Судьялар ант беришти. Алар келечекте антын аткарышаар бекен?

Судьялар ант беришти. Алар келечекте антын аткарышаар бекен?

Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку сотто президент Сооронбай Жээнбековдун  Жарлыгы менен дайындалган судьялар ант беришти. Жогорку сотунун  төрайымынын орун басары К. Бокоев жаңы дайындалган  судьяларды  куттуктап, берген антка  бек турууга  чакырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, президенттин  2019-жылдын  6-ноябрдагы   ПЖ № 150  Жарлыгы менен  судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн  Нарын облустук сотуна Арзыкулова Гүлсүн Абдыевна, Талас облустук сотуна Ибраимов Бакыт Молдозакович, Кенжеев Марсель Майрамбекович, Чүй облусунун Кемин  райондук сотуна Сатарбек уулу Мирбек, Ош облусунун Алай райондук сотуна Кожомкулов Алайбек Рамазанович, Ош облусунун Араван райондук  сотуна Бакалбаев Тилек Калмаматович, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотуна Базарбаев Канатбек Туратбекович, Ош  облусунун Ноокат райондук сотуна Абдираев Азамат Парпиевич, Ош облусунун Чоң-Алай райондук  сотуна Раимкулов Эрмек Раимкулович жиберилди.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.