Контейнер мектептеги окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт

Контейнер мектептеги окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт

Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүнө таянсак, Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектепте окуп жаткан окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, окуусун ошол жактан улантат. Учурда окуучулар көчүрүлө турган имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн акча каралып, азыр ал жерде оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектепти куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документациясы даяр турат.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Кеңеш айылындагы мектептин эки окуу корпусу бар, анын бирөө авариялык абалда, ал эми экинчисинде балдар окуп жатат. Азыркы тапта Нарын облусу боюнча жалпы 18 объектинин курулуш иши жүрүүдө. Анын ичинде Ат-Башы районунда эки бала бакча, Ак-Талаа районунда – эки мектеп жана бир кошумча курулуш, Жумгал районунда үч мектеп жана бир кошумча курулуш, Кочкор районунда – төрт мектеп, эки кошумча корпус, эки спорт зал, Нарын районунда спорт залдын курулушу жүрүүдө.

Кеңеш айылында окуучулардын бир бөлүгү салмагы 20 тонналык беш контейнерде билим алып жатышат. «Мобилдүү мектептерде» окуу ыңгайсыз болуп жатканы айтылып, бул коомчулуктун катуу сынына кабылган. Ушул окуядан кийин, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган.

ШАКАБА: Мыкыга уруксатпы?

Контейнер мектеп коомчулукка жакпай, бийлик  социалдык тармакта катуу сынга кабылган. Атүгүл ага шакаба тасма да тартылган. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрө аласыздар!

“Кеңештиктер контейнер мектепке бийликке нааразы эмес, ыраазы экен”

Деп ЖК депутаты Алтынбек Жунус уулу айткан. Анын айткандарын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.