Дөөлөтбек Шадыбеков, Дарика Жалгасынова Курсан Асановдун ишин кылдат кароону суранышты…

Дөөлөтбек Шадыбеков, Дарика Жалгасынова Курсан Асановдун ишин кылдат кароону суранышты…

Бүгүн, 30-августта, АКИпрессте СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынова, Кыргыз эл жазуучу Гүлсайра Момунова жана Аксакалдар комитетинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков журналисттерге жыйын өткөрүштү. Алар ИИМдин мурунку орун басары, генерал-майор Курсан Асановго байланыштуу пикирлерин билдиришти.

Кайыргүл САРТБАЕВА: “Курсан Асановдун ишин акыйкат каралышы керек”

«Курсан Асановдун ишин бала кезинен байкап жүрөбүз, көз алдыбызда. Баткендеги коогалаң, Оштогу коогалаң, 2010-жылы башыбыздан өткөн кырсыктарга катышып, элдин биримдигин, тынчтыкты сактап келе жатат. Өлкөдө чындык, акыйкаттык болушу керек», — дейт Кайыргүл Сартбаева.

Дөөлөтбек ШАДЫБЕКОВ: “Курсан Асанов оор акыбалды жеңилдеткен”

“Курсан Асанов эрдик көрсөттү. Ал экс-президент Алмазбек Шаршенович менен суйлөшүп,  оор акыбалды жеңилдетип, эч бир тополоңго жол бербей, жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Эрдик кылгандыгы үчүн кызматынан туура эмес бошотулду. Ошондуктан бул иш Жогорку Кеңеште, Өкмөттө, күч органдарынын катышуусунда тыкыр, кылдат, калыстык менен каралып, акыйкат баа беришине суранат элем”,-дейт аксакал Дөөлөтбек Шадыбеков.

Асанов күзгө чейин үй камагына чыгарылган

Эскерте кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду 13-августта кызматтан алган. Анын кызматынан кетишине ага коюлган айып себеп болгон. Тагырагы, ИИМдин Ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деген чечим чыгарган. К.Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып келет.

Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Асановго козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Анын бөгөт чарасы 27-августта, Биринчи май райондук сотунда каралып, 13-октябрга чейин үй камагына чыгарылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.