Олжас Сулеймановдун келбей калганына байланыштуу Аскар Салымбеков күйөрмандардан кечирим сурады

Олжас Сулеймановдун келбей калганына байланыштуу Аскар Салымбеков күйөрмандардан кечирим сурады

“Эмгек” саясий партиясынын лидери Аскар Салымбеков эртеңкиге (13-ноябрда) Бишкектеги улуттук китепканага элди чакырган. Себеби, ал жерде атактуу казак акыны Олжас Сулейманов келип, «Сөз коду» (“Код слова”) аттуу кыргызчаланган китебинин бет ачаарына катышмак. Ал ден соолугуна байланыштуу Кыргызстанга келбей калыптыр. Ошон үчүн Аскар Салымбеков «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу чакырылган коноктордон жана күйөрмандардан кечирим сурап, Олжас Сулеймановдун эртерээк сакайып кетишин тиледи.

Дипломат Олжас Сулейманов 83 жашта. Ал 1936-жылы 18-майда Казакстан мамлекетинин Алма-Ата шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Орус тилинде жазат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.