Садыр Шердин тамашасыбы же чыныбы, ким билсин, «Азаттыкка» кайсы жаңылыкты жазыш керектигин айтыптыр…

Садыр Шердин тамашасыбы же чыныбы, ким билсин, «Азаттыкка» кайсы жаңылыкты жазыш керектигин айтыптыр…

“Азаттык” «Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо» аттуу журналисттик иликтөөсүндө көмүскөдөгү коррупциянын бетин ачып, Кыргызстандан 700 миллион доллар кантип, ким аркылуу чыгып кеткени боюнча сөз болот. Ошол боюнча депутат Садык Шер ойноп жаздыбы же ойлонуп эле жаздыбы, же тамаша кылып жатабы, ким билсин, айтор, “Азаттыкка” кайсы жаңылыкты жазуу керектигин тизмелеп берди. Ал өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды. Аны эч өзгөртүүсүз, кандай жазса ошондой беребиз.

Ай, “Азаттык”, силер эмне эле ушул 700 млн долларга жабышып жатып калдыңар ыя!? Силерге эмне жаза турган башка жаңылыгыңар жокпу? Башка айтайын дегениңер түгөнүп калдыбы? Мисалы, мына жазгыла да башкасын.

Ата Мекендик согушту жазсаңар болбойбу, түгөткүрлөр! Анда да канча кыргыз кырылды да! Ыя!

Ой бу Үркүндө кандай кыйналдык туурабы?!

Атаңгөрү, Кыргыз Каганаты учурунда Барс Бектин тагдырын эстесем көзүмө али жаш айланат.

Аба ырайы сууктап келетат. Канча кыргыз кыйналат!

Мына, кечээ эки мас машинасы менен сүзүшүп кеткен экен, териштирип көрсө экөө тең бир тойдон чыгыптыр.

Дагы бир айылдык кеңештин депутатынын көчүгүн кошуна ит тиштеп алганы канчалык сонун жаңылык болуп берди. Жыргап окудук баарыбыз. Үйрөнбөйсүңөрбү жаңылык жазганды! Силер болсо: 700 млн, 700 млн”,- деп. Чепуха 700 млн! Аман болсок, андан дагы 7ни сугунабыз! Кеп бекен! Мындай чака тыйын менен башыбызды ооруттуңар да, оңбогурлар. Башка нерсени жазгыла, тема көп!”,-деп бүтүргөн сөзүн депутат Садык Шер.

Чынында, депутаттын бу жазганын тамаша катары кабыл алдык. Өзү айылдык депутат жөнүндө жазган жаңылыкты жыргап окуса, биз да ошондой жыргап окуп, күлдүк.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.