Видео – Массалык мушташ мектеп директорун орун басары менен ордунан шыпырып түштү

Видео – Массалык мушташ мектеп директорун орун басары менен ордунан шыпырып түштү

Түндө, 20-ноябрда, Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылындагы Жоробек Мамытбеков атындагы № 10 мектептин окуучу кыздары массалык мушташканын жазган элек.

Эртең менен Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, ал окуя Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылындагы Мамытбеков атындагы мектептеги 10-11-класстагы кыздар 18-ноябрда, саат 17:30дар чамасында мушташканын аныкталып, бул факт “Бейбаштык” боюнча каттоого алынганын билдирген.

Түштөн кийин аталган мектепте мушташкан кыздардын ата-энеси менен чоң жыйын болуп, ага акимдин 1-орун басары Т.Эмилбек уулу, социалдык маселелер боюнча орун басары Д.Абдылдаева, билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Зыябекова, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ш.Тангиров, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Осмонова катышкан. Аларга мектептин директору Бурулай Мураталиева учкай маалымат берип, окуучу кыздардын ортосунда пикир келишпестик болуп мушташ чыкканын, кыздардын эч кимиси оор жаракат албаганын айткан. Жыйындын жыйынтыгында, мектептин директору, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары ээлеген кызматынан бошотулган.

Сөгүнүп, мушташкан окуучу кыздарды төмөндөгү ВИДЕОдон көрсөңүз болот:

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.