үй-бүлөбүз куугунтукка кабылды. Апсамат Масалиев бийликке келгенче көп кыйынчылыкты көрдүк. Ишенесиздерби, жадагалса квартирадан чыгуубузду талап кылышчу. Бирде иш башкармалыгынан, бирде БКнын башка кызматкерлери келишет. Апам ушундай моралдык басмырлоону кыйла эле көтөрдү, өтө кайраттуу киши эле. Масалиев кандай бийлик башына келди, ошол замат куугунтуктоо токтоду. Кыргызстан Компартиясынын БКга Апсамат Масалиев дайындалгандыгы эсимде. Кайрадан үйүбүзгө бийликтин өкүлү келди. Кечки саат он эле. Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Салават Искаков кирип келгенде, ага апам: “бизди кубалаганга эми сен келдинби?”,- деп ыйлап жиберди. Ал апамды сооротуп, таптакыр башка тапшырма менен келгенин айтты. “Биз сиздин үй-бүлөңүз куугунтукталгандыгын билебиз, мындан ары тынч жашашыңызды айтып коюу үчүн мени жөнөтүштү. Мындан ары сиздерди эч ким куугунтуктабайт”,-деди.

Элмира айымдын бир тууганы Айнура Ибраимова атасынын табышмактуу өлүмү тууралуу эскергени бар. Анын айтымында, 1980-жылдын 4-декабрында Ысык-Көлдүн жээгиндеги мамлекеттик дачада атып кетишкен. Ата-энесин Ысык-Көлгө эс алууга атасынын жанындагы “кам көргөндөр” узатышкан. Эс алуудан жубайы, небереси болуп кайтканда, аларды (Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияга келгенде) бир гана кызматчы келин тосуп чыккан. Башка эч кимиси болгон эмес, жадагалса күзөтчү да жок болуп чыккан. Күзөтчүлөр, жан сакчылар эртеси, Султан Ибраимов айдоочусу менен кошо атып өлтүрүлгөндөн кийин гана келишкен.

Кыргызстанды 40 жыл башкарган Төрөбай Кулатов 

Совет доорунда Кыргызстанды кырк жыл башкарган Төрөбай Кулатовдун 100 жылдыгы 2008-жылы киндик каны тамган Ноокат районундагы Кызыл-Булак айылында белгиленген. Ал 1908-жылы 10-январда кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Жашоо шарты оор болуп, атасынан он жашынан ажырайт. Анан курсагын тойгузуу үчүн ар кайсы байдыкында малай болгон. Кийин Кызыл-Кыядагы эжесинин колуна барып, жашап, иштейт. Темир жолдо куруучу, шахтада жүк ташуучу, көмүр казуучунун жардамчысы болуп эмгектене баштайт. Кызылдай эмгегинин аркасы менен ийгиликке жетишет. «Кызыл-Кыя» кенинин профсоюздар комитетинин төрагасы, Кызыл-Кыя шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болот. Көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарды алат. Үйлөнүп-жайланат. Жубайы Салима менен 45 жыл бирге жашап, эки уул, эки кыздуу болушат. Бардык балдарын жогорку билимдүү кылып, татыктуу тарбия берет. Мыкты ата, Кыргызстандын түптөлүүсүнө чоң салым кошкон мыкты саясатчы 1984-жылы 76 жашында каза болгон. Азыр Төрөбай Кулатовдун ысымын бир нече көчө, айыл-кыштак, окуу жайлар алып жүрөт.

Сайдулла Нышановдун сунушун депутаттар колдоп…

Ушундай татыктуу адамдардын эң жогорку наам алганы менен анын саны 26га жетти.  Буга чейин «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы 24 адамга ыйгарылган. Эң акыркысы экс-президент Алмазбек Атамбаев. Ага 2017-жылдын 27-ноябрында жарлык чыккан. Аны алгач (Атамбаев президент болуп турганда, Текебаев абакта отурганда) “Ата Мекен” фракциясынын ЖКдагы депутаты Сайдулла Нышанов парламентте көтөрүп чыккан. Анын мындай сунушу депутаттарга майдай жагып, орусча айтканда,  с удовольствием колдоп беришкен. Анда Атамбаев бийликте болчу… Ал бийликте турганда, ага кошомат кылып, эмне десе ошонун баарын кабыл алып берген депутаттарга суроо: «Атамбаев азыр абакта, анын бул сыйлыгы өзүндө калабы же алынабы?..»

Карагылачы, тизмеде кандай адамдар бар!?

  1. Чыңгыз Айтматов,
  2. Сабира Күмүшалиева,
  3. Тургунбай Садыков,
  4. Түгөлбай Сыдыкбеков,
  5. Салижан Шарипов,
  6. Турдакун Усубалиев,
  7. Курманбек Арыков,
  8. Акбаралы Кабаев,
  9. Асанкан Жумакматов,
  10. Мамбет Мамакеев,
  11. Апсамат Масалиев,
  12. Сүйүнбай Эралиев,
  13. Сооронбай Жусуев,
  14. Төлөгөн Касымбеков,
  15. Эрнст Акрамов,
  16. Күлүпа Кондучалова,
  17. Дооронбек Садырбаев,
  18. Исхак Раззаков,
  19. Алиясбек Алымкулов,
  20. Бексултан Жакиев,
  21. Миталип Мамытов,
  22. Таштанбек Акматов,
  23. Жусуп Мамай,
  24. Алмазбек Атамбаев

 Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.